Линктер

жекшемби, 17-февраль, 2019 Бишкек убактысы 20:12

"Өлгөндүн өз шору, тирүүлөрдүн тою"


Кыргызстандагы сөөк коюу. Иллюстрациялык сүрөт.

Студент, "Азаттыктын" окурманы Сыймык Марат уулу өлүм-житимдеги чыгашалар тууралуу өзүнүн блогу менен бөлүштү.

Биздин айыл Тээке деп аталат. Тоолуу, чакан айыл. Бир айыл дээрлик тууган, көпчүлүгү бир уруудан. Ошол себептүү бирөөнүн көзү өтсө бүтүндөй айыл-апа чурулдап, аза күтөбүз. Өлүм-житим болсо айылдагы бир муундун жаштары кезектешип тейлеп, өткөрүп коёбуз.

2016-жылдын кышы болчу. Анда мен 11-класста окучумун. Көптөн бери ооруканада жаткан орто жаштагы айылдашыбыз каза болуп калганы тууралуу кабар түштү. Кайгы баскан үйгө каралашуу кезеги биздин досторго жетиптир. Бардык. Ызы-чуу, өкүрүк-бакырык, балдары чыркырап ыйлап жүрүшөт. Ким ыйлабасын, атасы балдарын чоңойтуп, келин алып эми көрө турган убагында оо дүйнөгө кете берсе...

Бир убакта айыл аксакалдары “ыйлабагыла, ыйлаганда эмне атаңар тирилип келмек беле? Андан көрө узатуунун камын көрөлү”,-деди. Тынч боло түштү. Айылыбыздын аксакалы менен маркумдун 20 жаштагы уулу сүйлөшүп жатышат:

-Сойгонго эмнеңер бар?

-Жалгыз уюбуз бар, ошону соёлу.

-Болбойт! Атанын уулу болуп жылкы сойгула.

-Чамабыз жетпейт. Аны кайдан табабыз?

-Элден табылат, акчасын кийинчерээк бересиңер. Асандын (аты өзгөртүлдү - авт.) бир аксак бээси бар, ошону алып беребиз.

Ушу менен сөз бүттү, көпчүлүк эмне десе ошол. Жылкы союлду, чучук капталды, элдин баарына эт тартылып, аксакалдар түйүндөрүн көтөрө алышпай үйлөрүнө кайтышты. Кийин жылкынын акысын дагы карыз-коола кылып жатып, эптеп төлөштү. Быйыл кышкы каникулда айылга барып, алар жашаган үйдүн бош турганын көрдүм. Көрсө, баары көчүп кетишиптир, балдары Орусияга иштегени кетишкенин айтышты. Так ошол жылкыдан улам жардыланышты дебейм, бирок каражат тартыштыгынан, жакырчылыктан улам ошентишкенин туйдум.

Бул менин бала болуп, чоң дүйнөгө аралаша баштагандагы окуялардын эң эсте кала турганы болчу. Кийин деле башка аймактардагы тажыяларга күбө болдум, көбүнчө ушуга окшош эле окуялар, бээ соймой, мал соймой, кошумча кой соймой. Айылдаштарыңыз каза болгондо, катар-катар мал союлуп жатканына сиз өзүңүз деле күбө болуп жүрсөңүз керек..

Чоң энем айтып берген дагы бир окуя эске түшүп кетти. Уул баласы жок бирөө "Менин ашымды ким берет?" деп мал-мүлкүн чачып, тирүүсүндө эле өзүнүн ашын берген дейт.

Режиссер Темир Бирназаровдун “Парз” тасмасын көргөн болсоңуз, анда да ушуга окшош окуя чагылдырылат. Башкы каарман, жаш жигит абактан бошоп келген соң, атасы каза болуп, анан кара ашына эмне соёорун билбей жылкы уурдап келип, перзенттик парзын аткарат да, кайра колуна кишен салынып, түрмөгө кетет...

Мындай окуялар ондоп, жүздөп саналат. Өлүк коюу салттары колунда бар же жогуна карабай жүргүзүлүп жатат. Азыр өлгөн адам кадыр-барктуу, белгилүү инсан болсо эки бодо союлуп, андан сырткары куда-сөөктөргө, алыстан келген туугандарга 10-20 кой-эчки союлган учурлар кездешет. Кимдин үйүндө карысы болсо, анын үйүндө ырысы болбой эле, семиз, байлануу, жок эле дегенде, бир жылкысы болушу керек заман болуп калды.

Ооба, кыргыз эли эзелтен этке жакынбыз. Той-аштар мейли, адам өлүп кабыргасы кайышып жатса биздин талашканыбыз эт экени жашыруун эмес. Бирок ошо эт жана башка майда чүйдөгө канча чыгым кеткенин ойго алып көрдүңүз беле?

Маркум өлгөндөн үч күн өткөн соң үчүлүгү, бейшембилиги, кыркылыгы, жылдыгы, айттыгы өтөт, маркумга эстелик тургузуу адаты да бар. Эми жогорудагылардын ар бирине кеткен минималдуу эле чыгымдарды эсептеп көрөлү.

Биринчиси - өлүктү узатуу зыйнаты (тажыя же кара аш). Бул күнү ысырапкорчулук көп болот (бир жылкы, учурда жылкынын орточо баасы базарда 70 миң сом).

Экинчиси - маркум өлгөндөн үч күн өткөн соң үчүлүк, кечээки эт түгөнөт да, жок дегенде бир кой союлат. Кечээ эле эт жеп кеткендер бүгүн да келишет. Аларга дасторкон да жасалат. Тойдо отургандай ичип-жеп кетишет. Бейшембилигинде дагы бир кой (эки кой 6 миң сомдон = 12 миң сом).

Үчүнчүсү - 40 күн өткөн соң кыркылыгы, бул күнү той эле болот. “Чай ичирмей” салтыбыз да бар. Тойго кошумча кошкондой бир коюн жетелеп, себет жасап көтөрүп келишет. Алар сөзсүз коноктолот. (бир кой, базарда орточосу 6 миң сом). Бул негизгилери гана. Болбосо ар бир келген жамааттын өздөрү алып келген коюн өздөрүнө союп берип сыйлашат.

Бешинчиси - жыл айланганда жылдык ашы, бул чыныгы той. Ый-муң жок. Дагы бир жылкы союлат (айрыкча айылдарда). Дасторкон укмуш жасалат. Мунусунда куру кол келүү уят, кошумчасы, маркумдун жакындарына баштан-аяк сарпайы (кийими) сөзсүз болот (жогорудагы зыйнаттардын баарында ар бир киши жок эле дегенде үчтөн-төрттөн нан көтөрүп кетишет). (Бир жылкы, орточо 70 миң сом)

Алтынчысы - айттыктарда 3-4 кой (жалпысынан 24 миң сом). Бул шаанилерге жалпы кеткен нан, конфет, күрүч ж.б. баары биригип 100 миң сом дейли. Кабырга коюлуучу эстеликтин орточо баасы 10 миң сом.

Жалпы чыгым 286 миң сом. Бул менин тоголоктоп, кошумча нерселерди эске албагандагы эсебим. Албетте бул сумма кээ бирөөлөргө аз көрүнүшү мүмкүн, бирок бул орто жашаган элеттик бир үй-бүлөнүн тытынып иштеп тапкан бир жылдык кирешеси да.

Балким бул чыгымдарды маркумдун артында калган жакындары башка нерсеге иштетиши мүмкүн эле. Баласын окутмак же үй курушу да мүмкүн. Же болбосо бул акчаны мигрант болуп бир нече жылдап иштеп тапкан болсочу?

Бул жөрөлгөлөрдөгү ысырапкорчулуктардын бири дагы биздин элдин көпчүлүгү тутунган ислам дининде колдоого алынбай турганын билебиз. Муну имамдар кез-кезде айтып, эскерткени жардам бербей да келатат.

Бирок мен ага карабай ал ысырапкорчулуктарды кыскартуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт элем.

Макулдашуу аркылуу, чыгымды кыскартуу

Аксакалдар, жалпы эл оозеки гана сүйлөшүп, бир кепке келип чыгымдарды кыскартуу аракетин жандантсак. Муну көпчүлүк айылдар өз алдынча ишке ашырганын билебиз, бирок аны жапырт колдоп кетүү ишке ашпай турат. Маселен, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айылында өлүм-житимдеги ашыкча ысырапкорчулук жергиликтүү элдин өз аракети менен токтотулду деп уктук. Маркумдун бейшембилиги, кыркылыгы өңдүү жосундардагы ашыкча чыгымдар токтотулган. Мындай келишимдерди Ош облусундагы кээ бир айылдардан да көрдүм.

Коңшулардын үлгүлүү үрп-адатын алуу

Мисалы, түштүктө өзбек тектүү калк өлүмгө келген адамдарды бир кой, бир казан аш менен эле узатат. Аза тутуп жаткан маркумдун жакындарына коңшу-колоңу тамак алып келип берип турат. Биз деле ошентсек неге болбосун? Муну деле жогорудагыдай макулдашуу ыкмасы менен киргизип, зыйнаттарды ошол эреже менен өткөзсөк болмок.

Тажыяны атайын жайларда өткөрүү

Адатта көпчүлүк аймактарда тажыяда боз үй тигилип, келген-кеткендерди тосуп алып узатышат эмеспи. Мен чыгашаны азайтуу үчүн зыйнат учурунда ушул эле боз үйдүн ичине дасторкон жасап, нан-чай коюп коюну сунуштайт элем. Келген адамдар боз үйгө кирип, куран окуйт, нандан ооз тийет, болду кете беришет. Болбосо үйлөрдүн алдына, стол жайып эле, ушинтип чакан чай уюштуруп эле узатып койсо болмок.

Такыр болбосо айылдын ортосуна бир чайхана тибинде жай салып, тажыяны ошол жерде өткөрсө, келген адамдар нандан ооз тийип эле кете турган кылып койсо болот. ​

Мыйзам менен катуу көзөмөлдөө

Эгер бул идеялар жардам бербесе анда, кадимкидей эле мыйзам кабыл алып, өлүм-житимдеги ысырапкорчулукту мамлекеттик деңгээлде эле тыюу салып коюуну сунуштайт элем. Анткени чек коюу буга чейин жергиликтүү деңгээлде ишке ашканы менен, анын жемиши узак болгон эмес.

Өзгөндө жергиликтүү кеңеш ашыкча той бергендер, же маркумдун зыйнатына ашыкча мал сойгондор 25-50 миң сом айыппул төлөшү керек деп чек койгон, бирок ал масштабдуу жайылган жок. Бирок бул мыйзамдар кагаз жүзүндө гана калып келет.

Минтип аймактардын эле деңгээлинде калтырбай, Тажикстандагыдай же башка өлкөлөрдөгүдөй так мыйзам киргизип, анын аткарылышы талап кылышы керек. Ал мыйзамды аткарылышын айыл башчы, аймактык милиция, айыл имамы баары биргеликте көзөмөлгө алып, өлүм болгон үйдө көзөмөл жүргүзүшү керек.

Албетте өлүм-житимдеги ысырапкорчулукту толугу менен жое албайбыз деңизчи, бирок чыгымдарды азайтуу колубуздан келет го деп ойлойм.

"Өлгөндүн өз шору" деп коет элибизде. Бирок, келгиле, эми тажыяларды "тирүүлөрдүн тоюна" айлантпайлы.

Сыймык Марат уулу, студент

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG