Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Кыргызстан менен Кытай кызматташтыгын чыңдайт


Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын премьер-министри Вен Цзябо менен учурашууда. Бишкек, 4-декабрь, 2012.
Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын премьер-министри Вен Цзябо менен учурашууда. Бишкек, 4-декабрь, 2012.

4-декабрда Бишкекте Кыргызстан менен Кытай ортосунда төрт документке кол коюлду.

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэн Цзябао 4-декабрда Кыргызстанга расмий сапар менен келди.Ал Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалидев баш болгон кыргыз өкмөт мүчөлөрү менен жолукту. Андан кийин президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды.

Темир жолдун ТЭНин иштеп чыгуу макулдашылды

Премьер Жантөрө Сатыбалдиев жолугушууда эки өлкөнүн алака-катышын жандуу деп баалады. Бээжинге берген жардамы, айрыкча июнь окуясынан кийинки колдоосу үчүн ыраазычылык айтты.

Вен Цзябао 20 жылдык кызматташууда эки өлкө маанилүү маселелерде бири-бирин колдоп келгенин белгиледи. Айрыкча экономика, коопсуздук жана гуманитардык жааттагы кызматташууна алгылыктуу деп сыпаттады.

Жолугушууда төрт документке: экономикалык жана инвестициялык иш-чараларды өнүктүрүү тууралуу меморандумга, техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн макулдашуусуна, геология жана кен байлыктар жаатта кызматташуу боюнча меморандумга жана Ош-Баткен-Исфана, Бишкек-Балыкчы жолдорун оңдоого жеңилдетилген насыя алуу тууралуу келишимге кол коюлду.

Тараптар Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу тууралуу сөз кылды. Өкмөттүн эл аралык кызматташуу боюнча бөлүм башчысы Алтынбек Муралиевдин билдиришинче, анда ушул жылдын аягына чейин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу макулдашылды. Эмдиги жылы бул долбоорду каржылоонун жол-жобосун аныктоо боюнча кеңешме башталмакчы.

Маалым болгондой, буга чейин темир жолду концессия аркылуу куруу макулдашылган. Кыргызстан өзүнүн вариантын сунуштап жаткан. Анда жолду эл жашаган аймактар аркылуу алып өтүп, тоолорду тешүүнү, көпүрөлөрдү курууну азайтуу каралган.

Сары-Жазга ГЭС курулат

Кыргызстан Кытайдан инвестор тартып, унаа-трактор заводун курууга да кызыгып жатат. Жолугушууда тараптар жумушчу топ түзүп, варианттарды карап чыгууну чечти.

Кыргызстан Кытайдын Түркмөнстандын газын өзүнүн аймагы аркылуу алып өтүүгө кызыкдар экенин айтты. Бээжин менен Бишкек бул жаатта кеңешүүлөрдү өткөрүүнү макулдашты. Ошондой эле Сары-Жаз суусуна ГЭС каскадын куруу боюнча сүйлөшүү баштоо чечилгени маалым болду.

Кытай Кыргызстандан кургак сүт алууга кызыкты. Эми мындай азыктын сапатын Кытайдын стандарттарына ылайыктоо иштери башталмакчы.

Бул жолугушууда кен жана кен казган компанияларга байланыштуу араздашуулар сөз болгон жок. Өкмөттүн эл аралык кызматташуу боюнча бөлүм башчысы Алтынбек Муралиев мындай олуттуу маселелерди оболу дыкат иликтеп-изилдеп чыгуу үчүн убакыт керек болгондуктан сөз болгон жок деп айтты.

Кыргызстанда айрым аймактарда кен казган кытайлык компниялар менен жергиликтүү тургундар келишпеген учурлар көп болуп жатат.

Товар жүгүртүү боюнча эки ача маалымат айтылды. Мисалы Кыргызстандын эсеби боюнча, быйыл алты айда товар жүгүртүүнүн көлөмү 480 миллионго жакын доллар болгон. Ал эми Кытайдын маалыматына ылайык, 2 миллиард 140 миллион долларды түзгөн.

Алтынбек Муралиев муну товар жүгүртүүнүн статистикалык эсеп-кысап ыкмасындагы айырмачылык менен түшүндүрдү. Ошондой эле Кытай тарап Кыргызстанга өткөн бардык товардын баарын эсептейт экен. Ал эми Кыргызстан өзүнүн аймагы аркылуу башка мамлекеттерге ташылган товарларды эсептебейт.

Вен Цзябао 5-декабрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Бишкек саммитине катышат.

XS
SM
MD
LG