Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Акыйкатчыга бир эле аял


Мындан төрт-беш жыл мурун "Жаңы агым" гезити ошол кездеги өлкө башчысы Курманбек Бакиевден тартып, катардагы бизнесмен, депутаттарга чейин эки бүлө менен бир убакта түтүн булатып жаткандыгын жазган эле. Атургай өлкө башчысынын ажатын ачып берейин дегениби, ал кездеги юстиция министри Марат Кайыпов эки аял алууну мыйзамдаштырууну сунуштап жиберип, «ханзаданын» каарына калганын тар чөйрөдө сөз кылышкан. Кайыповдун осол жоругу көп элдин эсинде калган экен. Жакында эле акыйкатчылыкка талапкерлигин койгондо: "эмне, эки аял албай калган эркектердин укугун коргойт бекен?" деп жазышкандар болду.

Атактуу ырчы кызыбыз Гүлнур Сатылганова “эки аял алганга түз эле карайм. Бул болуп келген, болуп жатат, боло берет” деген таризде айтты. Дагы бир ырчы айым Роза Шакирова “экинчи аял экенимди жашырбайм” деп маек берген. Маркум Мухтар Өмүракуновдун улуу аялы “өмүрүнүн акыркы жылдарында мага ыраазычылыгын көп айтты" десе, кичүү аялы Айжан Акылбекова жолдошу Мухтар анын "жанынан чыкпагандыгын, ага гана ишенгендигин” жазат.

Белгилүү коомдук ишмер эки аялына бирдей мамиле жасаганга аракет кылганын бир убактарда көрүп калчубуз. Бирок экөө тең “капризный” эле. "Сенден мен кыйын" болуп көрүнчү. Экөөнүн кыялына кантип түтөт деп күйөөсүнө таң калчубуз. Мындай жашоодон кандай ырахат алат деп кызыкчубуз. Бир убакта айтылуу Өзүбек ажы теледен катуу чыгып, эки аялы, он бир баласы бир короодо жашаарын шардана айтып мактанган. Куудул Рахман Разыков бир убакта үч аялы бар экенин, аларга өзү таңкыс болгонун айтып, ымандай сырын төктү.

Айта берсек сөз көп, тизмебиз да узарып кетчүдөй. Бул эч кимге өөн учурабайт - кадимки күнүмдүк көрүнүш катары санашат. Сурай келсең оор, талаш маселе деп качышат. Ислам өлкөлөрүн айтпаганда, орто кылымдагы эки аял алуу маселесин эңсеген, ачык айткан ушул биздин көйгөйү көп Кыргызстанда эле экен.

Эки киши баш кошуп жашаш үчүн сүйүү керек деп айтылат. Анан сүйүшкөндөрдүн ортосунан өзгөчө тукум калат деген жыйынтык да чыккан. Эгерде араб өлкөлөрүндө төрт аялы бир короодо жашаса, жанагы бай шейх төртөөнө тең сүйүүсүн төгө алабы? Албетте жок, бирин артык, бирин кем көрөт. Гаремдеги жаңжал тууралуу Бразилиянын «Жади», азыр жүрүп аткан түрктөрдүн «Даңазалуу кылым» деген сериалдарынан кыргыздар жакшы эле тааныш болуп калышты го дейм. Ушундай жашоо керекпи?

Баягыда бир араб өлкөлөрүндө жашаган аял өзүнөн кийин дагы аял алган жолдошун кызгангандан асынып алгысы келээрин, бирок наристе балдары үчүн жашап жүргөнүн айтса зээниң кейийт.

Маселени кароодо экинчи аял алуунун себептерин төмөндөгүдөй бөлүп караганыбыз оң.

Биринчи топтогулар. Колуна акча тийип, байып калган учурда, чоң кызматка жеткенде бай-манаптык сезимдер да козголот. «Кыргыз байыса, аял алат» деген ушуларга таандык. Жашы элүүнү чапчыса да он сегиз, жыйырма жаштагысын карайт. Буларды "канчалык жаш алсаң ошончолук жашарасың" деген «вампирлер» десе да болот. Дене-күчү жагынан деле эки аялды бирдей таарынтпаганына күмөн туулат. Тигил бизнесмен досумдан "мен кем бекем" деген манчыркоо да бар буларда.

Бир убакта байлыгына кызыгып, тийип алган узун бут сулуулар он жылдан кийики өзүнүн абалын карап, өкүнсө өкүнөт, өкүнбөсө күйөөсүнүн неберелери менен куракташ балдарын жетелеп жүрө берет. Андайларда үчүнчү, төртүнчүсү да болушу мүмкүн...

Өкүнүчтүүсү, биринчи аялында «Уул десе уулду, кыз десе кызды төрөп бердим. Жаш кезибизде кыйналып бутка тургандан кийин ырыскыбызды талашкан бирөөнү ортомчу кылат» деген арман көкүрөгүндө жашап калат. Мейли, бул топтогулар кырк жашка чыгалек деп деле санайлы. Анда аялдарынын биринен бири өзүн тың эсептейт, сулуу санайт, көбүнчө экинчи аялы "артыкчылыкка" ээ болушу мүмкүн...Ушундай жашоо керекпи?

Экинчи топтогулар. Өзүнүн жеке абалы экинчи жолу үйлөнүүгө алып келет. Аялы такыр төрөбөй калган учурда, оорукчан болсо, балдарын көбөйткүсү келген учурда ж.б. курулай себептер. А муну Америка менен Европа өлкөлөрүндөгү сүйгөн жарлар бала асырап алып эле чечип жүрүшпөйбү.

Бишкекте бир досум бар эле. "Үч кызыбыз бар. Мындан ары төрөй албайм. Мен өзүмчүлдүк кылсам жолдошум тукум улаар эркексиз калабы? Андан көрө үйлөн деп атам" дейт. Дагы бир курбум жазган "аянычтуу айкөлдүк" десе болот муну. Бул дагы биздин кыргызча оюбуздун кесепети. Өнүккөн өлкөлөрдө адамды жыныстык жактан дегеле бөлбөйт. Кыз, уул - бирдей бала. Тукумун улаш үчүн эркек төрөлүш керек деген жокко эсе. Жанагы эки аял маселесин көтөрүп аткандар дал ушул экинчи топтогу себепти карманышат.

Үчүнчү топтогулар. Диний көз караштагылар. Өзгөчө ислам дининдегилер үчүнчү, төртүнчү аялды кадыресе көрүнүш катары санайт. Жогорудагы эки топ да ислам дининин ушул мыйзамына таянышат. Арасында «шариятта төрт аялга уруксат» дегенди гана жадыбалдай жаттап алышкан чала молдолору бар. Алар Мухаммед пайгамбар эмне үчүн, кайсы убакта кайра-кайра үйлөнүүгө туура келгенин да жөндөп айтып бере алышпайт. Жанагы «менин экинчи үй-бүлөм» деген ушундан келип чыккан. Лөлүлөрдөй «эки аялым биригип, бир мени багалбайсыңарбы?» дегенден кайра тартпагандар. Эртеңки күнү менин ушул макалам үчүн төө бастыга алчулар да ушулар. Жоолукчан эжелерим, сиңдилерим «Мен төртүнчү аял болуп жашаганыма деле сыймыктанам. Сенин кандай жумушуң бар?» деп чурулдашса деле таң калбайм. Кыргыз кыздары сойку болуп кетип атат, күйөөсү жок калгандан көрө ушинтип төрөп алышсын деп боор оорубай койсо деле болот. Дегеним, сойкулук байыркы кесип, ал ошол динди бекем кармаган Аравияда да өтө өнүккөнүн кеп кылып келишет.

Бирок айта кетчү нерсе: башка өнүккөн өлкөлөрдөн дин окуу жайларын бүтүрүп келаткан күчтүү муундун жаралып баратканын да жашырууга, танууга болбойт. Эки аял, үч аял дегенди кийинки динчилерден көп көрбөдүм.

Байкоого караганда, бул эки аял алууну сунуштаган, саналуу мансапты көтөрө албай манчыркаган кыргызбайлар 1950-1970-жылдары төрөлгөн муунга таандык. Бул муун өкүлдөрүнө "мыйзамды бузуп жатасыңар, бизде эки аял алууга тыюу салынган" деп ачык айтчу киши жоктой. Албетте "эки аял алдың" деп аянтка алпарып баштарын алалбайбыз. Мыйзам бизде иштебейт. Эгер иштесе, бир кездеги президент Курманбек Бакиевди баш кылып соттош керек болчу.

Азырынча мыйзамдардан да күчтүү кыргызбайчылык психологияга баш ийип баратат окшойбуз.

Карамат Токтобаева
Прага, 1-февраль. 2013-ж.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG