Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Чек ара кызматы кадрга муктаж


Баткен. Кыргыз чек арачысы. 14-ноябрь, 2013-жыл.
Баткен. Кыргыз чек арачысы. 14-ноябрь, 2013-жыл.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов Чек ара кызматында учурда 400гө чукул кызматкердин орду бош турганын билдирди.

Чек арачылардын жетишсиздигинин негизги себеби катары аскерлердин маянасынын, жашоо-шартынын төмөндүгү айтылып келет. Эксперттер болсо чек ара кызматына бөлүнгөн каражат толук берилбей жатканын, баарынан да аскерлердин баркын көтөрүү керектигин белгилешүүдө.

Чек ара кызматындагы 400 бош орундун 170и Баткен облусундагы бөлүктөргө туура келет. Алардын дээрлик көпчүлүгү катардагы аскерлер экенин Коопсуздук жана күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди:

- Төрт жүздөй орун деген офицерлик орундар эмес. Сержант, прапорщик, катардагы жоокерлердин да кызматтары бар да. Анын ичинен 170 кызматкер Баткен облусундагы чек ара тозоттору үчүн керек.

Мамлекеттик чек ара кызматы болсо “Азаттыкка” кадр жетишсиздигинин негизги себептери деп акча, инфраструктура жана социалдык куржун экенин санап берди:

Биринчи кезекте айлык акынын төмөндүгү. Булар сержанттар, прапорщиктер, катардагы жоокерлер. Экинчиден, чек арада иштегендердин жашоо-шартынын начардыгы, социалдык кепилдиктердин жоктугу. Чек ара кызматы мунун үстүнөн иштеп жатабыз. Ушул жылы айлык акы да сөзсүз көтөрүлөт, - деп маалымат берди Чек ара кызматынын маалымат борборунун жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева.

“Антитеррор” коомдук кыймылынын башчысы Артур Медетбеков “Кеп бир эле социалдык шартта жана акчада эмес. Эң башкысы чек арачылардын баркын көтөрүү керек”,- деген пикирде.

Артур Медетбековдун айтымында, бир эле чек арачылар эмес, Кыргызстандын бардык аскерлери заманбап курал, униформа жана аскерий жабдуулар менен камсыз болушу шарт. "Ошондо гана мекен коргоого бир эле чөнтөгү жукалардын эмес, чиновниктин да балдары да умтулушмак",- деди ал.

- Кийген кийими, көтөргөн куралы заманга ылайыктуу болушу керек. Дегеле армиянын үстүндө башка өлкөнүн кийими болгону туура эмес.

Медетбеков буга кошумча чек ара кызматына бөлүнгөн акчанын төмөндүгүн, ошол бөлүнгөн акча да толук жетпей жатканын айтты:

- Чек арачыларга бюджеттен акча которулганы менен ал 100 пайыз толук колдоруна тийбейт. Мындай көрүнүш жыл сайын кайталанат. Мына ушунун айынан бир жыл ичинде 400-500 киши жумуштан бошоп кеткен учурлар болгон. Өзбекстан менен салыштырсак, алардын чек арачыларга бөлгөн акчасы биздикинен жүз эсе, ал эми Тажикстандыкы эки эсеге көп.

Артур Медетбеков акыркы 25 жыл аралыгында аскерге кызыктыруу үчүн уландарга моралдык дух берүү салты да арткы планга өтүп калганын ортого салды. Ал мектептердеги аскерге чейинки даярдык сабактарынан баштап, коомдук каналдарда, интернетте социалдык жарнамаларды жандантуу зарыл деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG