Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Кыйынчылыкты чыдам менен жеңген муун


Бишкек
Бишкек

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө сынакка келген Уулкан Бактыбек кызынын блогун сунуштайбыз.

Кайда баратасыӊ,- деди Айгүл эшикке чыгып бара жаткан күйөөсү Назарга.

Назар бир чети суроолуу, бир чети күнөөлүү кишидей карады. Ал жооп бере электе эле Айгүл барбай эле кой, үч жума болду бир нерсе таап келдиӊби , - деди. Барсамбы же барбасамбы деп арсар болуп жатып, калып калды күйөөсү.

Кийинчерээк Назар ошол күнү барбай эле койгону жакшы болгонун билди. Көчөдө акча табыштын айласын таппай солоктоп, беш-алты бала чогуу жүрчү. Жумуш жок, мамлекет өзү эмне кыларын, кайсы жолду тандарын билбей турган учур. Эмне кылат, үйүндө тестиер балдары, аялы күтүп отурат, атасынын колун карайт, бир нерсе алып келди бекен деген үмүт менен. Көрсө, ошол күнү Назар менен чогуу жүргөн балдар кайсы бир жерге уурулукка кирип, кармалып калып, кесилип кеткенин ал кийин укту. Балким ошол күнү Айгүл токтотуп калбаганда, ал дагы аларга азгырылып, бул ишке кириптер болуп калмак. Кудай чоӊ сактаптыр ошол күнү деп эскерет ал ошол күндөрдү.

Ооба ошол 90-жылдарда Кыргызстан эле эмес, бүт он беш мамлекет өз алапайын таппай турган. Үйлөнгөндөрүнө аз эле убакыт болуп, эки балалуу болууга жетишкен бул үй-бүлөнүн да башына баарынын башына келген кыйынчылыктар түштү. Союз ураганга чейин Назар куруучу болуп иштечү. Мына баары таркап кетти. Бул жумушу да болбой калды. Эмне кылам кантип үй-бүлөнү багам,- деп Назар башын катырса, «Келечегибиз кандай болот?»,- деп Айгүл санаасы санга, ою онго бөлүнөт. Дагы жакшы Айгүлдүн ата-энесинин жардамы менен кичинекей болсо да үй салып, кирип алышкан.

Калмактар каргаса, «Өткөөл мезгилде жашап кал», - деп каргашат деген кеп бар. Так ошол 90-жылдары өткөөл мезгил, өткөөл доор кирип келди.

Эркектин үй-бүлөсүн бага албай, өзүн кем сезгенден өткөн кордук жок болсо керек. Аялы Айгүл деле түшүнүп турат, бул алардын эле эмес, баарынын башына түшкөн кыйынчылык экенин. Келечегин ойлоп, ичинен үшкүрүнөт экөө теӊ.

«Кой минтип жашоого болбойт», - деп экөө теӊ соода кылуу чечимине келишти. Кичинекей камокту арендага берет экен деп угушуп, бир кишиден аны алып иштете башташты. Оо анда, оош-кыйыш ошол заманда формачандардын доору сүргөн да. Кээ бир формачандар уурулук кылгандар, каракчылык кылгандар менен биригип алышып, арам оокат кылышчу. Каалаган учурда келип текшеришет, соода кылгандар болсо, алардын келе жатканын көрсө, жаба калып качышат. Кеткенден кийин кайра иштей бермей. Бирин-бирине улап, жоктон бар кылып кашыктап чогултуп, оокат кылышты. Азыр болсо ошол кезди, ошол оор учурду күлүп эстеп калышат. Жөн гана чыдап коюш керек экен. Биргеликте баарын жеӊсе болот дешет азыр алар.

Уулкан Бактыбек кызы

XS
SM
MD
LG