Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

“Элдик лотерея” эмнеге нааразы?


Кыргызстанда лотерея бизнесинин дээрлик 80% "Элдик лотерея" компаниясына таандык
Кыргызстанда лотерея бизнесинин дээрлик 80% "Элдик лотерея" компаниясына таандык

“Элдик лотерея” компаниясы өзүнө каршы каралоо жүрүп жатканын айтып өлкө жетекчилерине, коомчулукка кайрылды.

Анда компаниянын өкүлдөрүнүн айыпталышы жана камалышы негизсиз деп айтылган.

Өткөн айда “Элдик лотереянын” жетекчиси, түрк жараны Танжу Кылыч менен башкы эсепчиси Мээрим Сыркынты камакка алынган. Бул иш боюнча Каржы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековго да айып тагылып, издөө жарыяланган.

“Элдик лотерея” соода маркасы - “Райдер Ассошиэйтс Лимитед” компаниясы анын ишин токтотууга кызыкдар адамдар бардыгын ырастап, “Лицензияны мыйзамсыз алган, жалпы кирешенин 10% төлөбөй келген” деген дооматты четке какты.

Компания тараткан билдирүүдө анын көптөгөн жумушчу орундарды түзгөнү, өлкө казынасына он миллиондогон сом төлөгөнү жана мыйзам менен иштеген чет өлкөлүк инвестчи экени белгиленген.

Өткөн айда камакка алынган “Элдик лотереянын” жетекчиси Танжу Кылычтын адвокаты Халича Зазазова коюлган айыпты негизсиз деп эсептейт. Анын жүйөөсүнө ылайык, Кылмыш-жаза кодексиндеги “коррупция” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери мамлекеттик кызматкерлерге тагылат. Ал эми Танжу Кылыч болсо мамлекеттик кызматкер эмес:

- Ага коюлган айып бир дагы далилге негизделген эмес. Экинчиден, жалпы кирешенин 10% төлөнгөн эмес деген айып да негизсиз. Анткени бир эле “Элдик лотереяга” эмес, лотерея ойноткон бардык компанияга Салык боюнча мыйзамдар өзгөргөнүнө байланыштуу 10% төлөбөй койсо болот деген кат келген. Бирок эмнегедир бул боюнча Танжу Кылычты гана күнөөлөп жатышат. Эң негизгиси Танжу Кылыч Юруслан Тойчубеков менен жең ичинен сүйлөшүп алып мыйзамсыз иштерди жасаганы тергөөдө аныкталган эмес. Анын ушундай оор кылмыш жасаганы далилденген эмес.

Адвокат Зазазова “Элдик лотерея” мамлекетке берген эмес деген 31 миллион сомду төлөп беришкенин билдирди.

“Элдик лотерея” компаниясына лицензиянын мыйзамсыз берилиши боюнча ушул жылдын башында эле кылмыш иши козголгон. Ички иштер министрлиги Каржы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков компания жетекчиси түрк жараны Танжу Кылыч жана башкы эсепчи кыргыз жараны Мээрим Сыркынты менен жең ичинен сүйлөшүп алып мыйзамсыз иштерди чогуу ишке ашырган деп билдирген. ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин ырасташынча, тергөө соңуна чыгып калды:

- Тергөөнү ИИМдин башкы башкармалыгы жүргүзүп жатат. Юруслан Тойчубековдун бул ишке түздөн-түз тиешеси бар. Бирок ал качып тергөөгө келбей, каякта жашырынып жүргөнү белгисиз болуп жатат. Ошондуктан тергөө да бир аз созулуп жатат. Бирок тергөө аяктап деле калды.

Юруслан Тойчубеков качып кетти деген дооматты анын адвокаты Акин Токталиев четке какты. Ал Тойчубеков башка өлкөдө дарыланып жүргөнүн айтып, кылмыш иштин козголушун саясат менен байланыштырды:

- Ал чет өлкөгө кылмыш иш козголо электе эле кеткен болчу. Мен ага саясий иш болуп жаткандан кийин азыр келгениңиз болбойт, камап салат, дарыланып алып биротоло келиңиз деп айтып жатам. Анын иштери боюнча биз иштеп жатабыз. Биз ага коюлган дооматтардын баарын жокко чыгарабыз. Саясий буйрутма болгондон кийин камап коюшу мүмкүн.

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиевдин баамында, лотерея компаниясы ишинен оңой илинчек табыла турган, кирешесине көз арткандар көп каржы мекемелердин катарына кирет. Ошондуктан “Элдик лотереяга” байланыштуу иштер ар тараптуу иликтениши керек.

- Негизи эле лотерея, казино, чакан насыя бере турган мекемелер жана башка ушул өңдүү компаниялар коркунучта турат деп айтсак болот. Саясатчылар аларды жабабыз деп же аларга каршы бир ишти баштап койсо элдер дароо эле ишенип кала турган жагдай бар. Ошондуктан ушундай иш баштап жаткандар, ушундай жумуштар менен алектенген ишкерлер эгер ачык, мыйзам чегинде иштебесең оңой эле иш козголорун, болбосо алардан акча өндүрүүнү каалагандар башына отуруп аларын билишсе керек. Негизи мындай маселелер боюнча бизнес омбудсмендер иштеши керек.

Түрк ишкерлерине таандык “Элдик лотерея” компаниясы 2013-жылдын башында каттоодон өткөн. Ал Кыргызстандагы таанымал соода ишканасы жана жалпы лотерея бизнесинин 80% аталган компанияга таандык.

XS
SM
MD
LG