Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Башкы чек арачылар кызматтан кетти


Кыргыз-казак чегиндеги кыргыз чек арачылары. 23-март, 2012.
Кыргыз-казак чегиндеги кыргыз чек арачылары. 23-март, 2012.

Кыргыз-казак чегиндеги кандуу окуядан улам Чек ара кызматынын башчысы эки орун басары менен кошо кызматтан кетти.

Чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленов кызматтан кетээрин Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында УКМКнын төрагасы Шамил Атаханов айтып чыкты.

Атахановдун айтымында, кыргыз-казак чек арасындагы “Эчкили-Таш” бекетиндеги окуядан соң Тиленов бул кызматты аркалоого моралдык укугу жок экенин билдирип, арызын жазган.

Андан соң бул маалыматты “Азаттыкка” Закир Тиленов өзү да тастыктады:

Закир Тиленов
Закир Тиленов
- Жогорку Кеңеште айтылган сөздөргө таянып, маалымат тарата берсеңер болот. Мен ал маалыматты тастыктайм. Эми бул боюнча чечимди президент кабыл алышы керек.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, азырынча Алмазбек Атамбаев Тиленовдун отставкасын кабыл ала элек.

Мындан мурдараак Чек ара кызматынын башчысынын орун басарлары Рыскелди Мусаев жана Таалайбек Адашпасов кызматтан алынган эле.

Чек ара кызматынын жетекчилеринин кызматтан кетишине 20-августта Ысык-Көлдөгү “Эчкили-Таш” чек ара бекетиндеги кандуу окуя себеп болду. Анда чек ара бекетинде кызмат өтөгөн Балбай Кулбарак уулу аттуу жоокер төрт сержант менен кошо алардын бирөөсүнүн аялын атып салган. Өзү эртеси кармоо учурунда окко учкан.

Чек ара кызматы бул окуя кылмышка шектүү жоокер менен айрым сержанттардын арасындагы пикир келишпестиктен улам келип чыкканын жарыя кылган эле. Бирок коомчулукта армиядагы тартиптин, өз ара урмат-сыйдын жоктугу ушул каргашага алып келди деген пикирлер айтылган.

3-сентябрда Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитетинде бул маселе талкууланды. Комитет төрагасы Токон Мамытовдун билдиришинче, депутаттар чек ара кызматында тартип жана аскердик даярдыктын деңгээли өтө төмөн деген жыйынтыкка келишти. Мындан улам президентке Коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев менен Өкмөт аппаратынын коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Көлбай Мусаевдин жоопкерчилигин кароо сунушталды:

- Буга чейин биздин комитет мүчөлөрү чек ара кызматында абал оор болуп жатат, ал жакта кадр маселеси туура эмес жүргүзүлүп жатат, мунун запкысы оор болушу мүмкүн деп Коргоо кеңешине, өкмөткө бир нече ирет кайрылышкан. Алар тиешелүү чараларды көрүшкөн эмес. Ошондуктан аталган жетекчилердин жоопкерчилигин кароону президентке сунуштадык.

Депутаттар белгилегендей, чек арачылардын оор абалда экенинине УКМКнын төрагасы Шамил Атаханов да макул. Атахановдун айтымында, чек арачылардын кийим-кече, тамак-ашына бюджеттен каралган каражат жетиштүү болбой жатат.

Ошондой эле чек арачылардын айлык-акысы да өтө эле аз. Мунун айынан офицерлер баш болуп, келишимдик негизде кызмат өтөгөн чек арачылар иштен бошоп кетүүдө. Маселен, быйыл жыл башынан бери эле 400дөн ашуун чек арачы өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Мындан улам Атаханов мамлекет чек арачыларга мамилесин өзгөртүшү керектигин билдирди.

Чек ара аскерлигинин төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Сарыбаев бул сөздө жүйө бар деп эсептейт:

- Чек ара кызматына каралган акча абдан эле аз. Алар өз базасын чыңдап, жакшыраак кызмат өтөйлү десе ага каражат жок. Чыгаша абдан эле көп, ага каражат 1999-жылкыдай калып калган. Эң төмөн айлык акы болсо чек арачыларда. Мындай улана берсе, чек арада абалдын оңолушу тууралуу сөз кылууга да болбойт.

Ошол эле учурда камсыздоо менен катар чек ара бөлүктөрүндөгү аскерлер арасында атынып мерт болгон, бири-бирине кол көтөргөн тартипсиздиктер көп катталып келатат.

Маселен Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, быйылкы жылы эле 12 чек арачы ар кандай жагдайда каза болгон. Адистер ар дайым колуна курал алып, мамлекет чегинде турган чек арачылар арасында мындай окуялардын катталышын өтө опурталдуу көрүнүш катары баалашууда.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов бул маселелердин түйүнү аскер тандоодон башталганын белгилейт:

- Мурун СССР учурунда чек ара бөлүктөрү эң элиталык бөлүк катары саналып, Аскер комиссариаттары физикалык жактан бекем, моралдык жактан туруктуу, колдон келсе жогорку билими бар уландарды чек арачы кылчу. Анан биз эгемендүүлүктү алгандан тартып мындай талаптарга көңүл бурулбай калды. Азыр армияга колунда жоктордун, мектепте билимди начар алып окууга өтө албаган, эч кимге баш бербеген тентектерди эле жиберип, ушулардан анан ылгабай эле чек арага жөнөтүп жатабыз.

Адистер чек арада кызмат өтөгөн офицерлердин да деңгээлинин төмөндүгү чек арадагы абалга таасирин тийгизип жатканын белгилеп келишет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG