Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Баткендиктер тажик милициясына нааразы


Чек арадагы чыр-чатактан улам топтолгон эл. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы, 2011-жылдын апрель айы.
Чек арадагы чыр-чатактан улам топтолгон эл. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы, 2011-жылдын апрель айы.

26-декабрда Баткендин Тажикстан менен чектеш Ак-Татыр айылынын 150 чакты тургуну облустук бийликке даттанып келди.

Алар облус бийлигине кошуна Тажикстандын милиция кызматкерлери чек арадан кыргыз жарандарын себепсиз эле кармап, жасалма айып тагып жатканын айтып, абалды тез арада жөнгө салуу талабын койду.


Жалган жалаабы же курдооматпы?


Актатырлыктардын айтымында, мындай учурлар соңку кезде көп кайталанып жатыптыр. Маселен өткөн жумада бул айылдын 35 жаштагы Абдилла Назаров аттуу тургуну дайынсыз жоголуп кеткен. Жакындары издеген жери калбай, айласы кетип турганда, 22-декабрда кошуна тажик милициясынан анын кармалып турганы тууралуу кабар келет. Көрсө аны Баткен районунун Үч-Дөбө айылы менен Тажикстандын Хожъалоо айылынын чектешкен аймагынан кошуна өлкөнүн милиция кызматкерлери кармап кеткен экен.

Анын агасы Исламидин Назаровдун айтымында, тажик милиционерлери эптеп акча өндүрүү амалында ушундай ишке барышы мүмкүн:

- 27 грамм гашиш жана 0,3 грамм героин менен кармалды деп жалган жалаа тагыптыр иниме. Буга чейин алар сабап, кыйнап моюнга алдырышты да. Тергөөчүсү болсо инимди чын дилден күнөөсүн моюндады деп жатат. Мындай болушу мүмкүн эмес да. Бир жумадай болуп жатат. Мындай окуялар көп болуп жатат. Биздин бийлик да өздөрүнө жараша мамиле кылышы керек болчу. Чек аралаш аймакта каалаганын кылып жатат алар...

Чек арадагы абалга нааразы болуп келген эл менен губернатор жана облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы жолугушту. Даттанып келгендер кошуна өлкөнүн түндүк аймагы соңку кезде күйүүчү май менен Кыргызстан аркылуу камсыздалып, кошуналар Орусия менен Кытайга чыгуу үчүн да Баткен облусунун аймагынан өтүүгө аргасыз экенин эске салышты. Алардын пикиринче, болгону ушинтип эки элдин өз ара алакасы менен өтүп жаткан жай турмушка тажик милиция кызматкерлери кийлигишип, эптеп акча өөнө амалында кыргыз жарандарын ар кандай шылотоолор менен кармап жатыптыр.


Тараптар тил табышабы?


Чогулгандардын датын уккан облус губернатору Арзыбек Бурканов бул маселе боюнча тийиштүү кызматтар иш алып бараарын, өзү да Тажикстандын Согди облусунун төрагасы менен сүйлөшөөрүн билдирди:

- Эгер маселе чечилбесе Согди облусунун жетекчиси менен сүйлөшөм. Маселе оң жагына чечилишине көмөктөшөбүз. Бизе берилген ыйгарым-укуктук негизде жардам беребиз. Муну эми дипломатиялык жол менен мыйзамга таянып чечишибиз керек. Эгер чындап эле кошуна милициялар жалган жалаа менен кармап жатса ага ылайык мамиле кылабыз. Андайга жол койбойбуз.

Эки өлкөнүнүн чек ара аймактарында болгон мындай иштерде ким туура, ким натуура экенин кесе айтуу кыйын. Анткени буга чейин да чек аралаш аймактарда мыйзамсыз соода жүргүзүп, же маңзат ташып, уурулук жасап, ар кандай жат аракеттери менен күч кызматтары тарабынан кармалгандар эки тараптан тең көп эле кездешкен.

Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Арстан Усанов болсо эки өлкө бири-биринин ички мыйзамдарына кийгилише албастыгын, жогорудагы окуя боюнча тажикстандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтат:

- Өткөн жумада мен тажик кесиптештер менен жолугуштум. Биздин кармалып турган жаранды туугандары менен жолуктурууга макул болушту. Тажикстандын кылмыш жаза кодекси боюнча 201-берене коюлуптур. Ошону жеңилдетип, жардам беребиз дешти. Эгер андай болчу болсо жазана төлөп чыгат ал бала. Дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Баары мыйзамдык негизде болот.

Баткен облусунун аймагында али тактала элек чек ара тилкеси калктуу аймактарда арбын. Мындай талаштуу маселе жаралган учурда ар бир тарап биздики туура деп чыгышат. Кээде талаштуу маселе бир тараптуу чечилип калган учурлар да бар.

XS
SM
MD
LG