Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:30

"Айчүрөккө" барасызбы?


Аялдамада өзүмдүн маршруткамды күтүп отургам. Алыстан жакындап келаткандардын номурун көрүү үчүн улам чекемди тырыштырып карайм. Бирөө өттү, экөө өттү...

Бир кезде жакындап келип калган маршрутканын алдыңкы терезесинен “Айчүрөк” деген жазуу көзүмө илинди. “101” экен. Маршрутундагы маанилүү жайларды кыргызча жазып алыптыр: Айланма (Кольцевой), Жал, Айчүрөк, Бах көчөсү деп турат. Муну көргөндө мени алгач таң калуу, андан соң кубануу сезимдери бийлеп алды. Нью-Йорктун көчөсүнөн кыргызды жолуктургандай эле кудуңдадым.

Ойлонбостон маршруткага секирип кирдим да, соңку аялдамасына чейин барууну чечтим. Эл улам түшүп отуруп, акыры машинеде жалгыз мен калдым. Айдоочу күзгүсүнөн мени карап, “келдик!” дегендей ишарат кылганда, жол бою даярдап келе жаткан суроолорумду ортого салдым. “Ким? Качан? Эмнеге?”

Айдоочу коомдук транспорттордогу маршруттук багыттарды көрсөткөн жазууларды даярдоо мэриянын иши экенин айтты. Жакынкы убактан бери аларды массалык түрдө кыргызчалоо башталган экен. Азыркы тапта багытын кыргызча жазуу жагынан 101-маршрутка алдыда. Бул каттамда жүргүнчү ташыган 46 бустун дээрлик бардыгы ушундай таризде. Мындан башка 195, 147, 202, 100 жана 216-каттамдардан да кыргызча жазууларды кездештирүүгө болот.

Ошондуктан бүгүнкү күндө борбор шаарыбызда жаңылык. Эртең менен жумушка, окууга эринбей чыгыңыздар демекчимин. Себеби сиздер үчүн кыргызча маршруткалар кызмат кылат!

Шербол Жапаралиев
XS
SM
MD
LG