Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Чоң-Алайдагы чырга чекит коюла элек


Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Ашыралиев кенди иштетүүгө каршы чыккандар сабап салды деп жазган арызын кайра алды. Бирок ага карабай бул ишти тергөө улантыла бере турганын милиция тастыктоодо.

Ал арада жергиликтүү тургундар район жетекчилигин эч ким ур-тепкиге албагандыгын айтууда. Дарыгерлер да акимдин абалы дурус экенин айтат.

15-майда Кара-Казык кенин иштетүүгө каршы чыккандар Чоң-Алайдын акими Абдилазиз Ашыралиевге кол көтөрүп, сабап салганы кабарланган. Буга байланыштуу ал өзү милицияга арыз да жазган. Учурда дарыланып жатканы айтылууда. Аким өзү “Азаттыкка” маек куруудан баш тартты.

Бир апта мурдагы окуянын катышуучусу Мамасали Асаналиев райондун жетекчиси сабалды деген маалыматтарды толугу менен четке кагат. “Эл жөн гана нааразылык билдирип, өз талабын акимге жеткирип коюу максатында митингге чыккан”,-дейт ал:

- Акимге эч ким кол көтөргөн эмес. Кечинде эл нааразычылыгын билдирген. Анан кичине сүр-сүр болгондо коркуп кеткен окшойт. Чогулуп бир жакка жыла беришкенде эле акимди милициялар алып чыгып кетишкен. Органдардын унаасына отургузуп койгон. Бирок эл машинесин оодарып жиберебиз деген. Андан чыгып аким качып кеткен. Качып баратып, кашаадан ашып жыгылып түшкөн. Ошондон кийин ооруканага келип жатып алып, “мени сабап салышты” деп билдирүү берип жибериптир. Ал болгону кан басымы көтөрүлүп кеткен да.

Райондук оорукананын башкы дарыгери Исламидин Бакиров аким Абдилазиз Ашыралиевдин абалы жөнүндө мындай деди:

- Сабагыдай денеси жабыркаган эмес. Көгөргөн, урулган жерлери да жок. Бирок эт-булчуңдары кол менен кармагандай ооруксунуп калган. Анча-мынча сыйрылган жерлери бар экен. Эми мен аны катуу сабалган, же аз сабалган деп айта албайм. Адегенде мээси аз-маз чайкалды деген диагноз коюлган эле, азыр абалы жакшы.

Чоң-Алай райондук администрациясы акимдин сабалганын тастыктаган да, жокко чыгарган да жок. Акимдин биринчи орун басары Ысмайыл Тагаев:

Заводдун жанындагы таштар
Заводдун жанындагы таштар
- 15-майда эл нааразы болуп келген. Кечки сегиздерде келишкен эле. Анан администрация башчысын, мени сыртка чакырышты. Анча-мынча түшүнбөстүктөр болду окшойт. Ага карабай биз жолугушуп сүйлөштүк. Мен акимди сабап салды, же сабаган жок деп айта албайм. Аны Абдилазис Ашыраливдин өзүнөн сурашыңар керек. Эл бир сааттан кийин таркап кетти.

Аз күн өткөндөн кийин аким Абдилазис Ашыралиев өз арызына өзү тосмо арыз берип, "элдин тынчтыгы үчүн баарын кечире турганын" айткан экен.

Бирок ошого карабай бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев буларга токтолду:

- Болгон окуяга байланыштуу 2 кылмыш иши козголду. Биринчиси - өзүм билемдик, экинчиси - бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү. Тергөө иштери башталып, азыр уланып атат. Аким кайра өзү тосмо арыз берген, бирок ага карабай иликтөө иштери толук жүрөт. Мыйзам баары бир тактыкты талап кылат. Эки тарап табышып, келишип алган болсо да буга акыры барып сот чекит койот. Азыр биздеги маалыматтар боюнча, акимге кол көтөргөндүгү боюнча факты аныкталды.

Ал арада Чоң-Алай кеңешинин депутаттары атайын кошмо жыйында “Кайди” компаниясынын ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алганын айылдык кеңештин депутаты Тайырбек Жайчыбеков кабарлады:

- Алтын кенин казуу иши башталганда эле чыр менен башталган. Айрым бир жагдайлары мыйзам бузуу менен ишке ашкан. Биринчиси - заводдун иши мыйзамсыз болуп жатса, экинчиси - калктын ден соолугуна зыяндуулугу. Алтын үйдө жашап, алтын керебетте жатып, бирок өлгүдөй ооругандын не пайдасы бар? Пайда түшүү жагынан да заводдун кирешесинин 1% гана Кыргызстанга таандык. 100 сом өндүрсө, ошонун 1 сому кыргыздыкы дегендей кеп. Былтыр болгону 2 сом кылып беришти. Биздин талап өндүрүлгөн 100 сомдун 50 сому Кыргызстанга, 50 сому инвесторго кетиши керек.

Ал эми “Кайди” алтын заводунун өкүлү Жунус Сейданов компаниянын ишин токтотуу боюнча атайын кагаз албаганын, жумушчулар аз күндө кайрадан ишин уланта беришерин айтууда:

Жунус Сейданов
Жунус Сейданов
- Азыркы учурда бизге заводдун ишин токтотуу боюнча расмий кагаз келе элек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөнбү, же башка бийликтенби эч кандай эскертүү келбеди. Анын үстүнө өзүбүздүн деле алтын казууну токтотуп койолу деген оюбуз жок. Эл тынчыса, бийлик менен сүйлөшсөк ишибизди кайрадан баштоого даярбыз.

Чоң-Алайдагы бул компания казып алынган таштарды майдалап, Кытайга алып кетип, ошол жактан өндүрөт. 2009-жылдан бери 2494 тонна концентрат ташып кетишкен.

Бирок эки жылдан бери тургундар заводдун КАМАЗдарын камап, өткөрбөй келишет. Жергиликтүүлөр заводдун ишинен экологияга жана адамдардын ден соолугуна зыян келүүдө деп айып коюшат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG