Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Мамытов: Аймактагы тынчтык үчүн бирге аракеттенели


Тажикстандагы соңку окуяларга байланыштуу "Азаттык" Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы, депутат Токон Мамытовду кепке тартты.

“Азаттык”: Расмий Дүйшөмбү 24-июлдагы окуяны Назаровдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу гана жүргүзүлгөн операция болчу деп жатат. Бирок окуянын түпкү себеби башка деп да айтылууда...

Мамытов: Генерал Абдулло Назаров жана азыр издөөдөгү Толиб Аембеков экөө 1995-1997-жылдары тажиктин биргелешкен оппозиция лагеринде бир позицияда турушчу. Кийин Назаров бийлик менен оппозиция келишимге келгенде оппозициянын өкүлү катары Улуттук коопсуздук комитет башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Эми чатак эмнеден чыкты? Азыр расмий Дүйшөмбү муну аткезчиликке, маңзат ташыгандарга каршы жасалган операция деп жатат. Бирок башка маалымат булактарына таянсак, иштин башы бөлөктө.

Өзүңөр байкасаңар керек, 21-июлда генерал Абдулло Назаров өлтүрүлүп жатат. 23-июлда ошол эле Тоолуу Бадахшандын бир районунда прокурор орун басары менен бомбага жардырылды. Былтыр Дүйшөмбүдө түрмөдөн качкан жыйырмадан ашуун киши ошол эле Тоолуу Бадахшанга барган. Тажикстандын ичиндеги бул окуяларга сырттан кийлигишүү бар.

“Азаттык”: Азыр тынчып калгансыйт. Ушуну менен токтойбу же убактылуубу бул тынчтык?

Мамытов: Бир тобу кармалып, бир тобу жок болду. Президент Эмомали Рахмон ооган президенти Хамид Карзай менен чек арада тынчтык орнотолу деп сүйлөштү. Ооганстандын күч түзүмдөрүнүн башчылары келип, жергиликтүү тиешелүү жетекчилер менен жолугуп, биргелешип иштөөнү сүйлөшүп кетти. Маңзат ташыгандарга, террорчу топторго абдан жакшы сокку урушту. Менимче, ушуну менен абал тынчып калат.

“Азаттык”: Кыргызстан коңшу өлкөдөгү соңку окуяларга байланыштуу чек ара аймагында көрүп жаткан чаралар жетиштүүбү?

Мамытов: Кыргызстандын күч түзүмдөрү тиешелүү чара көрүп жатат. Бирок бул аздык кылат. Борбор Азияда абал курчуп кетпеши үчүн аймактагы өлкөлөр биргелешип аракет жасашы зарыл.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG