Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Баткен: чек арада дагы чыр чыкты


Кара-Бактын тургундары. 1-май, 2015-жыл
Кара-Бактын тургундары. 1-май, 2015-жыл

Баткендин Кара-Бак айылынын тургундары кечээ тажик күч кызматкерлери кармап кеткен эки айылдашынын бошотууну талап кылышууда. Аткезчилик менен сымап сатуу аракетинен чыккан жаңжал боюнча тажик тарап өз версиясын айтууда.

Кыргыз чек арачылары болсо Тажикстандын жети жаранын анын ичинен үч күч кызматкерин кармап турат.

30-апрелде Кызыл-Кыя шаарынын эки тургуну Тажикстандын жаранына 180 килограммдай сымап сатмай болуп, Кара-Бак айылына келген.

Айтылган мөөнөттө Тажикстан тараптан үч жеңил автоунаа менен келген тогуз киши кыргыз жарандарын тапанча менен коркутуп, колдорун толгоп кишен салган.

Бул учурда эки кыргыз жараны отурган үйдө жашагандар качып кетүүгө үлгүрүп, айылдагы кыргыз чек арачыларына кабар берген. Чек арачылар келген учурда тажик тарап үй ээси Темирбай Маматкулов менен анын кошунасы Бекжан Бегишовду өз аймагына алып кеткен. Калган жети тажик жаранынын кетүүсүнө кыргыз чек арачылары мүмкүнчүлүк берген эмес.

Темирбай Маматкуловдун уулу Жыргалбек Тажикстандан келгендер тапанчадан ок чыгарып, үйдү тинтүүгө алышканын, короодогу байкоочу камераларды да сындырып кетишкенин айтууда:

- Кирип келип эле тополоң салышты. Тапанчадан ок чыгарышты. Балдарыбыз менен эптеп качып чыгып, атама телефон чалдым. Атам үйгө келип, мен чек арачыларга кабар бердим. Телевизорду, байкоочу камераларды сындырышыптыр. Биз келген учурда атамды анан кошунабызды алып кетишкен экен.

Тажик күч кызматкерлери алып кеткен дагы бир кыргыз жараны - Бекжан Бегишов. Ал кошунасына жүк түшүрүүгө жардам берүүгө барган кезде каргаша тооруган. Анын апасы Жумагүл Бегишова бийликтерден уулун бошотуп берүүнү суранууда.

- Менин уулум көр тириликтин айынан жүк түшүрүүгө жардам бергени эле барган. Анын эмне күнөөсү бар? Биздин аймакка кирип келип ушундай кылып жатышат. Уулумду бошотуп беришсин, аны жөнү жок кармагандарга чара көрүлүшү керек.

Учурда эки өлкөнүн күч кызматтары окуя боюнча сүйлөшүү жүргүзүп баштады.

- Бизде Тажикстандын күч кызматынын өкүлдөрү да кармалып турат. Алар чек арадан мыйзамсыз өтүшкөн. Азыр сүйлөшүү жүрүп жатат. Жыйынтык жакында билинет, - деди Баткен районунун акиминин орун басары Таалайбек Ибраимов.

Тажикстандан кармалган жети жарандын үчөөсү атайын кызматтын өкүлдөрү экени маалым болду. Тажик тарап бул окуя өз аймагында орун алганын айтууда. Кошуна өлкөнүн жарандары учурда УКМКнын облустук башкармалыгында кармалып турат.

Аталган башкармалыктын өкүлү Нурлан Кудайкулов тажикстандык кесиптештери менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, Согди облусунда кармалып турган кыргыз жарандарынын акыбалы жакшы экенин билдирди:

-Тажикстандан келишти. Сүйлөшүп жатабыз. Алар өз аймагыбызда кармадык деп жатышат. Биз да өз дообузду айттык. Биздин жарандар болсо Кожент шаарында экен. Тажикстандан бизде кармалып тургандарга кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.

Тажикстандын кармалган өкүлдөрүнө карата бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү, чек араны мыйзамыз кесип өтүү, адам уурдоо, башка өлкө аймагына курал алып кирүү боюнча бир нече берене менен кылмыш иши козголору да айтылууда. Ал эми сымап сатууга аракет кылган кыргыз жарандарына да өзүнчө кылмыш ишин козгоо боюнча териштирүү башталды. ​

Нааразылык акциясына чыккан Кара-Бак айылынын тургундары. 1-май, 2015-жыл

Кыргыз-тажик чек арасында буга чейин да бир катар чыр-чатактар катталып келген. Адистер мунун себебин чек ара такталбаганынан көрүшөт.

Расмий маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Эки өлкөнүн ортосунан өткөн чек ара тилкенин жалпы узундугу 970 чакырым. Бүгүнкү күндө анын 403 чакырымы тактала элек.

XS
SM
MD
LG