Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Исламдын Борбор Азиядагы орду талкууда


Ондон ашык өлкөнүн окумуштуулары жана дин таануучулары Бишкектеги конференцияда Борбор Азиядагы ислам тарыхын жана бүгүнкүсүн талкуулады.

Ал аралыкта бул аптада Казакстанда 18 жаштагы студент терроризм үчүн 12 жылга соттолсо, Кыргызстанда өткөн аптада 7 адамды теракт уюштурмак болгон деп камакка алышты.

25-октябрда Казакстанда сот студент Габит Курманкулду "террорчу", "полицияга кол салган" жана башка айыптар менен 12 жылга түрмөгө кести. Сот айыпталуучу жашы жетелек болгон үчүн жумшак өкүм чыгарганын кошумчалады.

Ал эми өткөн аптада УКМК Бишкекте теракт уюштурмакчы болгон делген 7 адамды колго түшүргөнүн кабарлаган.

Бишкектеги кыргыз-түрк "Манас" университетинде исламдын тарыхына жана бүгүнкүсүнө арналган эл аралык конференцияда теолог Бакыт Мурзараимовдун айтышынча, ислам экстремизмдин, уруш-талаштын эмес, тынчтыктын дини экендигин анын бай тарыхы тастыктай алат.

- Исламды экстремизм, терроризм деп түшүнгөндөр болуп жатат. Бирок биз ислам маданияттын дини экенин таанытып, аны куру сөз менен гана айтпастан, ага далил катары орто кылымдардан бери келаткан бай мурасты, аалымдардын, ата-бабаларыбыздын эмгектерин көрсөтүп жатабыз.

Жыйындын катышуучусу, тарых илимдеринин доктору, Алматыдагы Чокан Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун илимий кызматкери Гүлнара Мендикулова жалпы чөлкөмдө терс диний агымдардан жаштарды билим гана сактап калат деген ойдо.

- Менимче, адегенде билим болуш керек. Биздин жаштарга эмне дурус, эмне буруш экенин айтуубуз керек. Эгер алар муну биле турган болсо, анда эч качан радикал топторго кирип кетишпейт.

Түрк парламентинин депутаты, Кыргызстанда бир топ жыл иштеп кеткен Мустафа Эрдем өз сөзүндө чөлкөмдүн жана жергиликтүү элдин тарыхы, кулк-мүнөзү менен жуурулушкан ислам баалуулуктарын сактоого чакырды.

- Бизди тынчсыздандырган нерсе - диний билим алабыз деп, башка өлкөлөргө кетип, ал жактан алган билимине гана таянып алгандар. Ошондой эле алардын бул аймактын маданиятына жуурулушуп, эзелтеден орноп калган ханафи масхабына төп келбеген баалуулуктарды “чыныгы ислам ушул” деп үйрөтүп жаткандар. Алар муну менен эле чектелип калбай, билим алган өлкөлөрүнүн жардамы менен өз идеяларын жайылтууга аракет жасашы - аймактагы өнүгүп жаткан исламга өз зыянын тийгизбей койбойт.

Кошуналардын катасын эске алып...

Казакстанда 25-октябрда диний уюмдарды кайрадан каттоодон өткөрүү аяктап, алардын саны 30 пайызга кыскарды. “Азаттыктын” Казак кызматынын жазышынча, мындан ары Казакстандын муфтияты республикадагы исламдын тарыхый өзгөчөлүгүн эске алуу менен, анын сунний багытындагы ханафи мазхабын жана имам Матрудидин диний илимий багытын жайылтмакчы.

Буга чейин Тажикстанда да тарыхый шарт жана элдин кулк-мүнөз, үрп-адаты эске алынып, исламдагы ханафи мазхабы артыкчылыктуу багыт деп табылган.

Кыргызстанда да бул демилге кез-кез көтөрүлүп, антпесе динден кабары жок адамдар терс агымдардын бутасына оңой кабылып жатканы белгиленүүдө.

Теолог Самаган Мурзубраимов исламдын сунний багыттарын жана ишенимдерин айырмалап берүүдө муфтияттын ролу чоң дейт.

- Биз жөн эле сөз менен ата-бабабыз ушул ишенимдерди, Матруди акыйдасын кармап келген деп айта берсек ал жөн эле сөз болуп калат. Аларды жакшылап түшүндүрүү милдети илим адамдарында жана муфтиятта.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов Кыргызстан диний саясатын терең карап чыгышы керектигин сунуштап келатат. Бирок ал кошуна мамлекеттер жол берген катачылыкты Кыргызстан кетирбеш керек деп эсептейт:

- Жакынкы мезгилдерде Кыргызстанга коркунуч бир топ өсөт деген ойдомун. Бирок Казакстанга жана башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде абал көзөмөлдө. Буга жакында эле террорчул топтун кармалышы далил. Бирок бир топ чочулай турган жагдайлар да бар. Мисалы, кээ бир топтордун артында үчүнчү күчтөр турушу ыктымал. Алар радикал гана эмес, байистүү салафилерге да тартип коргоо органдары тарабынан кысым күчөшүнө кызыкдар болуп жаткандай. Ага жооп кылып тартип коргоо органдарына жихад жарыялоону максат кылышкандай түрү бар. Башкача айтканда, биздин да Казакстандын жолу менен кетүүбүздү күтүп жатышат. Бирок Казакстандын бул катачылыгын кандай гана болбосун кайталабаш керек.

Региондогу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда дин эркин деп саналат. Бирок динге мамилени катаалдаштырыш керек дегендер да жок эмес.
XS
SM
MD
LG