Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Күн ысыкта тез жардамга кайрылгандар көбөйдү


Бишкектеги Тез жардам берүү кызматынын бөлүм башчысы Болот Абдылдаев ысык аба ырайынын кесепети, андан сактануунун жолдору жөнүндө кеп салды.

- Кыргызстандын бир катар аймактарында акыркы аптада абанын температурасы 39 градуска чейин көтөрүлүүдө. Анын натыйжасында тез жардамга кайрылгандардын саны көбөйдү деген маалымат бар. Бул чынбы?

- Ооба, бул чын. Бизде Бишкек шаарынын тез жардам берүү бекетинде күнүнө 38 унаа иштейт. 36 дарыгерлердин тобу чакырууларга чыгышат. Күндүн ысыганына байланыштуу чакыруулардын саны кескин көбөйдү. Бир күндө орточо эсеп менен алганда саны 550гө чыкты.

Буга чейин күн салкын болуп турганда 380-400 чакыруу болчу. Ошонун ичинен кан басымы көтөрүлгөндөр, жүрөгү ооругандар, анан балдардын ич оорулары аябай көбөйүп кетти.

- Күндүн ысып жатканынан улам тез жардамга кайрылгандардын саны башка жылдарга салыштырмалуу кандай? Азбы же көппү?

- Өткөн жылы күн мынчалык ысык болгон эмес. Былтыркы жылдын ушул маалын алып көрсөк, бир күндө 450нүн тегерегинде чакыруу болчу. Азыркы убакта болсо биздики 550гө чейин чыгып атат.

- Тез жардамга кимдер көбүрөөк кайрылып жатат? Карыларбы, балдарбы? Аба ырайы кайсы өнөкөт оорусу бар адамдарга таасирин тийгизди?

- Дем алыш күндөрү үй-бүлөлүк дарыгерлердин иштебегенине байланыштуу чакыруулардын саны дагы көбөйөт. Азыркы учурда кан басымы көтөрүлгөндөрдүкү көбөйдү. Улгайган адамдардын чакыруулары көбөйдү. Ошондой эле ушул күндүн ысыгында өнөкөт жүрөк оорусу бар адамдардын чакырууларынын саны артып жатат.

Күндүн ысыгына байланыштуу чакыруулардын саны кескин көбөйдү. Бир күндө орточо эсеп менен алганда бул чакыруулардын саны 550гө чыкты.
- Тез жардамга кайрылгандардын саны көбөйүп жатса, силер алардын бардыгына жардам көрсөтүп жетишип жатасыздарбы? Дарыгерлер, техникалар жетиштүүбү? Тез жардам кызматы бардык эле чакырууларга барып жатабы?

- Биз колдон келген жардамыбызды көрсөтүп жатабыз. Тез жардамга келип түшкөн чакырууларга убагында барууга аракет кылуудабыз.

- Күн ысыгынан жабыркап калбоо үчүн жарандар кандай алдын алуу чараларын көрсө болот?

- Жүрөк оорулуу адамдар, кан басымы көтөрүлгөндөр, улгайган адамдар жандарына дарыгерлер жазып берген дарыларын сала жүрүш керек. Чак түштө сыртка чыкпаганга аракет кылып, күндөн калкалоочу баш кийимдерди кийип алуу керек. Жанына суусундук алып жүрүү абзел. Себеби ысыктын күнү сууну көбүрөөк ичүү керек. Ошондой эле көчөдө кетип бара жатып өзүн начар сезсе, көлөкө жерге баш калкалаганга аракет кылышы керек.

- Бир катар жарандар "тез жардам убагында келбейт, дароо жардам көрсөтпөйт" деп доомат коюп келишет. Эмне үчүн мындай көрүнүштөр болуп жатат?

- Эл деле түшүнүш керек. Мисалы, өзүбүздө чакыруу түшкөндө аны таразалап, карап турган адамдар бар. Алар убагы келгенде тез жардам жиберишет. Жолдо унаанын көптүгүнө байланыштуу кээде эрте жете албай калабыз. Ыкчам иштеш үчүн шаар ичиндеги машиналардын жарымын алып салыш керек. Аны биз ала албайт экенбиз. Тез жардам машинасы менен кетип бара жатсак, бизди сүзүп кеткен учурлар бар.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG