Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Акыркы сапар азабы…


Кыргыз мигранттары учураган жол кырсыгынан бир көрүнүш, Красноярск, 18-май, 2012-жыл
Кыргыз мигранттары учураган жол кырсыгынан бир көрүнүш, Красноярск, 18-май, 2012-жыл
Адатта миграция темасы жөнөндө сөз козголгондо Кыргызстандын мамчиновниктеринен баштап карапайым жарандарына чейин эң биринчи эле материалдык байлыкты эстешет.

Маселен, чиновниктер эмгек мигранттары которгон акчаларды «куруттай» санашып (кудум өздөрү жумушка орноштуруп койгонсуп), аны экономикадагы өсүш катары жарыя айтканды жакшы көрүшөт. Ал эми карапайым элдин оозунан болсо миграциянын азап-тозогуна караганда: "баланчанын кызы Орусияда эки эле жыл иштеп, эки кабат үй салды", же "баланчанын баласы Казакстанда соодада жүрүп, борбордон катар-катар квартира сатып алды" деген сөздөрдү көп угабыз.

Ушундан уламбы, айтор, чет өлкөдөгү мигранттык жашоону «канттай таттуу» элестеткен мекендештерибиз эч бир кооптонуп отурбай, түйүнчөгүн түйүп алышып, жердин жети түбүнө чейин жеткен фактылар арбын.

Албетте чоочун эл, жат жерде аларды маңдайынан сылап тосуп алган эч ким болбогондуктан, ар кимисинин көргөн азабы айтып түгөтө алгыс арман жана өзүнчө чоң тема.

Бүгүн мен ушул теманын бир гана өңүтүн ачкым келип турат. Анткени Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департамент кызматы 15-февралда өткөргөн «Защита прав и интересов граждан КР за рубежом» деген темадагы брифинги да ушуга «жем» таштап отурат.

ТИМдин Консулдук департамент кызматынын бөлүм башчысы Сулайман Пиримкуловдун айтымында, (АКИpress, 15-02-2013) 2012-жылы ТИМ 359 маркумдун сөөгүн – 200-жүктү уруксат берүүчү кагаздарын толтуруп, мекенге жөнөтүүдө жардам көрсөткөн. Департаментте болсо атайын штаб түзүлүп, анда жабыр тарткандар менен алардын жакындарына консулдук көмөк көрсөтүлөрүн айтып, анан чет өлкөлөрдө кыргызстандыктардын 72 коомдук уюму бар экендигин сөзгө кыстара кеткен. Аталган коомдук уюмдар эмне иш кылат, бул темага кандай тиешеси бар экендиги жөнүндө андан ары кабарчы да, мамчиновник да бир ооз кеп козгобойт. Ошондуктан аздыр-көптүр диаспоралар менен иштешип, бул маселени ичинен билген журналист катары толуктап, теманы улап коюуну туура көрдүм.

ТИМдин Консулдук департамент кызматынын бөлүм башчысы айткан атайын штабдар КР жарандары Казакстан жана Россия Федарциясынын аймактарында жол кырсыгына учураганда түзүлгөн. Анткени төрт учурда тең сапар тартып бараткан мекендештерибиз бейажал өлүмгө кириптер болушуп, маркумдардын сөөгүн алып келүү тууралуу ар бир факт боюнча КР өкмөтү атайын чечим кабыл алган. Кыязы, жогорудагы мамчиновник ошондо түзүлгөн штабдарды айтып, аны болсо "Акипресстин" кабарчысы азыркыга чейин иштеп жаткан катары жазса керек.

Албетте тирүүлүк болгон жерде дайыма өлүм да кошо жүрөт. Жердин жети катарына тараган жердештерибиз кээде ушинтип бейажал кырсыктан, кээде өз ажалы менен бул дүйнөдөн узайт. Мындайда маркумдун сөөгүн талаада калтырбаш үчүн мекендештерибиз көптөп-көлдөп акча чогултушуп, авиакаттам болгон жерде самолётко, кээде Кыргызстандын Темир жолу ишканасынын кызматкерлерин акелеп-жакелеп атып поезддин акыркы вагонундагы тамбурга, айрым учурда жеңил машинеге жүктөп алып күндөп-түндөп жеткиришет. Мына ушуну уюштурууда ТИМдин чиновниги айтпай кеткен кыргызстандыктардын 72 коомдук уюму, башкача айтканда диаспораларынын эмгеги зор.

Ал эми диаспоралар болбогон жерде катардагы эле жердештерибиздин жамандыкта уюша коймой ынтымагы чоң ишке жарап атканын жашырып койсок жарабас. Анткени эл аралык санитардык талапка ылайык, сөөктү бальзамдатып табытка салуу, чек ара жана бажы текшерүүсүнөн өтүү үчүн тиешелүү документтерди топтоо да чоң машакат. Ага чейин медициналык корутунду, полициянын кагызын күтүү да керек. Ушул убаракерчиликти тартып, анысын эч кимге милдет кылбай, жөн гана соопчулук иш катары караган азаматтарга, анан да маңдай тери менен тапкан акчаларынан жамандык дегенде ылдам чогулта калган мекендештерибизге ыраазы болуп, «элден айланса болот» деген ата-бабаларыбыздын накыл сөзүнүн мааанисин ошондо түшүнөсүң. Себеби алыс жерде ооруп же бирөөлөргө алданып, мусапыр болуп калгандардан баштап, качкан-бозгонуна чейин «жок эле дегенде Кыргызстанга жеткенге жол кире таап бергиле» деп кайрылышат. Ушунун баарына көпчүлүк ынтымагы менен гана түтөт.

Бир чети бөтөн элде «өз киндигин өздөрү кескен» мекендештерибиздин мындай кылбаска аргалары да жок. Себеби талаада жүргөн жарандарынын ал-акыбалын сурап-билгенге КР өкмөтүнүн чамасы жетпейт. Кыргызстандык мигранттар «чачыладай чачылып» жүргөн ар бир мамлекетке, чоң шаарларда Кыргызстандын элчилик же консулдук кызматын ачууга мүмкүнчүлүгү жок. Алар болгон жерде деле «мамлекет табытка каражат бөлбөйт» деген сөздү айтышып, «диаспорага – көпчүлүк элге кайрылган ылайыктуу» деген кеңеш менен узатышат. Дегинкиси, дипкызматкерлерди деле түшүнсө болот. Анткени өкмөт элчилик кызматы аркылуу өтө оор кырдаалга кабылган жарандары үчүн өтө аз чектелген каражат бөлөт экен. Элчилик кызматтардын айтуусунда, ал каражат да жыл башында эле түгөнүп калып, айрым учурда дипкорпус өздөрүнүн чөнтөгүнөн каражат топтогон учурлар да болот.

Айта берсе – арман көп. Кыргызстан эгемендик алгандан бери башталган бул стихиялуу миграция жылдан-жылга күчөп келүүдө. Ошол себептен чет өлкөдөгү мекендештерибиздин маселеси да күндөн-күнгө көбөйүүдө. Демек жогорудагы маселелер да жакынкы арада чечилиши дегеле күмөн.

Ушул маселеге байланыштуу сөздүн ыңгайы келип турат. Аскар Акаев бийликте турганда жогоруда айтылган кыргыз диаспораларынын жетекчилери жана өзгөчө «Замандаш» ассоциациясынын лидери Мухтарбек Өмүракунов чуркап жүрүп мекендештерибиздин табытын алып келүүдө жол кире чыгымын мамлекеттин төлөп берүүсүнө жетишишкен.

Кийин Курманбек Бакиев бийликке келип, кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен жолугушканда «табытты ташып убара болбой, каза болгон жерине койсо болбойбу» деп маселени кабыргасынан койгон. Ошондо Москвадагы «Ала-Тоо» коомдук уюмунун башчысы Жамийлакан Бегиеванын «туулган жердин топурагы да бизге буйрубайбы!?» деген ыйы бул маселеге чекит коюп, маркумдун акыркы сапарындагы жол кире чыгымы мамлекеттин мойнунда калган. Кийин Убактылуу өкмөт да бул чыгымды төлөп турду. Андан кийин парламенттик көпчүлүк дайындаган Өмүрбек Бабановдун өкмөтү өзүнүн структурасын өзгөртүп жибергенден кийин, мурда бул ишти аткарып жүргөн Эмгек, жумуштуулук жана миграция боюнча министрлиги жоюлуп, ошондон бери «акыркы сапардын жол киреси» КР Жаштар министрлиги менен ТИМдин ортосунда «көк бөрү» болуп тартылып, эки жылга чукул аралыкта маркумдардын жакындарына бир да тыйын берилген жок.

Алыска барбайлы, бул маселени тагдыры бизге окшош кошуна Тажикстан «Тажик аба жолдору» аба компаниясына бекер ташытып чечип койгон. Жакында «Кыргызстан аба жолдору» да табытты бекер жеткирүү демилесин көтөрүп чыкты. Албетте бул көңүл кубантарлык окуя. Бирок «Кыргызстан аба жолдору» каттабаган жерлер кандай кылышат? Маселе дагы эле ачык бойдон.

P.S. Бул маселени коомчулукка сунуштаган себебим, жакында өкмөт ЖКга жаңы өкмөттүн структурасын сунуштайт. Ошондо журналист коомчулугу бул маселени көтөрүп, эл шайлаган депутаттар да ушул маселе эмне себептен эмгиче чечилбегенин сурап коёбу деген үмүт. Жалгыз эле диаспоралар «ыйлагандан» азыркы бийлик эмгиче жыйынтык чыгарбады.

Абдыжапар Нурдинов, Сахалин областы, РФ.
XS
SM
MD
LG