Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Утуш азгырыгын мыйзам ооздуктайбы?


Букмекердик кеңселердин бири.
Букмекердик кеңселердин бири.

Апрель айынын соңунда Кыргызстанда букмекердик ишканалар жабылат. "Букмекерлер спорт ышкыбоздорунун чогулчу жери эмес, кумарканага айланып кетти" деген демилгечилер эми лотерея ойнотууга тыюу салмай болушту.

Өткөн жылы депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Майрамбек Расулов, "букмекерди жабалы" деп демилге көтөрүшүп, жакында президент ага кол коюп, бекитти.

Демилгенин максаты - кумарпоздукту, анын айынан каражат-мүлктөрүнөн айрылган адамдардын санын азайтуу.

Бирок мындан букмекерде иштегендер эле жумушсуз калбаса, анын ээлери ишин башка өңүттөн жүргүзүп, интернетке ооп кетет дегендер бар. Алардын бири букмекердик кеңсенин мурдагы кызматкери Айдана:

- Интернетке дүйнөнүн алы жетпегенден кийин Кыргызстан кантип ээ боло алмак эле? Интернет букмекер деп издесең, толтура чыгат. Алар веб-мани же яндекс капчык аркылуу акча алышат. Ойноонун оорчулугу жок, азыркы жаштар аны жакшы билишет. Букмекерди жаап, канча адамдар жумушсуз калышты. Кээ бир уттургандар муну туура көрүшү мүмкүн. Бирок алар өз эрки менен барышкан да. Жаап коюу менен бул маселе чечилбейт.

Ошол эле учурда Айдана букмекердик жайлар көбүрөөк кумарканага айланып баратканын танбайт. Ал иштеген жерге өзгөчө жаштар көбүрөөк келчү жана алардын спорт ышкыбозунан кумарпозго айланууга көп деле убакыт кетпейт.

Төрөбай Зулпукаров
Төрөбай Зулпукаров

Депутат Төрөбай Зулпукаров кумарканалардын коомдук жайларда, эл көзүнө ачык турбашынын өзү кумарпоздукка болгон кызыгууну азайтат деген ойдо. Бирок Кыргызстанда кумарпоздук күчөп кетти, же мыйзам кабыл алынгандан кийин азаят деген эсеп жок:

- Мындан ары коомдук жайларда мындай ишкердикти уюштуруучулар жоопко тартылат. Бизге көптөгөн адамдар кайрылганы үчүн ушундай кадамга бардык. Азыр эми көп үй-бүлөлөр ыраазычылык айтып атышат.

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиевдин оюнча, мамлекет жөн гана өз салыгын өзү кесип жатат, эми ал акчалар оффшорго кетиши мүмкүн:

- Эми ошол букмекердик кеңселер Кипр, Монако, же Грузия сыяктуу алардын ишмердигине тыюу салынбаган аймакка барат да интернет аркылуу кыргызстандыктар менен кызматташат. Бул жактан интернет-кафе сыяктуу иштей берет. Президент буга абайлап, жакшылап изилдеп туруп кол койсо керек деп ойлогом. Ойлонбостон иш кылып койгону абдан өкүнүчтүү. Себеби, акчалар эми Кыргызстанга калбай чет өлкөгө агылат.

Экинчиден, мурда кадимкидей эле уруксат берилип, иш алып барып жаткан жайларды жабуу же чектөө сыяктуу радикалдык чаралар экономикалык климатка сөзсүз таасир этери бышык.

- Негизи эле бир нерсени жабабыз деп, анан аны жаап, башкасына асылуу туура эмес саясат. Бизде экономиканы өнүктүрүү боюнча түшүнүк жоктой. Буларды жаап койсо эле экономика аксап калат деп айтпайм. Бирок адамдын тандоосу бар экендигин, ишкердик эркиндик бар экендигин түшүнгөндө базар экономикасына жолтоо болуп, бөгөт коюу эң туура эмес саясат экенин билишмек, - дейт Мирсулжан Намазалиев.

Ошол эле букмекер боюнча демилге көтөргөн депутаттар эми лотерея ойнотууга тыюу салуу керек деген сунушун коомдук талкууга чыгарышты. Сунушту Төрөбай Зулпукаров мындайча негиздейт:

- Лотерея ойноткон компаниялардын ээлери чет мамлекеттиктер деген маалыматтар бар. Алар бул жактан акча таап, көптөгөн сумманы сыртка алып чыгып кетиши мүмкүн. Пайданы сом менен таап, доллар менен алып чыгып кетиши мүмкүн. Мындайда, доллардын курсу көтөрүлөт. Эң негизгиси, анын жарандарга терс таасирин тийгизип атканы.

Демейде лотерея ойнотуу үчүн ачылган атайын ишканалар жана лотерея ойнотуу аркылуу өз товарын көбүрөөк өткөрүүнү каалаган башка эле, айталы, май куюучу жайлар, дүкөндөр бар.

Лотерея аны алып ойногондор үчүн алардын акциялары бакыттын иши же тобокелчилик. Адамдар арасында ондогон билеттерди алып, таптакыр утуштан куржалак калгандары, болбосо бир билет менен эле чоң утушка ээ болгондору бар.

Ишкерлик менен алектенген Болот Дүйшембиев далай ирет билет алып, такыр жолу болгон эмес:

Мен жаңы жылдын алдында 150 сомдон 31 билет алдым, эч нерсе утпадым. Кийин ар жолу алганда жетиден билет алып атып такыр утпай койдум. Теледен эки билет алып эле утуп алдым деп айтышканынан кызыктым да. Миллионер болуп калсам ажеп эмес дедим. Бирок эчтеке утпагандан кийин токтоттум лотерея алганды. Менин кол алдымда иштеген жүк ташуучулар да алышты эле, алар да утушкан жок.

Элдик лотереянын жарнамасы
Элдик лотереянын жарнамасы

Ошол эле учурда оштук Максат Маккамбаев бир эле билет менен "Матиз" үлгүсүндөгү унаа утуп алып, кудуңдап жүргөн кези:

- Ноокат районунан бир билет алган болчумун. Анан эле насип буюруп машине уттум. Эч күткөн жок элем, уткандан кийин да ишенбей башкача болдум. Чынында реалдуу ойнотушат экен. Элдин айтканын уксаң ишенгиң келбейт.

Канткен менен Кыргызстанда лотерея алчулар арбын экенин өлкөдөгү башкы телеканалдагы жарнамадан улам билүүгө болот. Алар эл эң көп телевизор көргөн учурга туштап жарнамасын байма-бай беришет. Мындай сааттар башка убактардан кымбат турары белгилүү.

Мына ушул жерден эске алчу жагдай, утуш акчалары накталай түрдө 500, 1000 же 5000 сомдук купюралар менен үстөл үстүндө жыйылып турганын көрүүгө болот. Психолог Евгения Ким мына ушул көрүнүш карапайым адамдарды азгырууда дейт:

- Бул манипуляциянын классикалык түрү. Жарнама жаатында жылдар бою сынактан өткөн, ийгиликтүү ыкма. Миллиондун бири гана утуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин билишет. Бирок бул манипуляциянын максаты - адамдарды бир ирет тобокелдикке түртүү. Андан кийинки этапта дагы бир көрсөм деп дегдешет. Бул ыкмалар аз аракет менен жашоосун жакшырткысы келген адамдарга багытталган. Бирок мындай акцияларга катышар алдында адамдар бир киши утушу үчүн канча киши утулушу керек деген суроону ойлонуп коюшу керек.

Депутат Зулпукаровдун айтымында, лотерея ишкерлигин жаппай эле мамлекетке өткөрүү сунушу да айтылууда.

Буга жакында эле Кыргызстанда популярдуу болгон “Элдик лотереяга” кылмыш иши козголуп, кийин анын уюштуруучулары Түркияда жана Интерпол аркылуу изделип жатканы себеп болгондой.

Ошентип, лотерея маселеси коомдук талкууга коюлду. Аны эми коомчулук, тагыраагы, лотерея ойногон адамдар чечет. Алардын арасында утуп убайын көргөндөр да, ута албай сүткө оозун күйгүзгөндөр да бар.

XS
SM
MD
LG