Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Түрк мектебиндеги түшүнүксүз чуу


Түрк мектебиндеги чуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00

Түрк мектебиндеги чуу

«Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин жетекчиси балдарга жыныстык ыдык көрсөткөн» деген арыз боюнча иш Ички иштер министрлигинде каралууда.

Түрк элчилиги бул иш боюнча мектеп жетекчилиги толугу менен кызматтан алынып, Түркия тараптан да текшерүү болуп жатканын кабарлады.

Мектептеги башка окуучулардын ата-энелери бул мектеп жетекчисине нааразы болгон бир гана ата-эненин жөнсүз каралоосу деп эсептешүүдө.

«Бир аялдын дооматы жалпы ата-энелерге тиешелүү эмес»

21-февралда депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин отурумунда Бишкектин Жал кичирайонундагы түрк башталгыч мектебинин жетекчилигин ыдык көрсөтүү боюнча айыптаган. Эл өкүлү ага ата-энелер даттанганын, директор окуучуларды иш бөлмөсүнө алып кирип, адепсиз аракеттерди жасаганын айткан.

Ошол эле күнү бул мектепте окуган башка окуучулардын ата-энелери бул жөнсүз каралоо экенин билдирип чыгышты. Алардын баамында, мунун артында бир гана ата-эненин мектеп жетекчилигине нааразылыгы жатат. Бул мектепте Алиф Озолу аттуу түрк жаранынын бир баласы окуйт. Алиф Озолу депутат айткан дооматтарга каршы чыкты:

- Биз балдарыбыздын келечеги үчүн ушул жерге келдик. Бул айтылган дооматтар туура эмес. Ал аялды да тааныйбыз, анын да балдары бар. Бирок ал өзүнүн маселесин биздин балдардын эсебинен чечкенге акысы жок. Ошондуктан Түркиядан келе турган текшерүүчүлөрдүн, бул жактагы милиционерлердин текшерүүсүнөн кийин да анын дооматы далилденбейт деп ишенебиз. Анткени андай жаман нерсе жок.

Ата-энелер Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина мектеп жетекчилигин парламентте туруп айыптоодон мурун башка ата-энелер менен да жолугуп, пикирин угуп койбогонуна нааразы болуп жатышты. Өзүн Чынара деп тааныштырган жаран бир эле ата-эненин айткан дооматын жалпы ата-энелердин атынан жарыялоого депутаттын укугу жок деп эсептейт.

- Айтылып жаткан нерсе такыр акылыбызга сыйбай жатат, - деди ал. - Бул жалган жалаа. Депутат Карамушкинаны чакырабыз. Ал парламентте айткан сөзүн далилдеп, анан айтсын. Мындан тышкары депутат айым «ата-энелер кайрылышты» деп жатат. Кайсы ата-энелер, кимдер кайрылды - неге ачык айтпайт? Анын бардык ата-энелердин атынан сүйлөөгө акысы жок.

Ата-энелердин сөзү боюнча башталгыч түрк мектеби Кыргызстанда жашап-иштеген түрк жарандарынын балдары үчүн ачылган. Сабак түрк тилинде жүргүзүлөт.

Мектеп жетекчилиги кызматтан четтетилди

«Манас» кыргыз-түрк университетинин аймагында жайгашкан бул мектептин жетекчилигинен айтылып жаткан маселе боюнча маалымат алууга мүмкүн болбоду. Мектептин кароолчусу журналисттерди темир тор эшиктин артынан тосуп алды:

- Бул маселе боюнча сиздер түрк элчилигине барыңыздар. Маалымат менен комментарийди ошолор берет.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги да журналисттерди ичкери киргизген жок. Биздин маселени уккан элчилик кызматкери башталгыч түрк мектебине байланыштуу ЖМКга жана социалдык тармактарга чыккан дооматтар боюнча расмий билдирүү таратылганын белгилеп, башка эч кандай кошумчалары жок экенин билдирди.

Ал эми түрк элчилиги 22-февралда тараткан маалыматта: «Бул маселе боюнча ыкчам түрдө иликтөө иштери башталып, окуу жайынын мүдүрү жана орун басарлары кызматынан четтетилип, алардын ордуна убактылуу жаңы жетекчилер дайындалды. Түркиядан келе турган инспекторлор зарыл болгон текшерүү иштерин алып барат. Мындан тышкары, бул маселе боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдары менен тыгыз кызматташтык жүрүп жатат. Керектүү бардык маалыматтар, документтер берилди жана көмөк көрсөтүлүүдө» деп жазылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина болсо бул маселени ошол мектепте окуган окуучунун ата-энесинин кайрылуусунан кийин көтөргөнүн айтууда. Анын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, мектептин кызматтан кеткен жетекчисинин кылык-жоруктары жазасыз калбашы керек.

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

- Мектептин балдарга, эмгек жамаатына жана ата-энелерге туура эмес мамиле кылган азыркы (кызматтан кеткен) жетекчисинин кылык-жоруктарынан кийин гана бул ачыкка чыгып жатат, - деди депутат. - Менин кыргыз-түрк мамилесин бузуу жөнүндө эч кандай оюм жок. Бирок биздин өлкөдө иш жүргүзүп жаткан кандай гана мамлекет болбосун биздин өлкөнүн мыйзамдарын сактоого тийиш да. Эмне үчүн бул мектеп 20 жылдан бери биздин Билим берүү министрлигинен уруксат албай иштеп келе жатат? Биздин министрлик мындай мектеп бар экенин да билбейт экен. Бул мектептин окуу программасы кандай? Бул директордун жоруктары тууралуу мурда да даттангандар болгон экен, бирок ата-энелер ачык айтпай келишиптир. Эми мындан ары бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги да иш жүргүзөт. Анткени бул мектептин курулушуна ким уруксат берген? Бул суроолордун баарына жооп берилиши керек.

Ирина Карамушкина бул маселе боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана ИИМге да кайрылуу болгонун эске салды. УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов депутаттын сөзүн ырастады:

- Мындай кайрылуу болгон. Биз аны тергөө тартибине ылайык Башкы прокуратурага жөнөткөнбүз.

Башкы прокуратура азырынча маалымат бере элек. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы түрк мектебинин директоруна каршы жазылган арыз каралып жатканын билдирди.

Ал эми «балам мектеп директорунан ыдык көрдү» деп даттанган Жанна өз дооматы чын экенин, бул иш боюнча тиешелүү күч кызматтарына, сотко кайрылганын «Азаттыкка» билдирип, аты-жөнүн толук айтуудан баш тартты:

- Менде мектептин өзүнө, мугалимдерине эч кандай дооматым жок. Мен мектеп директору балама көрсөткөн ыдыгы үчүн жоопко тартылышын каалайм. Биз былтыр да ушул директор менен балама кол көтөргөнү үчүн чырдашканбыз. Ал эми ага болушуп жаткан ата-энелер мектеп жетекчилигинин басымы алдында гана сүйлөп жатышат. Мен эне катары өз баламды коргоп чыкканыма эч ким жолтоо боло албайт.

Жаннанын айтымында, мектептин кызматтан четтетилген директору Амир Айдын өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок бул маалыматты мектептин өзүнөн да, Түркиянын элчилигинен да тастыктоого мүмкүн болгон жок.

Билим берүү министрлиги бул маселе боюнча териштирүү жүрүп жатканын гана маалымдап жатат. Министрликтен бул мектептин макамы, Билим берүү министрлигинин уруксат кагазы, кандай программада иш жүргүзгөнү тууралуу суроолорубузга жооп ала алган жокпуз.

Башталгыч түрк мектеби 2003-жылы түрк жарандарынын жана түркиялык дипломаттардын балдары үчүн башталгыч мектеп катары ачылган. Ата-энелердин сөзүнө караганда азыр бул 12 жылдык орто билим берүүчү мектеп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG