Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Кыргызстан ислам кыймылы түзүлдүбү?


Өзбекстан ислам кыймылынын Пакистандагы машыгуу лагерлеринин бири. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Өзбекстан ислам кыймылынын Пакистандагы машыгуу лагерлеринин бири. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Кыргызстан ислам кыймылы деген уюм түзүлгөнүн, анын максаты өлкөгө бүлүк салуу экенин УКМК төрагасы 29-апрелде парламентте жар салды.

Кыргызстандык жарандар террорчулардын лагеринде машыгуудабы?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Жогорку Кеңештин коопсуздук жана чек арага байланышкан маселелерди талкуулаган жыйынында Пакистан менен Ооганстандагы террорчуларды даярдаган лагерлерде 200-400дөй кыргызстандык жарандар машыгуудан өтүп жатканын билдирди. Дүйшөбаевдин айтымында, машыгуу үчүн негизинен өзбек тектүү жарандар июнь коогасынын кийин барышкан.

- Биздин маалыматтар боюнча, Ооганстан, Пакистан аймагында 200дөн 400гө чейинки Кыргызстан жарандары бар. Алардын көпчүлүгү биздин өзбек туугандар деген маалыматтар бар.

Дүйшөбаевдин айтымында, чет өлкөдөгү айрым жикчил күчтөр Кыргызстандагы абалды бейстабилдештирүүгө кызыкдар. Кыргызстан жана жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрү үчүн терроризм коркунучу негизинен Ооганстан-Пакистан аймактарынан келүүдө.

Анткен менен айрым диний эксперттер Ооганстанга кеткен айрым жарандар Өзбекстан Ислам кыймылы аркылуу кетиши ыктымалдыгын белгилешүүдө. Бирок террорчуларды даярдаган лагерлерде машыгууда деген адамдардын саны күмөндүү ойлорду жаратууда.

Бул тууралуу “Дин, саясат жана укук” борборунун өкүлү, дин иштери боюнча эксперт Данияр Мурадилов билдирүүдө:

- Өзбекстан ислам кыймылы бар го, ошолор Ооганстанга кетишкен. Ошол жактан Өзбекстан же Кыргызстандын ушул багытта, бир пикирде болгон жарандарды таап өздөрүнө чакырышы мүмкүн. Бирок мынчалык көп санда болушу мүмкүн эмес. Болсо эки-үчөө эле болушу мүмкүн. Ошондой болсо биздин УКМК кызматкерлер эмнени, каякты карап турат деген маселе турат да.

Ал эми өзбек тектүү укук коргоочу Равшан Гапиров Дүйшөбаев жарыялаган маалыматтарды четке кагууда. Укук коргоочу айрым жетекчилердин ушундай маалыматтары эки элдин ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизүүдө дейт.

- Дүйшөбаев түшүндө көрсө керек мындайды. Ошол эле өзүнөн маалыматты каяктан, кимден алдыңар деп сураса “бизде ошондой маалымат бар” дейт, башкасына жооп бере албайт. Ооганстанда, Пакистанда эч кандай өзбек деген нерсе жок. Биз бул жердеги өзбектер каякта жүргөнүн билебиз.

Жикчил күчтөр кимдер?

Дүйшөбаев ички коркунуч – динге ишенгендер арасындагы диний-радикалдуу көз карашты таратуучуларда болууда дейт. Мындан сырткары диний-экстремизм маселеси актуалдуу болуп турган экен. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып УКМК төрагасы айрым жикчил күчтөр тарабынан Кыргызстан ислам кыймылы деген уюм түзүлгөнүн, анын максаты өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу экенин билдирди:

- Ал тургай кыргыздар эле ал жактарда катышпаса да Кырыгзстан ислам кыймылын түзүшкөн. Ал боюнча да бизде маалыматтар бар.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын атын атагысы келбеген кызматкери талибан, “ал- Каида” террор уюуму ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн куралган деген маалыматтар бар экенин, бирок Кыргызстан ислам кыймылы тууралуу маалыматы жоктугун билдирди.

Ал арада Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов мындай маалыматтарды УКМК элге жарыялабай, өздөрүнө тиешелүү иштерди жасай берсе болмок деп эсептейт:

- Кооптуу коогалаңдан жаңы башыбызды чыгардык. Эгер кооптуу жагдайлар болсо, ошого жараша чара көрүш керек элге жайбай эле. Эми Ооганстанда мурдатан эле машыгып жүрүшпөдү беле. Бирок азыр Ооганстанда көзөмөл бар, ошол эле көзөмөл Пакистанда жүрүп атат. Жашыруун машыгам десе Кыргызстанда деле тоолорго, коктуларга кирип алып машыга берсе болот. Керек болсо ошол жактардан инструкторлор келип машыктырып салат. Тиешелүү органдар ошолорго жараша чара көрүш керек.

XS
SM
MD
LG