Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Кытай маданият борбору ачылды


Борбордо Кытай тууралуу ар кандай китептер жайнайт.
Борбордо Кытай тууралуу ар кандай китептер жайнайт.

Улуттук китепканада орун алган бул борборго Бишкектин каалаган тургуну келип, Кытай дүйнөсү менен таанышып кетсе болот.

Улуттук китепкананын экинчи кабатында жайгашкан бул борбордо Кытайды ар тараптан таанытуу үчүн бардык шарттарды түзүшкөндөй: кытай жана орус тилдеринде Кытайдын тарыхы, маданияты, музыкасы, тамак-аштары, азыркы саясаты тууралуу китептер жайнайт.

Мындан сырткары Шиңжаң автономдук районун мекендеген уйгурлар тууралуу маалымат алып, атүгүл “Манас” эпосу менен Курманжан Датка жөнүндө китептерди кытай тилинде окуп кетсеңиздер болот.

Окугандан эринсеңиз четтеги жумшак диванга отуруп алып, бардык маалыматты даректүү жана көркөм тасмалардан көрүп, билип алса болот. Улуттук китепкананын бөлүм жетекчиси Раушан Асанованын айтымында, азыр текчелерде эки миңдей китеп бар, жакында дагы толукталмакчы.

- Бул борбор биздин жаштар үчүн ачылган. Эки университетте студенттер кытай тилин үйрөнүүдө. Алар бул жакка келип, кошумча китептерди таап, курстарга катышып турмакчы. Бул маданий жана билим берүү болгондон кийин кытайлардын маданиятына кызыккандар үчүн баарлашуу, маалымат алмашуу жана тажрыйба топтоо жайы болот деген үмүт бар.

Бул долбоор Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ачылган. Долбоорго элчинин жубайы Гу Пин айым өзү баш-оту менен киришкен экен. Кытай маданиятын тааныткан бир топ иш-чаралар өтүп, Шопоков шаарында да ушундай борбор ачылыптыр.

- Биз Улуттук китепкана менен көптөн бери кызматташып келатабыз. Кытай маданиятына кызыккандардын санын жогорулатыш үчүн ушундай борбор ачтык. Бул жерде аябай жакшы адамдар жашашат жана биздин көп досторубуз бар. Кыргызстан сонун өлкө, мага силердин тооңор менен бешбармагыңар жагат. Бош убактымда кытайлардын Тайцзицюан деген күрөш өнөрү менен алектенип, дипломаттардын аялдары менен чоогу сейилдеп, ырдап турабыз. Борбордун ачылыш аземи мазмундуу өттү. Кытай маданиятына кызыккан студенттер ушу күрөш өнөрүн көрсөтүп, сыя менен сүрөт тартып, улуттук аспаптарда ойношту.

Кытай элчиси Ван Кайвэн Кыргызстанда Кытай маданиятына ынтызарын арткандар көп экенине таң калганын айтып, бул борбор Кытай тууралуу маалымат алуу жагын жеңилдетер деп үмүт артууда. Ван Кайвэн чогулган студенттерге кайрылып, “базарга көп барбай, китепканаларга тынбай баргыла” деген кеңешин бере кетти.

Кытай билим берүү жана маданият борборунун алгачкы коноктору – студенттер –ойлорун ортого салды:

- Бул жерде мага өзгөчө балдар үчүн кытай тилин үйрөнүү боюнча кыргыз тилинде жазылган китеп жакты. Биз Кытай факультетинде окуп жаткандыктан бул борбор аябай пайдалуу болот болуш керек; ар кандай китептер, курстар үчүн келебиз. Мен Кытайга ынтызар арткандын себеби - бул маданияты, тарыхы бай өлкө жана ал өнүккөн, келечеги бар мамлекет.

Бул борбордон сырткары азыркы учурда Бишкек гуманитардык жана Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттеринин Кытай факультеттеринде жана Бишкектин бир нече орто мектептеринде кытай тили үйрөтүлүп жатат.
XS
SM
MD
LG