Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:10

Коррупция деле алманын багындай


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир жолу атам үйгө өзбекче сүйлөгөн өзү курактуу кишини ээрчитип келди. Мага бейтааныш кишинин колунда араасы жана дарак кырккан кайчысы бар эле. Оозу тынбай сүйлөгөн, бир аз жүдөө тарткан киши экен.

Атам экөө келип эле биздин бакчаны аралай басышты. Көрсө атамды коштоп келген киши үчкоргондук тажик багбан экен. Атам он жыл мурда отургузган алма бактары жалчытып мөмө бербей жатканына даттанып, ошол багбандан жардам сураган окшойт.

Багбан киши алмаларды аралай басып: “Ээ, Хасанбай, бу дарактарың вопшум "тарбия" көрбөптүр да. Буларың он эмес, жыйырма жылда да мева (мөмө) бербейт”, - деди. Ага таңыркай караган атам:

- Муну эми эмне кылышым керек? Кыйып саламбы? – деп, аны сынай карап коюп, бейгам турду. Ал багбан:

- Алмаларыңды азыр "тарбиялайбыз". Эмдиги жылдан тартып түшүмдү мол бере баштайт, – деп ишенимдүү сүйлөп, чоң арыктын боюна катар тигилген алмалардын биринин эң чоң шагын араалап кирди. Баятан бери багбанды сынай карап, бейкапар турган атам эми чындап тыбырчылай баштады. Багбан болсо эч ойлонбой туруп асманды карай тик өскөн алмаларыбыздын эң чоң шактарын өчөшкөндөй аёсуз кыя берди.

- Эй, аны кыйбасаң! Сен мөмө байлап аткан шагын кесип салбадыңбы? –деп, атам алмаларынын ар бир кыйылган чоң шактарына чындап кайгырып атты.

Алма бак. Иллюстрациялык сүрөт.
Алма бак. Иллюстрациялык сүрөт.

Атам жек көргөн адамын: “Адам-падам эмес экенсиң!” деп урушат. Азыр болсо атам өзү ээрчитип келген багбанга жинденип, ага да ошол сөзүн колдонуп баштады.

- Сен адам-падам эмес турбайсыңбы? Баарын кыйып салдың го, эй, шак калбады го! Эми кайсы түшүмдү берет бул? – деп улам четинен кыйылып аткан шактарга карап, кадимкидей сүйлөнүп алган. Жаш баладан бетер алманы айланчыктап, бир жерге тура албай ары-бери басып жүрөт. Берки багбан болсо эч камырабайт.

- Ээ, Хасанбай, мен сенин бугалтирлигиңа кийлигишпей атам го. Сен хам менин ишимга киришма да энди, - деп коюп, атамдын жакшы көргөн шактарын оюна келгендей эле аёсуз кескилей берди.

Алмаларды бутап бүткөн багбан чай ичкенче атамдын нааразылыгына жооп берип отурду. Көрсө, дарактар деле көзөмөлгө, жазага муктаж экен.

- Дарактын өзөгүнөн барган азыктын баарын бир өзүнө алып, өзү гана асмандап өсө берген "лидер" деген 1-2 шак болот. Чындыгында ал шак лидер эмес эле ууру шак. Ошол ууру шактар кыйылмайынча башка майда бутактарга азык жетпейт. Азыктын баарын алган ууру бутак асманга карап кете берет. Жалчытып мөмө да бербейт. Аларды кыйып салмайынча кутулбайсың, – деп түшүндүрдү багбан.

Чындыгында эле ошондон баштап алмаларыбыз жүзүмдөй төгүлүп мөмө байлап келе жатат. Ал тургай бир нече шактары алмасын көтөрө албай кайрылып да калган. Ошондон бери алманын шагын сүйөгөнгө жыл сайын тирөөч камдап калганбыз.

Атам менен багбандын 20 жыл мурда болгон ошол жөнөкөй окуясын эмнеге айтып отурам?

Азыр коррупция төрөт үйүнөн баштап, тээ көрүстөнгө дейре жеткенин далилдеген окуялардан улам ошол багбан менен атамдын аңгемеси эске келди. Анан ушу коррупция менен күрөшкө багбанча эле мамиле керек окшойт дегендеги тентек ойдун бирин жазып атканым.

Менимче адам алгач аткаминер болот. Анан ууру болот. Ууру өзү сыяктуулар менен келише алса - ири коррупционерге айланат. Ал коррупционер көп өтпөй өзү жашаган же иштеген аймагында ири клан түзгөнгө жетишет экен. Кудум эле дарак сыяктуу, таасирдүү аткаминерге жакын жерден орун алган кишинин колу-буту узарып, ага-ини, кайни, балдыз, өкүл бала, классташтарын топтоп, шактап асманга карай бийиктей берет. Ал бийиктик кланга айланат. Анан ошондой 5-6 кланды багууга бүтүндөй бир өлкөнүн дарамети жетпей калат турбайбы.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мына ушундайда коррупциялашкан кландарга багбанча мамиле абдан зарыл экен деп калдым. "Жердеш эле", "тууган эле", "жакшылык кылган эле", "жакшы киши эле" деп отурбай, кудум ошол ири кландарды багбанчасынан кыйып салуунун мөмөсү мол болоруна ишендим.

Көрсө "лидер" деп аталган ууру бутакты кескенде түптөн алынган азык майда шактарга бирдей таралат экен. Жакшы азыктанган майда шактар ийиле жемиш байлайт экен. Анан антип ийилип турган шакты башкарып, көзөмөлдөп алуу да кыйла оңой болот тура.

Кыскасы ушундай. Президенттин колунан курч араа менен кайчысы түшпөшү керек экен. Негизи бизде араа менен кайчыга баш бербей турган, абдан курч балтаны каалап турган “лидер бутактар” толтура да.

Ошондуктан президент менин атама окшоп "чоң бутакты" сүйбөсүн, "чоң бутактарга" күйбөсүн. Президент атамдын багбан досундай чечкиндүү, ууру шактарды аябай кесе алган мерез болсун. Анткени мен кө-өп байлыкты каалап атам. Эл, өлкө бай болсо экен деп турам. Президенти багбанга окшош өлкөлөр бай болот тура, көрсө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG