Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Биздин досубуз Ито сан


Ито Хиронори үй-бүлөсү менен.
Ито Хиронори үй-бүлөсү менен.

Жапон-кыргыз мамилелеринин калыптанышына орчундуу таасир тийгизген Ито Хиронори тууралуу баян.

Эгер эл аралык достук мамилелер чындап эле бар болсо, анда ал мамлекеттердин ортосундагы карым-катнаштык статистикалык кургак сандарда эмес, ар элдин алдыңкы өкүлдөрүнүн чыныгы иш-аракетинде, үлгүлүү жүрүш-турушунда деп ойлойм. Кыргыз-жапон өз ара мамилесиндеги ошондой инсандардын бири - Ито Хиронори. Ал кыргыз-жапон мамилелеринин калыптанышына орчундуу таасир тийгизген адам.

Албетте, мамлекет аралык мамилелер атайын кабыл алынган эл аралык мыйзам-актылардын чегинде жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттердин бири бирине кылган мамилесинде экономикалык, геосаясий ж.б. факторлор үстөмдүк кылууда. Бирок, акыркы 30-жылга чамалап бара жаткан мезгилде Кыргыз Республикасы менен алакалаш өлкөлөр арасында да Жапон мамлекети өзүнүн чындап жардам кылууга болгон умтулуусу, иш жүзүндө жасаган аракеттери менен айырмаланып турат. Кыргыз жеринде жолдорду, аэропортторду, ооруканаларды ремонт кылууга, салууга, айыл жергесинде иш менен камсыз кылуу сыяктуу тармактарга Жапон мамлекетинин каражаты үзгүлтүксүз берилип жатат.

Кыргызстандагы жаратылыш, экономикалык ресурстарын соруп чыгарууга, элин руханий жана физикалык жактан эксплуатация кылууга багыт алган неколониялык механизмдерди колдонуп жаткан кээ бир мамлекеттерден Жапон мамлекетинин мындай тышкы саясаты абдан айырмаланып турат жана келечекте сөзсүз өз жемишин бериши керек.

Мындай тышкы саясатка адамдык жүз берип, билим берүү тармагындагы кызматташтыкка өз салымын кошкон инсан Ито сан кыргыз жеринде жашоого жарым кылымдык өмүрүн арнады. Анын эң алгачкы жапон тилинен сабак берген окутуучу болгонун, кыргыз жапон таануусуна негиз салган инсан экендиги эл-аралык илимий-тажрыйбалык конференцияларда бир ооздон белгиленип келет. Ито агайдын көп жылдык эмгеги эки мамлекеттин ортосундагы байланыштын бекемделиши, жаш кадрларды даярдоо, жапон таануучуларды окутууга байланыштуу.

Ито агайды жакын же сыртынан билгендердин баары ага урмат-сый менен мамиле кылышат. Мындай мамиленин болушуна анын элине болгон кыргыз коомчулугундагы оң көз карашы менен катар Ито сандын кылган эмгеги, аракети, адамгерчилик сапаты, акылы, маданияты себепкер.

Анын өмүр жолунун көпчүлүк бөлүгү кыргыз эли, жери менен байланышты жана эки элдин ортосундагы туугандык, маданый, илимий жана айрыкча билим берүү тармагындагы байланыштарды бекемдөөгө арналган. Кыргыз жаштарынын Жапониядан тажырыйба, билим алышына, окуу жайлардын кызматташуусуна өз салымын кошту.

Ито сан Кыргыз арасындагы эн тааанымал жапон адамы десек жанылышпайбыз. Ито агайга Жапонияга, жапон элине кызыккан кыргыздардын көпчүлүгү кайрылышат. Анын алардын ар бирине мүмкүн болушунча сыпайы, урмат менен маданияттуу мамиле кылганын байкоого болот. Кыргыз-жапон мамилесинин чындалышына өбөлгө түзгөн татыктуу инсан - Ито Хиронори – атактуу жапон философу жана мамлекеттик ишмери, Чыңгыз Айтматовдун жакын досу Дайсаку Икеданын окуучусу.

Мен аны жакын билген көптөгөн адамдардын – окутуучулардын, кесиптештердин, окуучуларынын, жакын адамдардын ал тууралуу ой-пикирлери менен таанышып чыктым. Анын кандай адам, кандай ата, үй-бүлө ээси, тууган, кандай кесиптеш, педагог экендигин сүрөттөгөн мындай пикирлерди топтоп китепче кылып чыгардык (1). Анда айтылган ойлор-пикирлер, калоо-тилектер Ито санга гана мүнөздөмө бербестен, ошону менен бирге эле азыркы кыргыз-жапон карым-катнаштардын кандай калыптанып жатканын Ито сандын мисалында көрүүгө, баалоого мүмкүндүк берет деген ойдобуз. Мындай пикирлерди терең анализге алып изилдесе илимий мааниге да ээ. Жалпылап айтканда, кыргыз арасында абдан жылуу пикирлер, калоо-тилектер, ойлорду жараткан Ито Хиронори агайдай адамдар келечекте да жапон жана кыргыз элдеринин мамилесинин туугандыкта, достукта уланышына өбөлгө болот деген ишеним бар.

Азыр мекенине кайтып бара жаткан досубуз Ито сэнсэйге ак жол каалап, анын кыргыз жерине кайрылып келишин күтөбүз!

Анын үлгүлүү үй-бүлөсү, адептүү уулдары жана жапон элинин ага окшогон татыктуу өкүлдөрү келечекте да кыргыз элинин жапон эли менен байланышынын бекемделишине, биздин элдердин өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошот деп терең ишенем.

1. Ито Хиронори тууралуу кол жазмалар. - Бишкек : Фаст Принт, 2017.

Эмиль Каниметов, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илим боюнча проректору

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG