Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Достун жообу


Кандай досум? Кабарың жок кеттиң го?
Карааныңды көрө албадык көп болду.
Кечээ өзүң кеттиң эле ат коюп,
Ошол балам там-туң басып торолду...

Сурайсың да, досум кыйын абалым,
Чынын айтсам бул жашоодон тажадым.
Жакшы турмуш, бай жашоого жетем деп,
Өзүмдү өзүм туңгуюкка камадым...

“Элет жерин көтөрөбүз мына” деп,
Өкүмөттөн барган эле кредит,
Узун жомок, таттуу сөзгө алданып,
Сызга отурдум чоң акча алып жиберип...

Көрсө аның канды сорот турбайбы,
Кайдан билдик же көрбөсөк мындайды,
Ар ай сайын доочу түшүп артымдан,
Үстөк пайыз жогорулап кыйнайды...

Алган малдын көбү ооруп кырылып,
Эгин эккем, үшүк уруп уруп, чыкпады,
Салган тамдын теңи бүтпөй ал калып,
Айтор, досум, кредит эч жукпады...

Ата-энемди кокуйлатып, какшатып,
Алып кетти жашап турган үйүмдү,
Акча алаарда мээрим төккөн Өкүмөт
Болбойт тура мындай кезде күйүмдүү

Сырты жаңы жаркыраган банктардын,
Сырт жагын өтсөм жүрөк зыркырайт,
“Карыганда калабызбы талаада?”
Деп үшкүрүп байкуш апам буркурайт.

Ичиндеги кызыл өрттү басалбай,
Ичип жүрөт далай жандар соолукпай,
Андан көрө алчы досум, бир шише,
Акыл айтып, жүрөгүмдү оорутпай....

Тынчтык Алтымышев, журналист, "Азаттыктын" окурманы
XS
SM
MD
LG