Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 14:48

Биз тарыхты казбай эле чукулай беребиз


Жеңишбек Эдигеев.

Башканы кой, кыргыз менен кыргыздын ортосунда баалуулуктар боюнча түшүнүп, тастыктап, чечишип, бекишип алчу маселелер, жагдайлар көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Бул канчалык жаман же канчалык жакшы!?

Эгер кыргыз зор идеологиясын тапкан болсо, аны жайылтуунун куралы эмне болот? Адабиятпы, китеппи, өнөр таасириби же кино мененби, ал эми алардын күчү азыр канчалык? Же карманган элитанын кеби мененби, кыргыз дайым эп көргөн курултайларбы? Айыл кыдырган артисттерибиздин, агартуучуларыбыздын көчмө топторубу?

Бизде барбы ошол? Алар XXI кылымдын адамдарын оңой-олтоң өзүнө тарта алабы, ишендиреби? Имерип, жүрөгүн толкутуп жакшыга азгыра алабы? Анан калса бүгүнкү замандын адамдарын оңой алдай албайсың. Анткени биз ааламдык чексиз маалыматтан ооз тийип алып өз табитибизди, жолубузду таппай аткан адашып жаткан мезгилибиз.

Саясатты билсек-билбесек да кайсы бир "система" дейбиз, башкаруунун жолдорун айтабыз, ал ураандар менен митингге чыгабыз. Мамлекет түзүлүшүн түшүнүп-түшүнбөсөк да аны жолдогон топторго кошулуп, бөлүнөбүз.

Демек биз дайыма кайсы бирөөлөрдүн жетегиндебиз. Коомубуз: мамлекет башылар, интеллигенция, агартуучу ак сөөктөр, мугалим, дарыгерлер, жумушчу, дыйкандар коомдо ар бири өз ордун таап, ар ким өз ордунда бышып, жетиле элек. Ордун таба элек. Бизде алар баары аралашып турат.

Чен-деңгээлге көз жумдук. Ошондуктан кечээки базарчы эртең депутат, кечээки акчалуу эртең министр, кечээки кылмышкер эртең жол баштагыч... Биз ааламдык маалымат агымында калкып турабыз, ошондуктан улуттук баалуулуктарда, улуттук өзгөчөлүктө, кулк-мүнөз, салтыбызда шамалга улам күбүлүп атып соройгон бутак калчудай же таптакыр жоголуп бүтчүдөй жагдайлар көп.

Башканы кой, кыргыз менен кыргыздын ортосунда аталган баалуулуктар боюнча түшүнүп, тастыктап, чечишип, бекишип алчу маселелер, жагдайлар көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Бул канчалык жаман же канчалык жакшы!? Биз каныбызга туура келип, жүрөгүбүзгө жаккан, ичибизде ынанган жалпы жолду кантип издешибиз керек? Туура жол кайда?

Аз кыргыз көп кырдуу диндин кучагындабыз. Кыргызды "түндүк-түштүк" эмес, дал ушул дин түшүнүгү душман кылып бөлгөнү өңүп туру... Дин түшүнүгү бизге жалгыз эле жүрөгүбүзгө тынчтык алып келбей, ал тарыхтан, башаттан оргуп келип бизди бириктириши да керек эле... Өзүбүздү жети ата менен бекемделген, миң катмар санжыралуу улуу журт атаганыбыз менен бир кылым мурдагы айтылуу баатыр-бектерибиздин изин таппай адаштырып отурабыз.

Анткени биз тарыхты билек түрүп казбайбыз, сөөмөй менен чукулай беребиз. Көзгө басаар бирин-экин тарыхчы агаларыбыздан бүт тарыхты талап кылуу - бул биздин алсыздыгыбыз. Уютку жок бечаралыгыбыз. “Бекер кеткен” жетимиш жылдык тоталитардык кезеңдин пардасын качанкыга чейин шылтоолошубуз керек?

Бизде ырааттуу өнүгүү жок. Өлкөнүн ар тармагы ар бурчта бузулуп жаткан техникадай чачылып жатат. Ал бизге өткөн замандын техника сакталган автогараждарын эске салат. Бүт тетик туура табылып, бир убакта ишке кирмейин ал гараждан машине оңолуп чыкпайт. Ошол сымал өлкөнүн башкы тармактары алдыны көздөй бир мезгилде, бирге алгалашы керек. Бир тармак он жыл алдыга озуп, бир жагыбыз он жыл артта калуу менен бүтүн боло албайбыз.

Өлкөбүзгө юристтер батпайт, бирок мыкты адабиятты ким түптөйт? Ооба, экономикага күч үрөйлү, бирок элибиз китеп окуп, театрга барбаса кандай болот? Ооба, окуу жайларына карк бололу, бирок аларга так жана бай тарыхты кимдер, кантип окутат? Ооба, Бишкегибиз гүлдөсүн, бирок чок ортодогу Илимдердин академиясын ким гүлдөтөт?

Ооба, биз Москва боло албайбыз. Андагыдай математиктердин, физиктердин, асман-жер изилдегичтердин, деги койчу, ар бир тармактын “шаарчаларын” кура албайбыз. Бирок, маселен, жана кеп кылган колу кыска тарыхчыларга шарт түзүп жалгыз бир үй ачыш колдон келмек. Ошондо бийлиги да, эл да тарых жайын бир кишиден эмес, бир чатыр алдында күпүлдөп иштеген күчтүү топтон сурайт элек.

Ушул сыяктуу бардык тармактын таянган көмөкчү, оң колун түзүп алсак биз "жука" деген элитага кан кирет эле. Ал калыңдайт эле. Бул мамлекеттин илимге, тарыхка, маданиятка болгон өзгөчө көмөгү болмок. Жазмакер катары мамлекетибиз расмий түзүмдөрүнөн сырткары ушундай “көмөкчү чарбаларын” түзүп алышын элестетип келем. Анткени мындай иш жалгыз мамлекеттен эмес, мекенчилдиктен улам да келип чыгышы толук мүмкүн.

Дегеле мамлекеттик машинанын күчү эмнеде? Ал болгону “Өлкөдө кырдаал дайым көзөмөлдө...!” дегенден тажабаган күч органдарындабы? Жок, мамлекеттин күчү өлкөнүн экономикалык ресурсунан бөлөк, үч бийликтүү укуругунан бөлөк анын чыгармачылык ийкемдүүлүгүндө, көрөгөч көсөмдүгүндө жана анын чечкиндүүлүгүндө да жатат.

"Сингапур керемети" үчүн, балким, Ли Куан Йунун акылы керек болгон болсо, Кыргызстан үчүн кылычтай шок чечкиндүүлүк гана жетпей атып жүрбөсүн!? Өзүбүз көкүрөк көтөргөндөй таланттуу элге, жөндөмдүү элге шар эткизип керектүү эшикти, туура эшикти ачып бериш гана кээде жетиштүү болот.

Кыргыздар табиятыбыздан эл сөзүндө, тарыхта калганды сүйгөн элбиз. Эмесе күн санап жаңылыгы артып аткан XXI кылымда толук ишке жарай турган кезең тургандыр. Азыркы президентибизде ошондой мүмкүнчүлүктүн зору турат. Анткени ал “Бир келген өмүрдө” мурдагылардын бир катасын кайталап баспайм деп жапчу эшикти жаап аччу эшикти ачуу менен ага мүлдө кыргызга жаңы тарыхты баштап берүү бактысы тургандыр...

Тарыхта калуу демекчи, "ал үчүн 10 жыл эмес, 5 жыл эмес, 1 жыл да жетиштүү" деп Швейцариянын жылда алмашкан ажолору безилдеп иштеп жүрүшөт. Айтор, чыдамдуу кыргыз - мезгилди колдон учурбай жакшыны жараткыч да бололу.

Жеңишбек Эдигеев

(Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG