Сиз айыпталуучусузбу, күбөсүзбү же жабырлануучусузбу – айырмасы жок: соттук териштирүүнүн катышуучусу катары башыңызга иш түштү дей бериңиз. Мындай азап көп учурда жазага айланат эмеспи. Ал эми эмоциялары өзгөчө күчтүү болуп, бардык нерсени тез кабыл алган балдардын абалын элестетип көрүңүзчү!
Көп жыл мурда болгон бир соттук териштирүү ушул күнгө чейин эсимде. Ошол сотто көчөт кыз үй-бүлөсүнүн сегиз мүчөсүн – апасын, атасын жана бир туугандарын өлтүргөн кылмышкерге каршы көрсөтмө берген эле. Кылмышка күбө болгон кыз менен айыпталуучунун ортосунда полиция кызматкерлери гана турганы болбосо, алар бири-бирине өтө жакын аралыкта отурушкан. Адамдын үрөйүн учурган ошол окуяны кайрадан эстеп, чоо-жайын айтып берүүгө мажбур болуп отурган кыздын көздөрүн, башынан өткөн азапты эстеген сайын дирт этип коркконун эч унутпайм. Секелектин кайраты жана эр жүрөктүүлүгү менде өтө чоң таасир калтырган эле. Ошентсе да, өмүр бою жүрөгүндө чоң так болуп кала турган, тагдырына балта чапкан ошол кылмышты кайрадан эскерүүгө мажбур болгону үчүн кызга боорум ооруп, катуу кейигенмин.
Ошол сот эч эсимен кетпейт. Ошондуктан Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жана Жогорку соту милиция бөлүмдөрүндө жана сот залдарында балдар үчүн өзүнчө бөлмө ачуу боюнча нускама чыгарууга макул болгонун угуп абдан кубандым. Бул бөлмөлөр ЮНИСЕФ иштеп чыккан стандарттарга ылайык даярдалмакчы.
Ушул тапта алты милиция бөлүмүндө жана алты сот залында балдарды стресстен жана кайрадан психологиялык азап чегүүдөн коргоо максатында атайын бөлмөлөр ачылды. Британ өкмөтүнүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен мындай бөлмөлөр Бишкекте, Аламүдүндө, Сузакта, Караколдо жана Токтогулда ачылган. Чындап эле, тынч жана коопсуз жер баланы ашкере стресстен коргоонун бир ыкмасы болуп саналат. Ошону менен бирге баланын соттук териштирүүгө өзү макул болуп катышууга жана сот адилеттигинин орношуна көмөк көрсөтүүгө жол берген негизги шарттардын бири. Көрсөтмө берип жаткан учурда айлана-чөйрө ансыз да коркуп турган жеткинчекти ого бетер чочутпагыдай болууга тийиш. Мунун ордуна бала өзүн коопсуздукта сезиши үчүн оюн бөлмөсүндөгүдөй шарттар түзүлүшү абзел.
Берилген нускамаларга ылайык, өлкө боюнча милиция бөлүмдөрү жана сот залдары ушул стандарттарды бара-бара киргизе башташы керек. Бул балдардын кызыкчылыгын мүмкүн болушунча жакшы камсыз кылуу аракети жана сот адилеттик системасы бири-биринен ажырагыс байланышта болушу үчүн жасалууда. Мындай жол менен мамлекет калктын өзгөчө аяр бөлүгүн натыйжалуу коргоп, балдар үчүн калыстыкты камсыз кылып бермекчи.
Ошентип, бул – Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүндөгү балдарды коргоп, өнүгүүгө көмөктөшүү жолундагы кезектеги кадам болуп калды.
Лусио Валерио Сарандреа – Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси.