Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Эгемен элдин байлыгы


Элимдин узак тарыхын,

Эп болот баары билгени.

Эл деп бизди таанышкан,

Эки миң жылдар илгери.

Эмкилер мүмкүн билбестир,

Эзүүчүлөр эчен жыл,

Элимдин жонун тилгенин.

Эстеп койсок болбостур,

Эндей кийим жогунда,

Элдер тери кийгенин.

Ээн талаа, эрме чөлдөрдө,

Эптеп жашап күн көрдүң.

Эл катары кыргызым,

Эми гана түптөлдүң...

Жоо тийгенде коргонуп,

Жоокерлер өлгөн кыргында.

Жут түшкөндө айласыз,

Жантаслим болгон кыр-кырда.

Жол жүргөндө унаасыз,

Жем болгон карга-кузгунга.

Журтумдун шору кайнаган,

Жортуулдар болуп кыргызга.

Жаман-жакшы көп көрүп,

Жыйырма жылдан бериге,

Заман такыр өзгөрүп,

Жумурият болуп турабыз,

Көчүбүз эми түздөлүп.

Эң кымбат байлык элимде,

Эркиндик болот чынында.

Эгемендүү болбосо,

Ээленип учпайт чымын да...

Баалайлы калкым баркыңы,

Айландырбай базарга,

Бере салбай арзанга,

Билели кымбат наркыңы.

Асмандын көркү күн менен,

Эркиндиктин кадыры -

Безеленген тил менен.

Эгемендик темасы,

Канча айтса да жарашат,

Себеленген ыр менен!

Туура, азыркы деле жашоодо,
Көйгөй көп, жүрөк эзилткен.
Түгөнбөйт тура түйшүктөр,
Турмуштун тузун кемиткен...
Туу түбүнө бириксек,
Кыйынчылык эмне экен.
Кылымдар бою жеңгенбиз,
Бабабыз баатыр эл экен.
Кыйырга тарап атыбыз
Кыргыздар кыйын дедирткен!

Эрдикке жакын элбиз биз,
Калпактуу жана намыстуу.
Жүзүнөн нуру чачырап
Меймандос жана ырыстуу.
Көп нерсе али алдыда,
Ынтымакты бекемдеп,
Кадам таштап арыштуу,

Байлык-бийликке эле умтулбай,
Эмгекти да эш тутсак.
Элибиз болор бактылуу!

Нурланбек Калдыбаев.

XS
SM
MD
LG