Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

"Жер шарында кыйамат болду"


Жүсүп Мамай Ак-Чий айылында, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу/
Жүсүп Мамай Ак-Чий айылында, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу/
Заманыбыздын залкар инсандарынын бири, кайталангыс талант, улуу манасчы Жүсүп Мамай атанын ааламдан өтүшү атпай кыргыз элинин, айрыкча кытай кыргыздарынын бир капшытын бөксөртүп кеткендей болду. Интернет баракчаларында аны эскерген макалалар, ырлар биринен соң бири жарыйалана баштады. Акын Зуура Бейшенаалы кызы өзүнүн Жүсүп атанын казаасына арнаган ырын «Текенин биринчи күнү, жер шарында кыйамат болду» деген ат менен кытайлык кыргыздардын Көкжал сайытына илген эле. Ушул ырды "Азаттыктын" окурмандарына да сунгум келди.

«Текенин биринчи күнү, жер шарында кыйамат болду»

Автору: Зуура Бейшеналы кызы


Текенин биринчи күнү,
Жер шарында кыйамат болду
Теке айынын биринчи күнү,
Жер күнгөйдө кыямат болду.
Жети материк өз ара кагылышып,
Атлантыка тынч океянга куйулду.
өлүк – тирүү деңиздер аралашып,
Түндүк муз окиян эрип,
Түштүк уюлга карай чубурду.
Асмандын тирөөчү аңтарылып,
Жер аалам көчүп жатты...
Эзели көрүлбөгөн окуя бул,
Күн дагы көтөрүлбөй көйкапка көчүк басты.
Жаратылыш түр кубулду, миң кубулду,
Ак-Чийден- Азыяга,
Азыядан- ааламга ызы – чуу үн угулду!...

Адамзаттын алп тулгасы,
Акыл булагы,
Эпикалык замандын эң бийик мунары
Урады!
Көчмөн элдин ооз эки адабиятынын бир ири данакери,
Генийи,
Бир эмес бир эгейи кулады!
Ошондон ары карай
өлүмдүн даты,
өмүрдүн дарты чубады…

Кыйырдын жылдызы өчтү,
Кылымдын кыргызы өчтү!

Адамзат маданияты,
Тирүү тарыхынан айрылды.
Ак-Чий каралуу болуп,
Атбай эл жаралуу болуп,
Канаты кайрылды.

Текенин биринчи күнү
Жер күңгөйдө кыйамат болду.
Ажалга айла жок тура,
Кудай да бул ишине кыжаалат болду.

Аккан жел атырылып,
Асман жер алай - дүлөй сапырылып.
Дарактар чачын жулуп,
Табийгат такыр улуп!
Булуттун булап жашы,
Ой – кырды тосоттошту.
Чагылган жарк – журк этип,
Дүңгүрөп кошок кошту.
Ааламдын бул азабы,
Артыңда урпагыңдын арманына кошоктошту.

Табытыңды,
Алып кетти ары карай,
Ак калпак элиң агып.
Табытыңды,
Кыйалбай бери карай,
Айалдар тегин агып…

Көп адам арасында,
Көчөнүн кылаасында.
Бурула бердым эле,
Билбеймын бир ачуу илеп,
Каректи өрдөй калды.
Көздөрүм торлошкондон,
Эч нерсе көрбөй калдым.
Чөк түштүм,
Чөгөлөдүм магдырым жок.
Артыңан өлөмбү дегем,
өлбөй калдым…
Отуз жыл жашап келип,
Оорагыңа кана мастап,
Опол тоо талантыңан
Бир шыбага үйрөнө албай,
Көңдөй калдым.
Ааламдын көзүн жаштап,
Ак калпак элди таштап.
Ойротту ызы - чууга салып,
Олуям өлбөй калгын!...

Көзүңдүн тирүүсүндө,
Мактанып өзүң менен,
өзүбүздү канча алдадык.
Манастын миллион сабын айтсаң,
Элестетчү тоо кабышып,
Деңиздин чайпалганын.
өзүңдү туурап биз да,
Жүз эмес отуз сабын жаттап алып,
Бир эмес, он миң киши,
Чогулуп айтып көрдүк,
Айталбадык.
Кудурети күчтүү экен,
Тайсалдадык.
"Манастын" оор жүгүн,
өзүңдөй тарталбадык.

Оо, улуу сөз зергери,
Сөз пайгамбары –
Манаска кайтадан,
Жан берген элең,
Манаска кайтадан,
өң берген элең.
Манаска кайтадан,
Тил берген элең.
Манаска кайтадан,
үн берген элең,
Сен айткан ошол Манас,
Кайрадан тирилип келип,
Кагаз бетине түшүп,
Канат жасап учуп.
Канчалаган улуттардын
Маданияты менен сайышып,
"Өлгөн сайын өрчүгөн,
Түгөнгөн сайын түтөгөн" Манастын жаалы учуп.
Эч нерсени боюна теңебей,
өлөр – тирилерин кенебей.
Алакандай элден ааламга озуп чыкты,
Кыргыздын ким экенин таанытты.
ЮНЕСКОну багынтты ,
Зобололуу инсандары алдынан тосуп чыкты.

Манас- кыргыздын ханы,
Кыргыздын жаны!
Кыргыздын руханияты.
Манас - кыргыздын эн белгиси,
Жараткан сыйлаган тумары,
Манас кыргыздын экинчи кудайы!
Маданыят кампасы,
Билим гени.
Парасатынын чырагы,
Айтып - айтып таркалбас кумары.
Манас - кыргыздын салт - санаасы.
Этикасы,
Эпопыясы,
Этнографясы.
Мезгил - мейкиндиктен алкыган,
Бийиктиктин үнү,
Жаратылыштын күүсү.
Манас - кыргыз үчүн,
Түбөлүк бар болуучулуктун улуу чокусу.

Сен ошол бийиктикке чыгып,
Бийиктикте туруп,
Ошол бийиктикти сактап,
Аздектеп,
Алмадай башыңа жаттап,
Көкөйүңө катырып,
Көңүлдө таптап.
Карсак жортбос касабалардын мызындей,
Алп кара куштун сүрү,
Ажыдаардын түсүндөй,
Деңиздин шарпыны,
Океяндын толкунундай,
Жер көтөргүс,
Акыл жеткис,
Ой чендегис,
Бой чендегис,
Кала берсе кадимки,
Жомоктогу дөө - шаалардай!
Кайыптын күчүндөй...
Жомоктоп бизге жеткирдиң.

Өзүң айтчусуң - Манас бул кыйыры жок жол деп,
Бирок,
Бул жолду өзүң тамамдадың,
Бул мүшкүл сапарда,
Сан жылдарды карыттың,
Карууңду казык, башыңды токмок кылдың.
Манасты өлгүчө айтамын деп,
Өлгүчө өгүзүн өргө карай тартамын деп,
Санааң суудай,
Сакалың куудай болгон.
Бул барышта Манас күчүн берди,
Бакай жашын берди.
Алмамбет акылын берди,
Ырчы уул ырын берди,
Жүйрүн дөө тилин берди.
Сыргак сынын берди,
Чубак кунун берди...
Айтор, алардын бардык касиеттерин,
өнө бойуңа жыйдың.
Алып келип көөйүңө куйдуң.
Дегеле соолубас мухит,
өмүргө мүрөк кылып,
Ак калпак элиңе,
Адамзат жерине,
Чаңкаган дилдерге,
Жаратылышка,
Жамы он сегиз миң ааламга,
Он сегиз томду,
өлбөстүн дарысы катары сундуң.

Тилиң кызыл эле,
Тилегениң узун эле.
Кудай колдогон,
Кызыр жылоологон,
Ири сөздөн таңдайлуу,
Ырыскыдан маңдайлуу жан элең.
Каз каркылдап өткүс көл элең,
Куш куркулдап ашкыс бел элең,
Төбөсү ачык көк,
Төшү түктүү жер урматыңды кылып,
Буудайдай бутактап,
Шалыдай шактап,
Чынардай көктөп,
Ааламга атың чыгып,
Чыкканда катуу чыгып,
Илимиң башты,
Илебиң ташты жарып турганда...
Сага окшоп кете берди ким?!
Көрсөттү ажал чыркын, текебердыгын!...

Касиетиңен айланайын Какшаал,
Ушундай олуяны тууган,
Ушундай олуйаны таптаган,
Аластап жаман көз, жаман сөздөн,
Аластап оттон, суудан.
Сактаган;
Алпарып аңыз - уламыштардагы,
Мифтерге жууган.
Кандай кана пири тирүү жер элең,
Кандай кана пири тирүү эл элең!

Ошон үчүнбү,
Жолуңду бууп,
Жонуңду басып,
Казынаңды кашып.
Капчыгын толтуруп,
Каныңды кактабай соруп атышкан,
Кара жемсөө келгиндер тагыңдан кетер эмес,
Момун элиңдин мойубай жашаганы бекер эмес...

Өзүңдү жерге берип,
Өлө албай… элге келип.
Өкүрүп ыйлап – ыйлап,
Агып алдым.
Ак бозүйгө айланчыктап дагы бардым.
Карадым керегеде илинген тонуңду,
Карадым калпагыңды.
Көзүмө ырым этип сүртүп алдым,
Ирегеде талпагыңды.

Көңүл айт дейсиң кайра,
Кантип айтам кайгырба деп,
Каралуу элге,
Каралуу тууган жерге.
Көзүмө жаш толтуруп,
Өзөккө кан толтуруп.
Отурам керегенин түбүндө -
Сөөгүңдү жууган жерде...

Бектур Илияс, Кытай
(Автордун жазуу стили сакталды)

XS
SM
MD
LG