Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Германияда жаңырган кыргыз күүсү


Германиянын Вальдорф шаарында иштеген кыргыз жаштарынын блогун сунуштайбыз.

Германия, Вальдорф. Европанын эң чоң IT компаниясынын кеңсеси. Чоң залда "Дүйнө өлкөлөрүнүн маданияты" аттуу маараке өтүп жатты.

Мааракеде кыргыз уюмунун тактасын байыркы ата-бабалардын көчмөн жашоосунан Кыргызстандын бүгүнкү күнгө чейинки сапарын камтыган сүрөттөр кооздоп турду.

Бабабыз Манас, Курманжан Датка энебиз баштаган улут каймактарынын элеси менен бүгүнкү кыргыз турмушун чагылдырган маалыматтар ар кыл сүрөттөр, видеолор аркылуу чагылдырылып жатты. Uni-Yurt деген боз үйдүн кичинекей макетине кызыккандар да арбын болду.

Татынакай улуттук кийимдерди кийинген Европадагы жердештерибиз чет элдик кесиптешибизге илбериңки мамиле кылып, кыргыздын меймандостугун көрсөтүп турушту.

Жаңы бышкан боорсок, демделген палоо, оозго салары менен эрип кеткен ширин чак-чак, Кыргызстандан алынып келинген өрүк-мейиз, жаңгактар дасторкон ажарын ачып турду. Ага кызыгып, кыргыз даамынан ооз тиели деген киши көп болду.

Аңгыча сахнада айтылуу Атай Огомбаевдин "Маш ботойу" жаңырды. Сахнада Үмүт Муратбековa комузда кол ойнотуп жатканда артында Кыргызстандын кооз жерин даңазалaган видео көргөзүлүп жатты.

Керемет күү ыргактары жүрөктү тыбырчылатып, таланттуy жердешибиздин комуз черткендеги ар бир кыймылы көпчүлүктү арбап турду.

Керемет күүгө удаалаш дагы бир таланттуу кызыбыз Гүлбарчын Акбекова англисче ырга обон созду, артында ак карлуу тоолордун, жашыл жайлоонун, керемет Ысык-Көлдүн элестери тартылган видео көргөзүлүп жатты. Кесиптештерибиз ырды коштой көргөзүлүп жаткан кыргыз жеринин табиятына, анын сулуулугуна суктана карап отурушту.

Таланттуу бийчи кыздар Анара Кадырбекова жана Мээрим Мустафаева кыргыз бийин бийлеп жатышты. Жаш талант Гүлбарчын жандуу үн менен белгилүү “Кыргыз бийи” ырын шаңдуу аткарып, коштоп турду.

Аңгыча сахнага балбан куурчактар чыкты. Аларды Шеркул Дербишов аттуy азамат жигитибиз "Саринжи Бөкөй" күүсүнө күрөштүрүп, кечени шаңга бөлөдү. Ал эми экранда Көчмөндөр оюндарын даңазалаган ролик ойноп жатты. Бери жакта карап турган бизге кудум Ала-Тоонун этегинде эки балбан күрөшүп жаткансыды. Баракелде!

Бул дүйнө элдеринин маданияттары мааракеси Европадагы эң алдыңкы IT Компаниясы SAPде 10 жыл катары менен майрамдалып келет.

SAP SE – мындан 45 жыл мурун Германияда түптөлгөн, Европадагы Бизнес Software продуктуларын (программаларын) жана сервистерин сунуш кылган Европадагы эң ири IT компания болуп эсептелет. Forbes журналынын 2016-жылкы дүйнөлүк акционердик IT компанияларды “Forbes Global 2000” изилдөөсүндө, "Software жана Программалoo" багыттaры боюнча, SAP SE сатылган продукциянын көлөмү, кирешеси, рыноктогу (дүйнөлүк базардагы) нaркы жана активдеринин көлөмү боюнча Microsoft жана Oracle Software компанияларынан кийин 3-орунду ээлеген.

(https://www.forbes.com/global2000/list/#industry:Software%20%26%20Programming).

Аталган ири концернде дүйнөнүн 130дан ашуун өлкөсүнөн келген 85 миңге чукул адам эмгектенет. Германиянын Вальдорфтогу башкы кеңсесинде иштеген ар улуттун өкүлдөрүнө өз өлкөсүнүн табиятын, кооз жерлерин, маданияты жана каада-салтынын өзгөчөлүгү, салттуу музыкасы, дүйүм тамак-ашы менен тааныштырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Kөптөгөн дүйнө улуттарынын катарынан орун алып, бул маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын атынан "Kyrgyz Community@SAP" уюму да чоң салым кошуп келебиз.

Буга кошумча, кадимки кыргыз дасторконyн жайып, нанүштө уюштуруп, кесиптeштерибизди жөн гана чай ичип кетүүгө чакырып калабыз.

Андан сырткары "Китеп сүйүүчүлөр" клубунда кыргыз элинин классикалык мыкты чыгармалары менен тааныштырып, интернационалдык фильм кечесинде мекенибиздин мыкты режиссёрлорунун тасмаларын тартуулоо алдыдагы пландалган иш-чаралардын бири.

Кыргыз уюмунун бул жердеги башкы максаты - эл достугун чыңдоо жана жаштардын маалыматтык технологиялар тармагында билим алуусуна чоң мотивация берүү.

Айрыкча билимге суусап, чет өлкөдө окууну максат кылган жаштарыбызды көргөндө абдан сыймыктанабыз жана колубуздан келишинче багыт көрсөтүү менен бирге, кызыккандарга кеп-кеңешибизди аябай берип келебиз. Анткени биз, уюмдун мүчөлөрү, чет өлкөгө чыгууга кандай катуу даярдык көргөнүбүздү, башыбыздан өткөн татаал сыноолорду азыр гана жылмаюу менен эстеп калабыз. Чындап келгенде ар бирибиздин алдыга койгон максатыбыз бирдей эле. Ал татыктуу билим алуу!

Ошол бийик максатка жетүүгө баарыбыздын жолубуз бирдей: түгөнбөгөн мээнет менен чет тилдерин өздөштүрүп, китепканаларда "жашап", компьютердик лаборатория класстарда түн бир оокумга чейин сабак окуп, жаздык ордуна китеп кучактап окуганыбыз окшош эле. Алыста бизге сүрөөнчү болгон ата-энебизге берчү жообубуз да бирдей эле "Ата, апа сарсанаа болбоңуз, менде баары жакшы, буюрса сиздеp сыймыктанган адам болом!".

Ар бирибиз күнүнө билимге умтулган көптөгөн жаштардан "Кантип чет өлкөдө окуса болот?", " Кантип IT тармакка ишке орношyy мүмкүн?" деген суроолорго жооп бергенге үлгүрбөй келебиз. Бизди келе жаткан муундун активдүүлүгү абдан суктандырат. Кечени уюштурууга көмөк көрсөткөн жаштарга шыкак берип, чоң концерндеги чогуу эмгектенген кесиптеш программисттер, экономисттер менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жакында катарыбыз дагы жаңы таланттар менен толукталат деп турабыз. Жигердүү, бийик максаттарды алдыга койгон, билимдүү жаштар көбөйө берсе экен!

Иш-чаранын видеосу

Айзада Акбекова, SAP SE компанияcынын программисти, Германиянын Карлсруэ университетинин жана Ирландиянын Уотерфорд технологиялык институтунун информатика жана экономика факультеттеринин алдыңкы бүтүрүүчүсү;

Зарина Солтобаева, SAP SE компанияcынын программисти, Бишкектеги КГУСТА университетин артыкчылык менен аяктап, Германиянын Карл жана Рупрехт атындагы Гейдельберг университетинин Компьютердик лингвистикa факультeтин ийгиликтүү аяктаган.

Алмазбек Арапов, Түркиядагы Гази университетиндe, AKШдагы Хьюстон колледжинде, Германиядагы Буцериус жана Отто Байсхайм жогорку академияларында, Эл аралык экономикa жана юриспруденция багыттары боюнча мыкты билим алып, SAP SE компанияcында тажрыйба топтогон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG