Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:18

Өкмөт жарандыктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Өкмөт "Жарандык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Долбоордо жарандыктан ажыратуу маселеси да каралып, бул ишти Юстиция министрлигине караштуу түзүлгөн комиссиянын кароосуна берүү сунушталган.

Жарандык активисттер оппозиция менен укук коргоочуларды жарандыктан чыгарууга бул мыйзам долбоору шылтоо болушу мүмкүн деп чочулап жатышат.

"Чыккынчы деп жарандыктан ажыратышат"

Юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, "Жарандык жөнүндө" мыйзам долбоор Конституциянын жарандык маселелерине тиешелүү ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору жарандыкты алуу жана токтотуу тууралуу жоболордон турат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып жаткан адам анын маанилүүлүгүн терең түшүнүп жана сезе билүүсү керектиги жана ант берээри жазылган.

Мындан сырткары мыйзам долбооруна жарандыктан ажыратуу маселеси да кирип, аны Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн комиссиянын кароосуна берүү сунушталууда.

сындагам. Бирок, тилекке каршы, аны эл өкүлдөрүнүн көбү колдошкон. Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, эми жарандар жасаган кылмыштарына жараша эмес, өлкө коопсуздугуна коркунуч алып келип жатат деп жарандыктан чыгып калышы ыктымал.

"Мыйзам долбоорунун 36-37-беренелери менен жарандыктан ажыратуунун тартибин Улуттук коопсуздук комитети жана Ички иштер министрлиги компетенциясынын алкагында жарандыктан ажыратуунун негиздеринен ишке ашырат деп белгилөө сунушталууда. Аталган органдар тарабынан чогултулган материалдар алардын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Башкы прокуратура оң корутунду чыгарган учурда материалдар изилдөө жана чечим кабыл алуу үчүн комиссияга келип түшөт", - деп жазылган министрликтин расмий сайтында мыйзам долбоор тууралуу маалымат катта. Укук коргоочуларды чочуткан жагдай дагы мына ушул болууда. Алар "өлкө коопсуздугуна коркунуч алып келди" деген шылтоо менен бийлик өзүнүн саясий атаандаштарын же сын айткан тарапты алсыздандыруу үчүн колдонушу мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын мурдагы жетекчиси Динара Ошурахунова жарандыктан ажыратылган адам көпчүлүк укуктардан да кошо ажырай турганын белгилөөдө.

- Эгер ушул конституциялык мыйзам кабыл алынып калса анда бирөө "демилге көтөрүп келгиле, ушунун жарандыгын алып салабыз, бул улуттук коопсуздукка таасирин тийгизип жатат, мекенчил эмес, бул чыккынчы, чет элдик агент, бийликти сындаса өлкөнү жамандап жатат" деп, ошондой күнөөлөр менен иш козгоп, жарандыктан ажыратуу боюнча жол-жоболорду оңой эле өзгөртүп коет. Өлкө дегенде биздин бийлик өзүн сезет да.

Аталган мыйзам долбоор боюнча алгачкы талкуу 17-августта өткөн. Министрликтен "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, талкууда бир катар сунуштар келип түшкөн. Анын негизинде дагы кошумча-алымчалар болушу ыктымал.

Анткен менен "Адилет" укуктук клиникасынын башчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова муну эң коркунучтуу мыйзам деп баалап жатат.

- Бул мыйзам долбоорду биринчи жолу талкуулаганда биз да катышып калдык. Бул - мен акыркы беш жылда көргөн эң коркунучтуу мыйзам долбоору. Бул жаңы кабыл алынган Конституциянын жыйынтыгы болуп жатат. Эски Баш мыйзамда жарандыктан ажыратууга катуу тыюу салынчу. Азыркыда Кыргызстандын жарандары жарандыктан ажырап калышы мүмкүн жана анын жол-жобосун, тартибин өкмөт аныкташ керек дегн жаңы норма кирген. Муну мен депутат болуп турганда катуу сындагам. Бирок, тилекке каршы, аны эл өкүлдөрүнүн көбү колдошкон. Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, эми жарандар жасаган кылмыштарына жараша эмес, өлкө коопсуздугуна коркунуч алып келип жатат деп жарандыктан чыгып калышы ыктымал. Бул маселени сот дагы эмес, Юстиция министрлигинин алдындагы кандайдыр бир аты жок комиссия чечет.

"Коопсуздук маселесине байланыштуу"

2016-жылдын 11-декабрында кабыл алынган Баш мыйзам 15-январдан тартып күчүнө кирген. Ошол эле учурда Конституциянын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелери бир жылдан кийин күчүнө кирмекчи. Эми Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөргө жараша мыйзамдар кабыл алынышы керек. Азырынча коомдун талкуусуна чыгарылган "Жарандык жөнүндө" мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келе элек.

Кесиби боюнча юрист, парламент депутаты Исхак Масалиев жарандыктан чыгаруу жол-жоболорун оңой эмес деп эсептейт.

- Бийлик азыр камап жатпайбы. Жарандыктан чыгаргандан көрө камаган оңой эмеспи. Жарандыктан алып койсо кете берет да төрт жакка. Ал өлкө жараны эмес деп эртең жоопко да тарта албайсың. Бир гана нерсе - шайланбай, бийликке келе албай калат. Калган учурда жашай берет да. Мыйзамды талкуулаганда жарандыктан ажыраткандан кийин эмне болот, ал ким болуп калат деген суроо пайда болот. Мисалы, анын кандай укугу болуп калат, өлгөндө кайсы жерге коюлат, төрөлгөндө каяктан чыгат? Балдарынын ата-энеси жазылганда ким болуп жазылат? Мурда төлөгөн салыктар, андан кийинкиси кандай болот? Анан жөн эле "сен бизге жакпай калдың" деп эч ким жасай албайт. Бул коопсуздук маселесине эле байланыштуу болсо керек.

Буга чейин Коргоо кеңешинин катчысы болуп турганда Темир Жумакадыров 2016-жылы Кыргызстанда террорчулукка каршы багытталган мыйзамдар топтому кабыл алынганын, алардын негизинде экстремисттик вебсайттарды сотко чейин тосмолоо, террорчулук үчүн соттолгондорду түрмөдөн шарттуу түрдө эртелеп бошотуу нормаларын алып салуу, мындай ишке аралашкандарды жарандыктан ажыратуу каралганын айткан.

Активисттер журналистке басымды сындашты

Журналист Улугбек Бабакуловдун Fergananews.ru сайтына жазган макаласы үчүн ага укуктук баа берүү демилгесин жарандык активисттер кескин сындап чыгышты.

Айрым депутаттар улуттар аралык кастыкты козуткан адамдардын жоопкерчилигин күчөтүп, атүгүл жарандыктан ажыратууну сунушташкан. Буга журналист Улугбек Бабакуловдун “Фергана.ру” сайтына жазган макаласы себеп болду.

Ал эми быйыл жайында Казакстан парламентинин жогорку палатасы "террористтик кылмышы" үчүн жарандыктан ажыратууну караган мыйзамды жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, жарандыктан соттун чечими менен ажыратылат. Бирок адамдын андан аркы тагдыры эмне болору мыйзамда так жазылган эмес.

Жакында Конституцияга түзөтүүлөр киргизилгенден кийин Казакстан президенти мыйзамдарды өзгөртүү жана толуктоо жөнүндөгү буйругун чыгарган. Юстиция министрлигинин мыйзам долбоору мына ошол буйрукту аткаруу алкагында иштелип чыккан.

Кыргыз өкмөтү коомчулуктун талкуусуна коюп жаткан жарандыктан чыгаруу мыйзам долбоорун айрым укук коргоочулар ушуга окшоштуруп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG