Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Баалуулуктар кийим менен өлчөнбөйт


Жоолукчан кыз-келиндер велосипед тебүүдө. Бишкек, 5-ноябрь, 2013-жыл
Жоолукчан кыз-келиндер велосипед тебүүдө. Бишкек, 5-ноябрь, 2013-жыл

Заман өзгөргөн сайын коомдун түйшүгү да ошого жараша өзгөрөт экен. Учурда коомчулугубузда кызуу талкууну жараткан хижап маселесине көз карашымды бөлүшүп кетким келди.

Мындай маслени көтөрүп чыгуунун кандай зарылчылыгы бар эле? Эмне себептен бул суроо коюлуп атат? Ушуга жооп издемекчимин.

Негизи бул тема эртеби-кечпи баары бир козголмокчу. Бирок жыйынтыгы акыр түбү эмне менен бүтөт, мени ойлондурган ошол болуп атат. Анткени социалдык баракчаларда «азыркы коррупциядан да коркунучтуу нерсе бул хижап», «хижапчандар коомдук жайларга кирбесин» сыяктуу пикирлер айтылып кетти. Анан элге таанымал-таанымал эмес журналисттерибиз да бул маселеде позицияларын айта баштады.

Бирок баарыбыз «өзүбүзгө гана окшош, же бизге окшоп ой жүгүрткөн, пикирдеш болгон» инсанды гана коомубузга кошкубуз келет. Же болбосо жаран катары көрөт экенбиз. Бизге окшобогон, пикирдеш болбогон кишинин жеке эркиндиги, тандоо укугу бар экенин унутуп, таптакыр таңуулоого өтүп алат экенбиз. Менин оюмча, эң чоң коркунуч ушул болсо керек. Кыргызстаныбыз эгемендигин алгандан бери, ар кимдин укугун талашып жургөн, бул тема боюнча Батышка ыктаган укук коргоочуларыбыздын пикирлерин да уккум келди. Бирок эч ким эч нерсе айтпады, айталбайт деле болушу керек. Анткени Батыш демократиясынын биздеги жактоочулары, демократиянын түпкү маанисин толугу менен түшүнбөйт деген ойдо калтырды. Укуктук, мыйзамдуулук деген негизги принципке таянган Батыш демократиясы, укук коргоочуларыбызды, журналисттерибизди, кыйын абалга такап коебу деген ойдо калдым. Батышта мыйзам баарына бирдей тиешелүү. Бизде болсо адатта мыйзам, кишинин туулган жерине, социалдык статусуна көрө алмаша берет эмеспи. Эми буга, диний көз карашты да кошсок толук кандуу болгудай.

Улуттук баалуулуктарыбыз

Хижапка каршы айтылган эң негизги пикир - «улуттук баалуулуктарга ээ чыгуу» максатында коюлуп атат. Биринчиден, "улуттук баалуулуктарыбыз кайсылар?" деген суроо койсок, ким эмне деп жооп берер эле. Же «кыргызча кийинүү», бул кайсы баалуулуктарга кирет? Эмне үчүн хижапчандар улуттук кийим кийиниши керек? Бул эки жүздүүлүк эмеспи? “Кийинүүгө” зордоп аткандар өздөрү эмне кийип жүрдү экен? Хижап улуттук баалуулукту жок кылып атса, мини этектерибиз улуттук баалуулукту өстүрүп атабы? Кыскасы суроолор бүтпөйт...

Биз коом катары улуттук маданиятыбыздан, улуттук баалуулуктарыбыздан толук пайдаланууну өздөштүрө албадык. Тышкы көрүнүштү гана баалуулук катары санап, калпак же кыргызча оймолору болгон кийимди кийип алсак эле, нукура кыргыз экенибизди далилдеген болуп, коомдун алдыда таза көрүнүп калабызбы? Анан муну кийбей башкача кийинип алгандарды да "баалуулуктун баркын түшүрүп атат" деп атабыз. Баалуулукту өлчөй турган норма тышкы көрүнүшпү? Бул канчалык туура нерсе? Коомдун интеллектуалдык өнүгүүсү билим менен ченелгендей, баалуулуктарыбыздын жогорулашы да кийим менен эмес, руханий байлыгыбыздын өсүшү менен болот. Ак калпакты кийип алса эле коом тазаланбайт, калпактын ичиндеги баш, же мээни таза кармоо, өстүрүү керек эмеспи? Ошондой эле сакал өстүрүп алсак эле руханий тазалыкка жетип калбайбыз да. Хижап болсо руханияттын нормасы эмес. Түздөн-түз буйруктун нормасы.

Мисалы, балдарыбызды кичинесинен бирөөнүн акысын жедирбей үйрөтсөк. Кийинки муундун ичинде коррупция ошондо азаят. Чыныгы мааниде баалуулуктарыбызга ээ чыксак, балким жок болуп кетүү коркунучунунан кутулабыз. Болбосо коом руханий оруу менен ооруп турганда, Чубак ажы айтмакчы "ак калпакты кайсы арыбызга кийебиз".

Ааламдагы баалуулуктар

Күнүбүздө аалам тарып, убакыт ылдам өтүп, тээ миңдеген чакырым алыстагы кишинин күнүмдүк жашоосу, иши жөнүндө оңой эле маалымат алып атабыз. Ааламды биз кайрадан таанып, көптөгөн кызык окуяларга, таң калаарлык кубулуштарга көз салып, кээде ишенип-ишенбей да кетебиз. Мисалы, Швецияда атты бир сааттан ашык жалгыз байлап коюуга тыюу салынган. Анткени бир сааттан көп убакыт байланган аттын укугун бузуу болуп эсептелет экен. Ат жалгыз байланып калганда депрессияга кабылат тура. Же болбосо, 19-кылымда Осмон доорунда көгүчкөндөрдү коруш үчүн азыркыга чейин иштеген атайын фонддор түзүлүптүр. Шведдер деле байыркы эл, өгүздүн мүйүзү кадалган викингдер кийчү баш кийими да бар, бирок алар ошол баш кийимдин ордуна ичиндеги башка маани беришти. Азыр болсо шведдерде орточо жылдык киши башына түшкөн киреше 40 миң доллар, бизде болсо 2 миң доллар.

Антрополог Robert Edgerton тарыхта жашап өткөн үч жүзгө жакын маданиятты изилдептир. Изилдөөнүн жыйынтыгында бул маданияттардын ичинен глобалдык – ааламга, жалпыга маалым болгон баалуулуктарга ээ болбогон маданияттар тарыхтан өчүп, жок болуп кеткенин көрөт.

Глобалдык баалуулуктар дегенде адам укугу, айбанаттардын укугу, жаш балдардын укугу, аялдардын укугу, жумушчулардын укугу, бейтаптардын укугу, азчылыктардын укугу десек болот

Бүгүн өнүккөн өлкөлөр мыйзамдарын, коомдук жашоосун, жада калса баш мыйзамдарын ушул глобалдык баалуулуктарга карата түзүшкөн. Евробиримдиктин айтылуу "Копенгаген чен-өлчөмдөрү" деп аталган чен-өлчөмдөр [1993-жылы 22-июнда Копенгаген шаарында кабыл алынган], ар бир бир өлкө Биримдикке мүчө болуудан мурда Копенгаген чен-өлчөмдөрүн сөзсүз түрдө аткаруусу шарт. Аткара албаса Биримдикке кабыл алынбайт.

Булар:

Өнүгүүгө багыт алган жана отурукташкан демократиянын болушу;

Мыйзамдаштырылган өлкө - мыйзам үстөмдүгү;

Адам укугун сыйлоо;

Этностук, диний укугун коргоо.

Албетте, бирөөгө ислам дини, бирөөгө улутчулдар, бирөөгө секуляр жашоо, бирөөгө өкмөттө болуу, бирөөгө опозицияда болуу жакпай атышы мүмкүн. Бирок социалдык коомдо бирдей типтеги кишилердин, бирдей ой жүгүрткөн элдин болушу диктатордук режимдерде, тоталитардык системаларда гана болот. Орто кылымда Галилео Галилей жана Николай Коперник сыяктуу илимпоздор коомго кайчы келген пикирлеринин айынан сүргүнгө айдалышкан. Эгер биз Кыргызстаныбыздын демократиялуу, эгемендүү өлкө катары өнүгүүсүн кааласак өзүбүзгө окшобогон, башкача коомдорго, ой-пикирлерге, жашоо-турмушка кийлигишпөө керек. Кишинин жеке жашоосун, кийимин, пикирин коомдук талкууга алып чыгуу, кишинин жеке эркиндигине бөгөт коюу дегендик болот. Башкача көз караштарды өлкөбүздүн байлыгы катары кабыл алуубуз, аларга сый-урмат көрсөтүүбүз керек. Эгер баалуулуктарды баалай турган болсок, анда биринчи болуп өзүбүздөн баштайлы. Интеллектуалдык аң-сезимибизди жогорулаталы. Тазалыкты, аруулукту, мекенди сүйүүнү үй-бүлөдөн, бала бакчадан, айылдан, мектептен баштап үйрөнөлү. Китептерди чыгаралы, китепканаларды куралы, ичин китептер менен толтуралы. Ошондо гана балким өнүгүүнүн жолуна түшө баштайбыз. Болбосо курч темаларды саясатчылар оңой колдонуп, баркын кетиришет. Албетте, түрдүү пикирлер интеллектуалдык мейкиндикте талкуу кылынсын. Бирок белден ылдыйга түшкөндөн кийин талкуунун деңгээли төмөндөп, талкуудан чыгып жалаа, ушакка өтүп кетет.

Ар ким өзүнөн баштасын! Улуттук баалуулук, кийим менен эмес, интеллектуалдык өсүү менен болоорун, буга маани бербеген киши канчалык калпак кийсе да, теледен чыгып өкүрүп-бакырса да коомдун, маданияттын, өлкөнүн жок болуп кетүүсүн токтото албайт. Тескерисинче, артта калуунун эң чоң белгиси болгон трайбализмге, бөлүп-жарууга көмөк көрсөткөн болот.

Нурланбек Мусаев, ишкер, Түркия

XS
SM
MD
LG