Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Американын токочун ким жеп жатат?


Бир жерде конокто отурат элек, 50нүн ары-бери жагындагы адам безилдеп, Американы жерден алып көргө, көрдөн алып жерге салып жатты. Ал кишиге караганда, бүт дүйнөдө каргашанын баарына Америка айыптуу экен. Андан кийин берээк келип, Европаны да капталынан челип-челип өттү. СССР эсен болгондочу, ал экөөнүн эсесин бермек экен ал кишинин айтымындачы.

Кээси мелтиреп укса, кээси башын ийкегилеп, ооба десең деп кубаттап отурушту. Бир саам тынып калганда “өзүңүз Американы көрдүңүз беле?” деп суроо жылдырдым. Көрбөптүр. Европаны да көрбөптүр. “Эмне машине минесиз?” деп да сурай кеттим. Жанагы энесин сөккөн Европадан чыккан “Мерседес” айдайт экен... Ал ал болсун.

2005-жылы атан төөдөй саясатчылардын биринен интервью алып жатам. Адам укуктары тууралуу сурай кеттим эле, бетине жаалы чыгып, “бу Батыштын нанын жеген силер десе, ушундан башка сурооңор жокпу!” деп кекетип турганы. Андан кийин дагы бир курч суроо бердим окшойт, атамды дагы бир жолу Батышка айдады. Кудайга тобоо, дейм ичимден, бул кишини бийлик тебелеп, абакка тыкканда ошол “Батыштын нанын жеген” журналисттер менен укук коргоочулар күнү-түнү уктабай чуулдатып жатып, башын азаттыкка алып чыктык эле да... Бул бул болсун.

Дагы бир көрктүү жигит “эркиндик эле эркиндик, демократия эле демократия!” деп трибуна калтырбай жер тепкилеп жүрсө, "ии, мунун демократчыл пейили кенен турбайбы" деп, ошо Батыштын токочун жеген журналисттер аны килтейген саясатчы даражасына чыгарбайбызбы. Кийин ал кишибиз бийликтин бийик кабаттарына жетип алды да... айнып калса болобу! Кечээки демократыбыз “Кыргызстанга эркиндик эпсиз көп кирип кетиптир, Батыштын демократиясы кыргызга жарашпайт” деп атса, Күмөндөр куудул айтмакчы, таң калганыбыздан оозубуз ачылып калыптыр. Тагдырдын тамашасын карабайсызбы, кийин бийик кабаттан кайра кара жерге түшкөндө “кайдасыңар, батышчыл журналисттер?” деп, ошолорго күнү түшүп отурбайбы... Ал ал болсун.

Бишкекте жоон топ саясатчылар менен эксперттер бар, кез-кези менен АКШ менен Батышты тепкилеп, Орусия менен Путинди көкөлөтүп отурган. Жакында бир тың жигитибиз ошолордун тизмесин түзүп алыптыр – дээрлик баарынын балдары же Европа-Америкада окушат экен, же батышчыл эл аралык уюмдарды иштешет экен. Ошолордун бирөө да өзү опулдап мактаган орусиялык автомашинага отурбайт, шермендечилик болбойбу анда!

Анда деги кимибиз Американын ашын, Батыштын нанын жейбиз? Улуу муунду го түшүнсө болот, советтик идеология менен “Крокодил” журналы АКШ менен Европанын караөзгөй, желмогуз образын өмүрү чыккыс кылып кан-жанына сиңирип салган. Орто муун болсо АКШ болбосо да, Европанын четин көрүп калды го. Болбоду дегенде теле менен интернеттен салыштыруу мүмкүнчүлүгү кенен.

Мен деле Европа менен Американы көргөнгө чейин тетири ойдо элем. Ал жактарды мактабайын, менин мактоомо деле муктаж эмес го АКШ менен Европа. Алардын өз проблемалары, түйшүктөрү жетиштүү. Бирок карапайым адамга эң эле жөнөкөй шарттарды камсыз кылышкан – күнү-түнү кай жерде болбо бейкапар жүрө бер, мыйзам бузбасаң, милиция, жок, полиция кармап алып, чөнтөгүңдү тинтпейт, биздегидей кадам сайын “крутой” машинелер каршы тилкеге чыгып кубалашпайт, өңү же кийими андай экен-мындай экен деп сынап тиктешпейт... Дагы эмне? Ии баса, саясатчылары, бизнесмендери, депутаттары өзү билемдик кылбайт, өздөрүн кудай же пайгамбар тутпайт, жеп койсо биздегидей жең ичинен чечилбейт, дароо түрмөгө жаткырышат. Жетет го ыя...

Бир гана сабак: Билбей сындаба, көрбөй сөкпө, жакпайт деп жамандаба.
XS
SM
MD
LG