Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Курулуштун жана бурулуштун жылы болсун!


"Азаттыктын" жамааты жамы кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктайт!

Келаткан,

ЧЫЧКАН жылыбыз,

Жокчулуктун эмес,

Токчулуктун жылы болсун!

Каатчылыктын эмес,

Жакшылыктын жылы болсун!

Уруш-жаңжалдын жылы эмес,

Ырыс-Таалайдын жылы болсун!

Күйүттүн эмес,

Үмүттүн жылы болсун!

Курулуштун жана Бурулуштун жылы болсун!

Кудай деген элденбиз,

Кут-дөөлөттүү жерденбиз.

Биз басчу жолдор жайык болсун,

Биз кеччү суулар тайыз болсун,

Биз барчу үйлөр жарык болсун,

Биз ашчу тоолор жапыз болсун!

Кийимиңерге кир жукпасын,

Кирпигиңерге чаң жукпасын!

Белесте атыңар үркпөсүн,

Бешикте балаңар коркпосун!

Эне жыттуу ЭНЕ ЖЕР,

Эмчегине сүт толсун!

Ата жыттуу АТА ЖЕР,

Айдыңына эл толсун!

Чегибиз бекем болсун,

Элибиз, Жерибиз бекем болсун!

Оомийин!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG