Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Түркиядагы студенттик күндөрүм


Сүрөт автордуку.
Сүрөт автордуку.
Түркияда окуп жүрүп, Кыргызстанды сагындым, эң кымбат өмүрдүн жыргал учуру так ушул студенттик курагымда өттү. Кыргыз жергесинен келген бир кыргыз жүзүн көрсөң, жүзүңдө жылмаюу пайда болуп кадимкидей куштарланасың. Бир жолу Түркияга кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов келди, кыргыз студенттин баары ошол конференцияга жөнөштү. Конференция бүткөндөн кийин сүрөткө түштүк. Ошондо түшкөн сүрөтүм дале сакталуу.

Биздин жатаканада өзбек кыргыз жана дагы башка улуттар жашайт. Ар бир бөлмө ар улуттун өкүлдөрү башы кошулган, ошого карабай ынтымак күчтүү. Бул жакта жатакана бөлмөсүнө тамак бышырууга болбойт. Эгер андай болсо түрк кызматкерлери чара колдонушат. Бир жолу өзбек балдар өздөрүнүн палоосун сагынганбы, айтор, бөлмөгө жашыруун плитка, күрүч, суумай, койдун этин алып келишсе болобу. Чырылдатып эт кууруп, ачка студенттер тамшанып турушат. Өзүнчө искусство менен бышырып, мына жейли деп жатканда түрк кызматкерлери кирип келди. Кызык ошондо башталды. Бизди катуу урушуп, плитка менен кошо бышкан ашты алып кетишти.

Студенттер үчүн Курман айт майрамы чоң майрам. Анткени түрктөр бизге кой сойдурат. Ал кызматыбыз үчүн акча, ага кошуп куурулган эт берет.

Бир күнү дагы бир жагымдуу окуя болду. «Манас» эпосун койгону келген театр өнөрпоздору келди Түркияга. Андай жерге барбай коюу туура эмес, ээрчишип жөнөп калдык. "Миң айткандан, бир көргөн артык" демекчи, кыскысы, сөз менен жеткире албайсың, укмуштуудай болду. Коюп келген артистерди түрк эли сыйлоо иретинде ресторанга алып барды. Кыргыз артисттерине биз да кошулуп алдык.

Кампачы менен урушуп...

Окуу жайда кийимди өздөрү беришет. Кеч күз болчу, жылуу кийим алганы кампага бардым. Анда иштеген киши «анан кел» деп кетирип ийди. Кайра келсем, дагы баягы жооп. Эми мейли, деп кете бердим. Үчүнчү ирет чыдабадым, "Деги сен кишисиңби, бербейсиби?" деп кыйкырдым. Ал болсо кебелбей "мен итмин" деп жатпайбы какшыктап. “Ит болсоң, ит боло бер, келе менин кийимимди, мени ит дегениң үчүн сотко берем” дедим. Ал ортодо эл чогулуп, тартип коргоо кызматкелери жете келишти да, мени кармап кетти.

Полициянын имаратына келдик. "Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" дегендей өздөрүнчө баарлашып, кез-кезде мага карап, мыйыгынан күлүп коюшат. Бир топко чейин тикемен тик турдум. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дейт эмеспи кыргызда, жиним келгенде чыдабай, "Элчиликтен киши чакырып, укугумду коргойм" деп катуу айттым. Үнүм катуу чыкты окшойт, баары элейип карап калды. Көп өтпөй бошотуп да жиберишти. Ошондон баштап абайлап жүрүп калдым.

Памуккале

Түркияда күн чыккан сайын Ала-Тоону, жылуу сүттүн даамын эстейм. Бир жолу таң атпай үйдү эстеп отурсам, дос балам “Бас кечигебиз” деп келип калды. Ал күнү бизди саякатка алып барышмак. Тарыхый жайлардын бири - Памуккалеге келдик. Памуккале - бул ак тоо. Кооздугу көз жоосун алат. Чокусуна чейин чыктык. Эсте каларлык кʏн болду.

Мен жоголгондо...

Көптөн күткөн жайкы каникул да келди, биз тарадык. Мекенимди көрүүгө зарыгып жүргөн жаным карыздап жатып жолго акча таптым. Эртеси чала-була тамактанып, учакка жөнөдүм. Барсак, бизге орун жок калган экен. Мен ата-энеме бара жатам деп айтып койгом. Ушунчалык маанайым түшүп калды. Эмне болсо ошо болсун деп Анкарага кетип калдым. Ал жактан иштедим, бирок шаар мени кабыл албады. Андан ары Анталияга жетип, иштей баштадым. Ошентип эки ай дегенде өз жатаканама кайтып келдим. Бир жолу «сени телефонго чакырып жатат» дешти. Барып, трубканы алсам энем экен "дайыны чыкпай калды, жолдон бирөөлөр бир жаңсыл кылган экен" деп барбаган жери, чалбаган жагы калбаптыр. Аларга баратам деп бекер айткан экем же кайра барбай калдым деп эскертип койсом болмок. Балам келет деп күтүп тажашканда, элчиликке чалышыптыр.

Атам каза болду

Бир күнү мага кат келди. "Атаң дүйнө салды, кел" деп жазылган экен. Чогуу окуган кыргыз балдар мага бир топ акча чогултуп беришти. Кыргызстанга барып, кайра келдим. Энем бир койдун этин бышырып, салып берген. Барганда баарына бөлүп бердим. Бир айдан соң дагы бир баланын атасы каза болду, ага акча жок болуп чогулбай калды. Ал таарынып, "Тилекке акча бердиңер эле, мага кана?" дей баштады. Аргасы түгөнгөн балдар акчаны кайтар дешти. Мен жарымын гана төлөдүм.

Мына менин студенттик күндөрүм...

Тилек Жумагулов
XS
SM
MD
LG