Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Жашты - ишке, карыны - ашка


Көңүлүмдү өйүп жүргөн оюмду окурмандар менен тең бөлүшкүм келди. Балким, улуулар менин бул айтканымды жактырышпастыр, бирок жаштар сөз жок колдошот.

Жаңы эле Нарын университетинин филология факультетин бүтүрүп, турмуштун улуу жолуна кадам таштадым. Бирок кесибим боюнча дароо кызмат табылбайт. Себеби мектептерде «тилчилер» толтура. Боюнда барлардын ай-күнүн эсептеп, декреттик отпускага чыгышын, пенсиядагылардын кетишин чыдамсыздык менен күткөндөр четтен чыгат.

Анан айланып келип эле түйшүктүн баары кайрадан ата-энебизге түшөт. Балдарын ага-тууганын үйүнө коюп, алардын кареги менен кошо айланып, тамак-ашын ташып, кийинтип, ичинтип, контрактты төлөп, бир милдеттен кутулдум дей электе бизге кызмат табуу милдети башына түшөт.

Ошентип, чоң кызматта иштеген ага-тууган, куда-сөөк издеп, «майлоосун» белендеп, кадыр-көңүл салышат. Тилекке каршы, алардын көбү кызматтын жоктугун айтып, алакан жайышат. Үмүтү үзүлгөн ата-эне уул-кызынын «жумуш жок үйдө отура бермек белем, шаарга кетем» дегенине аргасыз макул.

Анан дипломуңду сандыкка салып коюп, кыздар кафелерге официантка, кийим тигүүчү цехтерге үйрөнчүк, уландар болсо курулушка же кароолчулукка киришет. Ушундан улам жаштар «беш жыл окуганың бекер, анткени кызмат табылбайт, андан көрө иштеп, акча чогултуп, диплом алып коюш керек» дешет. Ал эми мээси мыкты иштегендер бюджеттик мекемелердин айлыгы аздыгынан чет жакка кетип калууда.

Ошентип, жогорку билимдүү жаштар “кызматты кайдан табабыз, качанкыга чейин ата-энебиздин багуусунда болобуз?” деп башыбызды оорутуп жүрсөк, мектептерде, ооруканаларда, ФАПтарда, мекемелерде пенсияга эбак чыкса да кеткиси келбеген улуулар иштеп, айлыгын да, пенсиясын да алып жатышат. Өгүнү курбум экөөбүз кардиология бөлүмүндө дарыланып жаткан эжесин көргөнү барып калдык. Ал жерде окуусун бүткөн жапжаш, мөлтүрөгөн кыздар санитарка болуп иштеп, пенсиядагылардын кетишин күтүп, кезекке турганын айтканда ого бетер көңүлүбүз чөктү.

7-апрелде алдыда жалаң жаштар жүрдү, мерт болгондор да жаштар. Жаңы бийлик жаштардан айланса болот, алардын келечеги үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз деген убадалар айтылып, Жаштар министрлиги түзүлдү. Бирок жаштардын жумушсуздар армиясы суюлган жок. Дагы эле билимдүүлөр кызмат менен камсыз болобуз деген үмүттөбүз. Ал пенсияга чыгып алып да иштеп жүргөн эже-агайларыбызды урмат-сый менен эс алууга узатчу күн да келээр...

Канышай Шарше кызы,
Нарын мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү
.
XS
SM
MD
LG