Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Жоокер Катанбердиевди тааныгандар барбы?


Германиянын Гера шаарындагы советтик жоокерлердин көрүстөнү
Германиянын Гера шаарындагы советтик жоокерлердин көрүстөнү

Ар жылы 9-май, Жеңиш күнү жакындап келаткан сайын мындан дээрлик жыйырма жылдан ашык убакыт мурда башымдан өткөн бир окуя эске келет.

Ал кезде мен бардык өзүм теңдүүлөрдөй эле Ата Мекенди коргоо үчүн Советтик армиянын катарына чакырылып, тагдырдын буйругу менен Германиянын Гера шаарындагы Советтик аскер бөлүктөрүнүн бирине түшкөн элем. Биз кызмат өтөп жаткан шаардын чет жагында Советтик жоокерлер көмүлгөн көрүстөн жана ага жанаша курулган мемориалдык комплекс жайгашкан. Аны көрктөндүрүп жана ирээтке келтирип туруу вазийпасы биздин аскер бөлүккө жүктөлгөн. Жыл сайын биздин бөлүк ал жерде 23-февраль, 9-май майрамдарында атайын иш-чара уюштуруп, гарнизондогу мектеп окуучулары ар кандай салтанаттарды өткөзүп, аягында аскерлер асманга залп атып, марш өткөзөөр элек. Акыркы жолу мындай иш-чара ал жерде 1992-жылы өттү. Акыркы дегеним, ошол жылдын август айына чейин ал жерден биздин аскерлер толук чыгарылып кетмек болчу. Мурда жаш жоокер болгондуктанбы, мемориалдык комплекске келгенде катарга тизилип келип, кайра кетип калчу элем. Экинчи жагынан, ал көрүстөндө аты-жөнү жазылган жоокерлердин тизмесин окуганга мүмкүнчүлүк деле болчу эмес.

Эсимде, биздин аскер бөлүк акыркы жолу ал комплексти шыпырып, тазалап ирээтке келтирүү үчүн кезектеги майрамга эки күн калганда барган. Бул жолу ал жерди кыдырып, ар бир эстеликтеги жазууларды окуп чыкканга менде кенен убакыт болду. Анда ар бир жоокердин фамилиясы, аты, туулган күнү жана өлгөн күнү жазылган отуз бир жана «белгисиз жоокер» деген жазуусу бар жыйырма эки мармар таш кыдырата тизилген эле. Ал таш эстеликтердин арасынан кыргыздыкына жакындашкан КАТАНБЕРДИЕВ деген фамилияны кездештирдим. Аты жазылбагандыктан адегенде анча деле маани берген эмесмин. Андай «берди» менен аяктаган аттар кыргызда эле эмес, өзбектерде, казактарда, түркмөндөрдө, каракалпактарда, азербайжандарда жана түндүк кавказ элдеринде кезигээрин угуп, көрүп эле жүргөм.

Элинен ушунча алыста көмүлгөн эки мусулман жоокерге (көмүлгөндөрдүн арасында дагы бир кавказдыктарга таандык мусулманча фамилиясы бар бирөө болгон) багыштап куран окуп коюш керек деп ичимден ойлодум. Советтик мектепте, андан соң жогорку окуу жайда атеисттик билим алып жүрүп, куран окуганды деле үйрөнүп албаганыма ошондо аябай өкүнгөм. Взводдун командиринин орун басары болгондуктан, эртеси куран окуганды билген бир өзбек баланы кошо ала келмей болдум.

Советтик окуучулардын салтанаттуу жыйынында тартылган сүрөт. Гера шаары
Советтик окуучулардын салтанаттуу жыйынында тартылган сүрөт. Гера шаары

Бирок ал күнү ишенген балам нөөмөткө чыгып кетиптир, тилекке каршы эртеси күнү да куран окулбай калды.

Гера шаарынан биротоло кеткенге чейин да командирлерим аркылуу канча жерлерге кайрылып, ошол катардагы жоокер Катанбердиев тууралуу маалымат алып берүүсүн сурандым. Бирок эч жерден маалымат табылган жок. Сураштырып жүрүп билгениме караганда, ал жерге 1945-жылдын июлунан баштап келе баштаган Советтик аскерлердин курман болгондору жана аскердик госпиталда дарыланып жатып, каза болгондор көмүлгөн.

Эмне үчүн 1945-жылы июлдан баштап келген деген суроо жаралбай койбойт. Гера шаарын жана анын айланасын 1945-жылдын жаз айларында Америкалык союздаштар бошоткон экен. Кийин Германия капитуляция болгондон кийин өзүңөр билгендей, аны төрт секторго (Советтик, Америкалык, Франциялык жана Англиялык сектор) бөлүшкөн эле. Ошол бөлүштүрүү жараянынын натыйжасында Тюрингия жери (Гера шаары да ал аймакка кирет) Советтик секторго берилген жана биздин аскерлер эч кандай урушу жок эле андан кетип жаткан америкалык аскерлердин ордуна келишкен. Бирок согуш бүткөнү менен ар кандай майда куралчан топтор же партизандык кыймылдар каршылык көрсөтө бергендиктен, жүргүзүлгөн «рейд» жана «операциялардын» жүрүшүндө аскерлер дагы деле жоготууларга учурап турушкан.

Мен өзүм да кийин бир ирет бутумду кокустатып алып, 1945-жылдан бери аскер госпиталы болуп турган ошол ооруканага бир жума дарылангам. Белгисиз жоокер Катанбердиев тууралуу госпиталдын кызматкерлерине да кайрылып, бирок ал жылдар тууралуу эч бир документ таба алганым жок. Кандай болгон күндө да, балким ушул жоокер кыргыз болуп жүрбөсүн деген ойлор Герадан кеткиче жадымдан чыккан жок. Анткени, биринчиден, анын аты жазылган эмес, экинчиден анын фамилиясын балким туура эмес жазып коюштубу деген ой келчү. Себеби мындай бир окуя болгон: бир классташ баламдын агасы армияда «Целинада» кызмат өтөп жүргөндө анын командирлери үйүнө мактоо баракчасын жөнөтүшөт. Штабдын гербдүү печаты басылган, чоң даражадагы командир, начальниктердин колу коюлган грамотанын печаттык машинкада жазылган тексттине Жалил Аскаровду «Заил Лекаров» деп жөнөтүп салышкан экен. Көрсө, Жалилге тилдери келбей Заил деп айтышчу тура, ошол боюнча анын мактоого көрсөткөн рапортто, балким түшүнүксүз кол жазма менен Zaul ekapoß деп жазып коюшса керек. Анан ал жазууну штабдагылар окуй алганына жараша Лекаров деп коюшкандай, сыягы. Бул окуя бардык жактан кененчилик болуп турган 80-жылдарда болуп атса, анан алаамат согуш жүрүп жаткан 45-жылдарда калем сап, кагаз, сыя тартыш кезде мындан да башкача жагдайлар болуп кетиши толук мүмкүн эле.

Ошол күндөрдө Катанбердиев аттуу фамилияны мен ар кандай варианттарда жооруп көрчү элем. Мисалы, Касамбердиев, Каранбердиев, Капанбердиев, Кадамбердиев деп, деги койчу кыргыздын болгон сөздөрүнө байланыштырып айтсак окшошо берчүдөй. Дагы бир аргументтүү вариант: ал госпиталга эс-учун билбеген абалда эч документтери жок түшүп калышы мүмкүн эле (өрттөнүп, сууга агып, кескиленип, жарылып) жана эсине келген кезде доктурлар анын аты-жөнүн тактаганга аракет кылышкандыр. Балким дарыгер же медайым анын кыйналып, кысталып ооздон чыккан сөзүнөн фамилиясын курап коюшу мүмкүн эле. Балким ошондо ортодогу бир тамгасы айтылбай же жазылбай калгандыр.

Жогоруда жазгандай, ошол жылдардан бери бул "белгисиз жоокер" майрамдарда менин эсиме түшөт, кээде ошол эки жоокерге багыштап өзүмчө куран окуп да коюп жүрөм.

"Мемориал" сайтындагы маалымат
"Мемориал" сайтындагы маалымат

Мындан бир аз мурунураак Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата орус телеканалынан кандуу согуш жылдарында өлгөн жана дайынсыз жоголгондордун бирдиктүү тизмесин Орусиянын коргоо министрлиги «Мемориал» деген сайт аркылуу ачыкка чыгарды деген кабарды уктум. Ошол замат Катанбердиев эске түштү. Ал сайтка кирип, дароо ошол фамилияны издесем, баягы жыйырма үч жыл илгерки маалыматтарды гана таба алдым. Аталган эң чоң архивде андай фамилия жалгыз гана мен айтып жаткан жоокердики болуп чыкты. Бирок ал жерде да анын аты-жөнү, кайдан жана кайсы жылы, каерде аскерге чакырылгандыгы жана кайсы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнү тууралуу бир да ооз сөз жок. Башкача айтканда, ошол Гера шаарындагы 147-комендатурада болгон эстеликке байланыштуу документтердин эле көчүрмөсү экен. Менин тамгадан ката кетип калгандыр деген шек саноом ушул жерден да табылып калды. Биринчи документтерде (Гера шаарынын комендатурасынын тизмесинде) ал жоокерди КОТАНБЕРДИЕВ деп жазып коюшкан экен, ал эми «Мемориалдын» бардык документтеринде ал КАТАНБЕРДИЕВ деп жазылып жүрөт. Гера шаарына байланыштуу башка форумдардан ошол көрүстөн тууралу издештирсем, алардан да ошол сүрөттөр жана эскерүүлөрдөн башка жаңы маалымат көрө алганым жок.

Мына ушулардан улам, балким чындап эле бул жоокердин үйүнө убагында эч кандай кабар берилген эместир деген ойлор келе баштады. Анткени ал 1945-жылдын сентябрь айынын ортосунда каза болгон. Негизи госпиталдын кызматкерлери анын аскер бөлүгүнө маалымдама жибериш керек болчу. Ал эми бул айларда аскер бөлүктөрдүн дээрлик көпчүлүгү кайрадан Советтер союзуна чыгарылып кете баштаган, ал эми кээ бирлери Япон согушуна жөнөтүлгөн. Жогорку жаштагы жоокерлердин баардыгы (биздин каарманыбыздын жашындагылар да) үйлөрүнө бошотулган эле. Ушундай баш аламандыкта ал аскер бөлүгүн табыш деле оңойго турбаса керек. Ал жоокер тууралуу өздүк маалымат ошол аскер бөлүгүндө гана болушу мүмкүн эле. Ал аскер бөлүктүн журналдарында бул жоокер, балким госпиталга кетти деп жазылып калып, аскер бөлүгү үчүн дагы деле тирүү деп саналган. Бирок ал аскер бөлүгү ошол бойдон жүрүшүн улантып, башка жакка жөнөп кетиши толук мүмкүн. Дайынсыз жоголгондор же өлгөндөр башка формадагы тизме менен катталгандыгын да ошол "Мемориалдын" беттеринен алынган штабдык тизмелерден көрсө болот. Аскер бөлүктөрү согуштук жоготууларды каттап жүргөн тизмелерде көрсөтүлгөндөй, анда жоготуулар гана эсепке алынган. Ал эми командировка, өргүү, нөөмөт, кезмет, дарылануу башка тизме боюнча жүргөн.

Архивге аскер бөлүктөрү жиберген маалыматтарды бир караган адам, бул жазуулар ошол кандуу согуш жылдарында эмес, акыбал бир канча турукталган же таптакыр эле согуш басылган убактарда жазылгандыгынан кабар берип турганын байкайт. Бул документтердеги акыркы графага ал жоокердин кайсыл туугандарына маалымат берилгендиги, алардын дареги тууралуу да маалымат жазуу үчүн орун калтырылганын көрсө болот. Ал эми кээ бир аскер бөлүктөрү штабдагы документтери менен кошо тыптыйпыл талкаланып жок болуп кеткен учурларды да тарыхтан жакшы билебиз. Ал эми госпиталда ал жоокер тууралуу эч маалымат жок болгон соң, алар деле анын үй-бүлөсүнө кабар бере албаса керек. Айрым чоң-чоң операциялар, салгылаштар жана жүрүштөр ушул күнгө чейин «жашыруун» деген грифтин артында сакталып турганын угуп калабыз. Аларда да өлгөн жана дайынсыз жоголгон канчалаган адамдардын, аскер бөлүктөрдүн, кемелердин тагдырлары катылып жаткандыр.

Катанбердиевди Борбор Азиянын маалыматтарынан издештирип көрөйүн десем, андай электрондук маалымат базасы Казакстандан башка бир да мамлекетте түзүлбөптүр. Казак туугандар ал жаатта аябай чоң жумуш жасашыптыр. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана дайынсыз жоголгон казак жоокерлеринин бардыгын ошол «Мемориалдын» сайтына алфавит боюнча жайгаштырып коюптур. Ал жерден издештирип көрсөм, андай фамилия казак элинде таптакыр жок болуп чыкты, Катанбаев деген бир гана фамилия жакындашат экен. Өкүнгөнүм, эмне үчүн биздин жетекчилерибиз, патриот инсандарыбыз андай маалыматтык базаны буга чейин бирдиктүү бир куржунга топтогон эмес, эмне үчүн андай маалыматтарды санариптик форматка өткөзүп, өздөрү сайт ачпаса да, ошол эле орустардын «Мемориал» сайтына жайгаштырып коюшпайт?! Балким күндөн-күнгө катары суюлуп бараткан ардагерлерибиздин көзү тирүүсүндө бир далай керектүү маалыматтарды алып калмакпыз. 70 жыл мурун эл үчүн, жер үчүн деп жанын берген баатырларыбызга таазим көрсөтүүнүн эң эле мыкты жолу ушулдур. Буга деле өтө көп каражат кетпесе керек, ансыз деле канчалаган министрликтердин, комитеттердин, облус-райондордун мааракелерин, юбилейлерин мамлекеттик деңгээлде жылына өткөзүп келатабыз.

Бирок эч нерсеге карабай мен бул жоокердин тагдырын изилдөөнү уланта берем, анткени, чындап эле Борбор Азия өлкөлөрүндө Катанбердиевди издеп жүргөн адамдар бардыр. Балким алар сиздердин радио аркылуу угуп калаар.

Советтер Союзундагы республикалардын ортосундагы чек аралар жок болгондуктан, тигил же бул өлкөнүн адамдары кошуна республикада окуп, же иштеп жүргөн жеринен ошол республиканын военкоматы тарабынан чакырылып, согушка жөнөтүлгөн учурлар аябай эле көп кездешет. Мындай учурлар да издөөнү татаалдантат. Себеби аскер бөлүктөрү «кабарды» жоокерлердин чакырылган жери боюнча, ошол республикага жөнөтүп турушкан.

Тарыхты карап көрсөк, өлдү деп «кара кагаз» келген адамдар бир канча жылдардан кийин аман-эсен үйүнө кайтып келген окуялар бизде гана эмес, экинчи дүйнөлүк согушка катышкан бардык өлкөлөрдө ондоп эмес, жүздөп саналат. Албетте бул окуянын аягы андай кубаныч менен бүтпөшү мүмкүн, бирок балким тегерегибизде, алыскы айыл-апада ошондой фамилиялуу жоокерди дайынсыз жоголду деп санаган үй-бүлө бардыр. Балким ал жоокердин жесири тирүүдүр, балдары же ини-агалары, бир туугандары айланабызда чогуу жашап жатышкандыр. Антип айтканымдын да бир себеби бар, 150 түтүндүү биздин чакан айылыбыздан ал согушка кетип, кайра кайтпай калгандардын саны 33 экен. Алардын ар бирин, ошол «Мемориалдын» маалымат базасынан издештирсем, үчөөнүн гана аты-жөнү табылды. Калган отузу ушул менин каарманым, катардагы жоокер Катанбердиев сыяктуу болуп, балким бир жерде көмүлүп, үй-бүлөсүнө эч кабар жетпестен дайынсыз жоголгондордун катарын толуктап тургандыр. «Мемориалдын» сайтындагы тизмелер согуш бүткөн соң, бир туугандары расмий түрдө военкоматтар аркылуу издөө салгандардын гана аттарынан куралган экен. Бизде болсо "болоору болду, өлгөндү кайтарып ала албайбыз" деп, ошол жылдары көптөрү андай кайрылуу жөнөтүшкөн эмес.

Герадагы мемориалдык комплекстеги көрүстөндө азыр жыл сайын аларга таазим кылып, опур-топур болуп чогулуп тургандар жок болсо керек. Каз-катар тизилип баскан солдаттардын өтүктөрүнүн дүбүртүн, асманга атылган залптарды жана салюттарды, жаш балдардын, окуучулардын шаңдуу каткырыгын жана ырларын да алар сагынгандыр...

Белгисиз жоокер Катанбердиевдин жакындарын издеп табуу аманатын мен мындай жыйырма үч жыл мурда ошол эстеликтин жанында туруп, өзүмө жүктөгөн элем. Эгер издөө иштеринен жыйынтык чыкпаса, буйруса кайра дагы бир барып куран окуп, ал жоокерлерге таазим кылып келсем деген изги тилегим бар. ​

Темир Жусупбеков, Бишкек шаары

XS
SM
MD
LG