Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Адашпасов: Жабык бекеттер боюнча сүйлөшүү уланууда


Чек ара кызматынын төрага орун басары Таалайбек Адашпасов кыргыз-казак, кыргыз-өзбек чек араларындагы жабык өтмө бекеттер боюнча маек курду.

“Азаттык”: Таласта жергиликтүү тургундар кыргыз-казак чек арасындагы Кичи-Капка өтмө бекетинин ачылбай жатканына нааразы болуп жатышат. Бекет качан ачылат?

Таалайбек Адашпасов: Бул бүгүнкү күндө олуттуу, өтө этияттыкты талап кылган маселе болуп турат. Анткени казак тарап 2010-жылы биздеги кайгылуу окуялардан кийин алты өткөрүүчү бекетти, анын ичинде Кичи-Капканы жаап салган. Өкмөттөр аралык көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин, мурунку президенттин, андан кийин азыркы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Астанага болгон сапарларында жабылган бекеттерди ачуу тууралуу сөз болгон.

Казак тарап бекеттерди өкмөтүнүн чечими менен жапкан. Эми аларды кайра ачуу үчүн өкмөттүн бардык мүчөлөрү менен макулдашышы керек экен.

Ушул тушта биз казак чек ара аскерлеринен Ысык-Көлдөгү “Каркыра” өтмө бекетин жакын арада ачуу каралып жатканы тууралуу маалымат алдык. Жакында белгилүү болот.

Ал эми Таластагы Кичи-Капка бекетин ачуу маселеси дагы эле каралып жатат. Казак тарап 16-апрелде Чүй облусундагы “Ак тилек” өтмө бекетин ачканы жатат.

“Азаттык”: Түштүк тараптагы чек арадагы өтмө бекеттер тууралуу маалымат бере кетесизби?

Таалайбек Адашпасов: Түштүктө Тажикстан менен чек арабыздагы өтмө бекеттердин баары ачык, кадимкидей режимде иштеп жатат. Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер да ачык.

Өзбекстан жакты айта турганы болсок, Ош облусундагы “Достук” чек ара бекети гана толук иштеп жатат. Калгандарына айрым чектөөлөр киргизилген. Биздин жарандар эгер ал бекеттер менен Өзбекстанга бара турган болсо телеграмма же чакыруу, Өзбекстандын аэропортторунан билетин көрсөтүшү керек болот.

“Азаттык”: Мындай чектөөлөрдү алып салуу боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүп жатасыздарбы?

Таалайбек Адашпасов: Сүйлөшүүлөр такай эле жүрүп атат. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушууларынын негизинде “Достук” чек ара бекетин ачуу зарылдыгы белгиленип, ал былтыр ачылды. Бул маселеге дагы кайрылып турабыз.

Өтмө бекеттерди ачуу маселеси өкмөттөр аралык комиссиянын кароосуна киргизилген. Жакынкы күндөрү Казакстан менен да, Өзбекстан менен да түзүлгөн комиссиянын жыйыны өтөт.

XS
SM
MD
LG