Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Азыр болсо баары сүйлөйт орусча


Кыргыздар - түрк элдеринин эӊ байыркысы. Нечендеген кылымдарды башынан өткөргөн калк. Кыргыз деп аталышынын себебин төмөнкүчө айтып калышат, канчалаган жоо келсе да, түгөнбөгөнү үчүн деп. Мен кыргыз болуп жаралганыма сыймыктанам. Кыргыз жериндегидей кооздукту эч жерден табалбасмын деп ойлойм. Көк тиреген зоолору, бийик-бийик тоолору көргөн адамдын моокумун кандырат.

Тоо десе тоосу бар, суу десе суусу бар жерибиз өтө кенен болбосо да, элибиз бейпилдикте жашап жатат. Сууга жетпей жүргөндөр канча, ушунча жерим болгончо ушунча суум болсо деп.

Жаратылышы аябай кооз, андагы мөлтүрөп аккан булактар, канаттуулардын моокум кандыра сайраганы, жапжашыл шибер чөптөрү килем төшөп койгондой тептегиз. Анда өскөн чөптөр да касиеттүү дары чөптөр. Булактарычы, жер түбүнөн чыгып, дарылыгы өтө күчтүү. Жаратылышынын кооздугун айтып бүтө албасмын. Бир эле сөз менен айтып кое турган нерсе эмес.

«Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө» дегендей мага кыргыз жеринен кымбат эч нерсе жок, бул өзү алмашкыс нерсе. Табышмактуу көрүнүштөрү көргөндүн көз жоосун алат. Ошондуктан чет мамлекеттен келгендер дем алып, таза абага каныгып, бейиштин төрүндөй көрүшөт. Мына ошол үчүн табият менен таттуу мамиледе бололу.

Менин көз карашым боюнча мекен - мен жашаган үйдөн, көчөдөн, мектебимден, айылымдан, шаарымдан башталат. Мен өз күчүмдү, мүмкүнчүлүгүмдү элимдин жыргалчылыгына арнагым келет. Мен жасап жаткан иштер аз да болсо мекениме кошкон салымым деп ойлойм.

Ар бир эл, ар бир адам өзүнүн чөйрөсү менен эле чектелсе «өз казанында өзү кайнай берсе» анда өсүү деген болбойт. Ар дайым аракет кылсаӊ, ошондо гана ийгиликке жетишесиң. «Келечек жаштардын колунда» демекчи, жаштар да окуса, аракет кылса, өзүнүн мекенине салым кошо алат. Көп тил билсең ошончо жакшы, бирок кыргыз тилин унутпашыбыз керек. "Тилиӊ менен улутсун, тилиӊ менен улуксуң" деп айтылат го. Эне тилинде эркин сүйлөө менен башка чет тилдеринде да өз оюн жеткире билүүдөн өткөн жыргал нерсе болбостур.

«Булбул гүлзарын, адам Мекенин сүйөт» демекчи ар бир адам өз Мекенин сүйүүгө укуктуу. Сен салымыӊды кошсон, Мен салымымды кошсом, анда өлкөбүз өсөт, өнүгөт, гүлдөйт. Ошондуктан Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүүсүн каалайм!

Эне тил

Кыргыз тилин мурас кылган бабалар,

Кыргыз тилде сүйлөйт биздин аталар.

Азыр болсо баары сүйлөйт орусча,

Окшойбуз деп алыстагы оруска.

Баары азыр орусчаны билишет,

Башка тилде келиштирип сүйлөшөт.

Өзгө тилди үйрөнсөң да а бирок,

Кыргыз тилин намыстуулар сүйүшөт.

Абылкасымова Ыквал

XS
SM
MD
LG