Кыргыз төрөлгөндөн баштап «Катуу Кармаш Керек» деген системага түшөт. «Баланы катуу кармаш керек», «кызды кырк жактан тыйыш керек», «көп эркелетпеш керек», «келинди катуу кармаш керек», «күйөөнү катуу кармаш керек», «көөп кетет», «башка чыгып алат», «жакшылык жарашпайт». Баарыбыз ушул сөздөрдү угуп чоңоёбуз, кичинебизден бизди ар тараптан катуу кармап келишет, апабыз эркелетип жатса чоң апабыз келе калып: «Көп калжаңдатпа, кийин баш бербей калат!» - деп турат. Эмнегедир адамга жылуу мамиле кылып, мээримибизди «ашыкча» төгүп койсок, сөзсүз бир жерибизден чыгып кете тургансып, карманып, кысылып турабыз.
Жаңы үйлөнүп жаткан жаш жубайларга эки тараптан бирин бири катуу кармашы керек экендиги тууралуу насааттарын айтып узатышат. Бир жолу «жакшы көрөм» же «сүйөм» деп айтып алсак, ошол сөзүбүз үчүн бизди бирөө башка чаап жибере тургансып коркобуз. Анткени кичине кезибизден биздин мээбизге куюп койгон: көөп кетет, сазайыңды берет, барктабай калат...
Кайненелер келиндерин эртели-кеч катуу кармоо менен алек, бир аз бошураак кармап койсо келини аны көтөрө албай, боштондукка карай качып кете тургансып. Өлөр-өлгүчө ички сезимдерибизге жол бербей, өзүбүздү чектеп, кыстап, жакындарыбызга жылуу сөз айткандан коркуп, уялып жүрүп өтөбүз. Бири-бирибизге ишене албайбыз. «Жакшы мамилени чындап эле көтөрө албай көөп кетсе, мени таштап кетсе, каяша сүйлөй баштаса, тоготпой калса эмне болот» деп, оюбуздун баары ошону менен алек. Күчкө салып сый-урматты доолайбыз, кучак жайып жан дүйнөбүз эргип, бактылуу болгондон коркобуз. Бирөө келип, бизге сезимдери тууралуу ачылып «сүйөм» десе, эмне дээрибизди билбей, кайра аны шылдыңдап...
Көп сүйүнсөң да эл жактырбайт. «Эмне анча каткырасың? Болду, токтот!» деп ар тараптан тыйып турушат. Бактылуу болуп, жылмайып, жашоодон ырахат алып жатканыңды түшүнө алышпайт. Дароо эле «жеңил ойлуу» атка каласың. Келин кыйналып, кайненесинен кордук көрүп, күйөөсүнөн тепки жеп, балдарын кыйналып төрөп, оор тиричиликти өз белине жүктөп алып жер карап отурса, ошону «чыныгы аялзаты» деп үлгү кылабыз. Кыйналбай жашоону кааласаң, өз бактың үчүн күрөшсөң, кээде өз кызыкчылыктарыңды же укуктарыңды коргоого аракет кылсаң, каалаган жериңе барып, каалаганыңды жеп-ичип, бакубат жашоону жашасаң, анда өлдүң дей бер. Элдин ушагына, каргышына, ал тургай, «кыргыз аялы эмессиң» дегенине каласың. «Катуу кармаш керек болчу, сендейлерди башынан!» - деп коюшат. Сый мамилеге жетиш үчүн эртели-кеч ыйлап эле отурушуң керек сыяктанат. Ичиң муздап отуруп кала бересиң.
Билесиздерби, эмне үчүн Гүлзат Мамытбек ушунчалык популярдуу болуп кетти? Анын бир эле себеби бар: Гүлзат аны телефондун экранынан карап отурган ар бир кыргызга жөн гана мээримин төгүп койду. Эч кимден укпаган жана ушунчалык угууга муктаж болуп, суусап турган «алтыным, берекем, чырагым» деген сөздөрдү айтып, элдин жүрөгүн жылуулап койду. Комментарийлерди окусам, жаштар: «Гүлзат эже, мен сизди сүйөм, жакшы көрөм, алтыным эжекем, эжеооууу» - деп жазышат. Ушул сөздү өз ата-энесинен угушту бекен, өмүрүндө? Тааныбаган эле Гүлзат Мамытбекке мээримин кайтарып, эргип отуруп калышты. Анткени ар бир адамзаты - эркекпи, аялбы, кызбы, кемпирби, абышкабы, келинби, наристеби - сүйүүгө, мээримге, жылуу сөзгө суусап, муктаж болуп турат. Эркелегиси келет.
50 жыл катуу кармагыча эки ооз жылуу сөз айтып койсо, көкөлөп, ошол адамга кайра нур төгүп, болгон нерсенин баарын берип, бардык кемчиликтерин кечирип жиберүүгө даярбыз. Күнүнө бир жолу кучагына алып, ошол эле «алтыным, берекем» деп эркелетип койсо, көөп кетмек тургай, ал адамдын колун өпкүлөп, кайненеңдин кылган кылыктарын да унутуп жибересиң. Анын ордуна кайра кагып-силккен, намысыңды тебелеген, көңүлүңдү калтырган мамилеге дуушар болосуң.
Анан жакындарыбыздан мээрим албай, боорубуз ташка айланып, Интернетке кирип алып ар ким менен урушуп бугубузду чыгарабыз.
«Сендейлерди жок кылыш керек!»
«Отурчу ары, сенден ким сурап атыптыр!»
«Эмне эле кыйшаңдайт бул, келтек жегиси келип калган кутурган катын го!»
«Азыр таап алып, бетиңди түздөп коем!»
Мындай сөздү мээримге бөлөнгөн, жан дүйнөсү тынч, бактылуу, сүйүүнү жетишинче алган, эч кимге таарынычы жок, кең пейил адам айта албайт. Жалаң гана биз кичине кезибизден бери тыюу, кыстоо, катуу кармоо, чектөө болуп жүрүп, ичибиз карт болуп калгандыктан ушундайга барабыз. Соцтармактарда же реалдуу жашоодо эң көп кыйкырган, урушкан, таарынган, башкаларды сындаган, көрө албаган, кызганган, негатив жазган же айткан адамдар - жашоосунда сүйүүгө жана жылуу сөзгө, жумшак мамилеге, эркелегенге, мээримге баарынан көп муктаж болгон адамдар. Катуу кыйкырган сайын «Мени жакшы көргүлөчү, кучактап койгүлачы, түшүнгүлөчү!» деген ый жүрөгүнөн ошончолук жаңырып турат.
Бири-бирибизди катуу кармап жүрүп, балдарыбыз да таарынчаак, урушчаак, таш боор, ызакор, ошол келечектеги соцтармактардагы тролль болуп чоңоюп келе жатышат. «Катуу Кармаш Керек» деген системадан биз бошонуп чыкпасак, балдарыбыздан неберелерибизге, андан ары урпактан-урпакка берилип кете берет. Дүйнөдөгү эң бактылуу калктарды алып карасак, алар күн сайын жакындарына, көчөдөгү бейтааныштарга, соцтармактагы инсандарга комплиментти, жылуу сөздү эң көп айткан адамдар экен, көрсө. Жол бошотуп бергени үчүн «рахмат» деп жылмайып, кол булгалап койсоң ошол адамдын да, өзүңдүн да маанайың көтөрүлүп калат эмеспи. «Кандай сулуусуң!» деп бирөө суктанып койсо көкөлөп кетесиң. «Мен сени менен сыймыктанам, азаматсың, акылдуусуң, сенин колуңан баары келет!» деп жакындарың колдоп койсо, алардын сага болгон ишеними үчүн барып тоону томкоруп жибергиң келип кетет.
Жылуу сөздү аябайлычы. Анын күчүн баалайлычы. Бири-бирибизди жумшагыраак эле кармайлычы. Кармабай койсок деле эң сонун, акыры адам жаныбар эмес да, арканга байлагансып кармап алгыдай.
Алия Суранова