Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Чарбак чатагы: чыгымдар эсептелүүдө


Чарбак айылында талкаланган унаалардын бири, 7-январь, 2012.
Чарбак айылында талкаланган унаалардын бири, 7-январь, 2012.

Алгачкы эсептөөлөр боюнча, Сох анклавындагы чатакта кыргыз жарандарына тиешелүү 20 автомашина талкаланган.

чурда көз карандысыз баалоочулар окуя болгон жерде чыгымдарды тактоо иштерин улантууда.

Жолдор дале жабык бойдон

Чарбак чатагынан улам бир жумадан бери Өзбекстандын 60 миңдей калкы бар Сох анклавы өлкөнүн негизги бөлүгү менен байланыша албай турат. Анклавга кирген-чыккан киши жок. Сохтун айылдарын аралап өтчү 700 тургуну бар Баткендин Бөжөй айылы да аалам менен байланыша албай турат.

Чек аралаш айылдардагы кыйын абалды жөнгөрүү үчүн жергиликтүү бийлик алгачкы аракетерин баштады. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков буларды айтат:

Уруш уруш менен, турмуш турмуш менен
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00
- Азыр чек арадагы абал көзөмөлдө деп айтсак болот. Чарбак айылына толук электр энергиясы берилди. Элге сууну атайын автоунаада жеткирип жатабыз. Дары-дармек, оокат-азыктар жеткирлип жатат. Бөжөй айылына болсо бир топ дарыгерлер барган. Ун жана башка зарыл оокаттарды жеткирдик. Бөжөйгө көз карандысыз жол салуу үчүн техникалар тартылып, иш башталды. Аны да бүтүрөбүз.

Бир жумадан бери чек аралары жабык турган Сох анклавынын ичинде болсо ушу күндөрү тамак-аш тартыштыгы байкалып, күйүүчү май, отунга болгон баа өсүп кеткен.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков чек араны ачуу маселеси өзбек тарап келтирген зыянды толук төлөгөндөн кийин каралаарын айтат:

- Фергана облусунун акими менен сүйлөшкөндө алгач келтирилген зыяндарды төлөгүлө, анан башка маселелерди сүйлөшөбүз деп айтканбыз. Жолдун ачылыш-ачылбашы качан гана Өзбекстан чыгымдарды төлөп бергенден кийин сүйлөшүлөт. Ага чейин качан ачылаарын айта албайбыз. Ачылганда да кандай тартипте ачылаарын ошол биздин жарандарга материалдык жана моралдык чыгымдарын төлөп бергенден кийин макулдашабыз.

Учурда көз карандысыз баалоочулар окуя болгон жерде чыгымдарды тактоо иштерин улантып жатат. Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаков өзбек тарап чыгым тарткан кыргыз жарандарына чыгып, маселени жекеме-жеке сүйлөшүү аркылуу чечүүнү сунуштаганын, бирок ага жол берилбестигин кошумчалады. Облус башчысынын айтымында, келтирилген чыгымдардын баары каттоого алынып, бул иш расмий түрдө гана жүргүзүлөт.

5-7 январдагы Сох-Чарбак жаңжалында Сох анклавынын ичинде кыргыз жарандарына тиешелүү 17 автоунаа талкаланып, экөөсү өрттөлгөн. Алардын баары азыр жараксыз абалда. Мындан сырткары Сохтун Хушяр айылынын тургундары Чарбак айылына бастырып киргенде дагы үч автоунаа талкаланган.

Барымтадан чыккан 7 киши ооруканага жатты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00
Өзбек жарандары Чарбак айылында 15 электр мамысын кыйратып, 1,5 чакырым узундуктагы электр зымын өз аймагына алып кирип кетишкен. Ошондой эле 30 адамды барымтага алганда аларды уруп-сабоо менен жанындагы акчаларын, мобилдик телефондорун, документтерин жана башка баалуу буюмдарын тартып алышкан.

Барымтадан бошотулган отуз адамдын сегизи азыр облустук ооруканада дарыланууда.

Өзбек тарап бул окуяда беш жаранына ок тийип, жаракат алганын айтса, Кыргыз чек ара кызматы каршылык көрсөткөн өзбек жарандарына ок атылбаганын, чек арачылар эскертүү иретинде асманга гана ок чыгарышканын билдирген.

Чарбактыктар кимдер чаң салганын билет

Ал эми жергиликтүүлөр болсо акыркы 7 жылда эле ушул Чарбак айылында төрт ири жаңжал каталганын айтып, маселени биротоло чечүүнүн өзүнчө жолдорун сунушташат. Чарбактык Ашымбек Мырзабеков Хушяр айылындагы кошуналарын дээрлик тааныйт. Ар бир болгон жаңжалда элди уюштуруп, алдыда жүргөндөрдү да билет. Бирок ошол кишилер жазага тартылаары айтылганы менен бул иш сөз бойдон калып келет.

Ашымбек ава андыктан эки элдин ортосуна чок салгандар кылган кылыгына жооп бермейинче маселе чечилди деш кыйын деп эсептейт.

- Бизде азыр бийлик керектүү маселелерди чечип берип жатат. Бирок маселени толугу менен четтетүү үчүн аны түп тамырынан чечиш керек. Ал үчүн ар дайым ушул Хушяр элин чогултуп, тополоңду баштагандарды жазага тартыш керек. Биз буга чейинки жаңжалдарды да уюштургандар ким экенин билебиз да. Ошол эле кишилер ар дайым элди алып чыгып алдыда жүрөт. Антип бирөө алып чыкпаса булар өзүнөн өзү чыкпайт. Качан ошолорду Кыргызстандын мыйзамдары менен жазага тартса, кийин ушундай кылыкты кылаарда ойлонот да. Алар эч кандай жаза жоктугунан ар дайым ушундай ишке барып жатат.

Чарбак айылындагы окуяга бир жума убакыт өтсө да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыкпай турат. Өзбек бийлиги чыгымдарды калыбына келтиребиз деп моюндаганы менен ишти али баштай элек. Ошондон улам чек ара да ачылбастан турат.

Чарбак жаңжалынан улам кыргыз өкмөтү түзгөн тармактар аралык комиссиянын өкүлдөрү бүгүн (14-январь) чыр чыккан Чарбак айылында эл менен жолугушууда. Комиссияга Чарбак чатагына күнөөлүүлөрдү тактап, абалдан чыгуунун жолдорун аныктоо милдети жүктөлгөн. Жумушчу топ чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү үчүн кайсы министрлик тез арада кандай иштерди жүргүзүү керектигин аныктап, өз сунуштарын иштеп чыкмакчы.


Сүрөт баян: Чарбак айылы, 7-январь, 2013

XS
SM
MD
LG