Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Жөлөкпул алуунун убарасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин четиндеги Келечек конушунда чыккан өрттөн үч баласы иске ууланган үй-бүлө мамлекеттен жөлөкпул албайт. Балдардын атасы чүрпөлөрүнө толгон-токой тоскоолдуктар менен жөлөкпул чегерилгенин, бирок кийин ал кайра токтоп калганын айтып арызданды.

Рустамбек Таштанбек уулу Келечек конушунда өрттөнгөн үйдө иске ууланган үч наристесине эмгиче жөлөкпул ала албай келет. Ал кичи мекени Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында балдарга жөлөкпул өндүрүү оңойго турбасын айтты.

Рустамбек Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин айылдагы кызматкерин «бул үчүн тургундардан каражат алат» деп айыптап жатат. Өзү да ушундай жол менен балдарына жөлөкпул чегертип, бирок көп өтпөй кайра токтоп калганын айтты:

- Нурила эже биздин айылда жөлөкпул маселесин карайт. Ал башта «тигил жакка берем» деп 1000 сом сураган. 1000 сомду алгандан кийин үч балама тең жөлөкпул чегертип берди. Кийин мен шаарга кеттим. Үч айдан соң алар жубайыма «сенин күйөөң шаарда иштейт экен» деп жөлөкпулду кыркып салышты. Айылда жөлөкпулга чыгарарда «биринчи жөлөкпулдун акчасын мага бересиңер, кийинкисин өзүңөр ала баштайсыңар» деп айтышат. Булар азыр деле ушинтип жатышат. Бирок муну көбү айтуудан коркот.

Түтүнгө ууланган наристелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:55 0:00

Балдарына мамлекеттен жөлөкпул алыш үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аймактагы кызматкерлерине акча же биринчи жөлөкпулун берген жарандар аз эмес экенин Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты Сыймык Бекмурзаев да ырастады:

- Ушундай маселелер боюнча бизге арызданып келгендер көп. Мен аларга «силер арыз бергиле, биз эле чечип коелу» десем жарандар арыз жазгандан коркушат. Себеби Социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери «силер арыз жазсаңар жөлөкпул бербей коёбуз» деп коркутушат экен. Мен көпчүлүгү «бир, эки айлык жөлөкпулубузду айла жок бердик. Бирок жөлөкпулду алып жатабыз» дегендерди угуп жатам. Биздин айыл чакан болгондуктан баары эле бири-бирине тууган. Эгер бирөө арыз жазса аны таландыга алышат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Токтогул райондук бөлүмү Рустамбек Таштанбек уулу 2017-жылдын ноябрь айында эки баласына жөлөкпул ала баштаганын билдирди. Ошол эле жылдын декабрында үчүнчү баласы төрөлүп, ага сүйүнчү акчасы берилип, жөлөкпул да чегерилген.

Райондук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Кадырбек Ытыров Рустамбектин үй-бүлөсү айылдан көчүп кеткенине байланыштуу 2018-жылдын февралында же башкача айтканда төрт айдан кийин жөлөкпул берүү токтотулганын кабарлады. Ал эми Рустамбектин айткандарын Нурила Борбиева четке кагып, тескерисинче анын үй-бүлөсүнө жардам бергенин айтты:

- Мен алардан бир сом алган эмесмин. Акча алганымды далилдеп да бере албайт. Булар атасы менен чогуу жашагандыктан кошунасыныкына бөлгөнбүз. Ошондон кийин жөлөкпул чегерилип, сүйүнчү акча да берилди. Негизи мен акт гана жазып берем, жөлөкпулду болсо социалдык кызматкерлер чегерет. Жөлөкпул чегерилгенден кийин үч айда бир жолу жашаган жери текшерилип турат. Райондон үч киши текшерүүгө келип, биз үйүнө барсак кулпу салынып турган экен. «Алар шаарга көчүп кетишкен» деп айтышты. Үй-бүлө башка жерге кетип жатканда алар кабарлап коюшу керек. Эгер андай болбосо 15-20 күндөн кийин акты менен жөлөкпул берүүнү токтотуп коюшат. Мен тескерисинче буларга жардам бергем.

«Балдарды коргоо» уюмунун адиси Кумар Эргешова балдарга жөлөкпул алууда Рустамбек Таштанбек уулунун үй-бүлөсү туш болгон жагдай Кыргызстанда аз камсыз болгон бүлөлөрдүн көпчүлүгүнө тиешелүү экенин белгилейт. Ал муну ириде жарандардын маалыматынын жоктугу менен түшүндүрдү:

- Бул жөлөкпулга муктаж адамдар менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы көрүнбөгөн келишим болуп жатат. Эки тараптын ортосундагы бул келишим ачыкка чыкпай калгандыктан жөлөкпул алуучулар бийлик өкүлүнө көз каранды болуп калууда. Алар муну ачык айтышпайт. Ошондуктан ал тамыр жайып баратат. Эгер биз анын баарын ачык айтсак, муну жеңсе болот. Андыктан элет жериндеги адамдарга туура маалымат жеткирүү зарыл.

Министр Улукбек Кочкоров жаңы конуштардын биринде.
Министр Улукбек Кочкоров жаңы конуштардын биринде.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жарандарга жөлөкпул чегерип берүүгө жардам берип, кайра алардан акча өөнөгөн кызматкерлер бар экенин өзү да моюнга алды. Ал мындай мыйзамсыз ишти токтотуш үчүн социалдык тармактар аркылуу маалыматтар берилип, ишеним телефондору иштеп жатканын билдирди:

- Эгер ушундай фактылар болсо биз сөзсүз чара көрөбүз. Мага да «жөлөкпул чегерип берип, анын бир айдагысын кызматкерлер алып жатат» деген маалыматтар келип жатат. Ушундай көрүнүштөр болбосун деп мен «Фейсбук» жана башка социалдык тармактар аркылуу түз эфирге чыгып атам. Ушундай фактылар болсо жарандар министрликтин 0556 66 00 24 «Whatsapp» номуруна кайрылса болот. Биз аны териштирип, чара көрөбүз.

Бул маселенин арты менен жөлөкпул алуудагы мындан башка да маселелер көтөрүлдү. Кыргызстанда 2018-жылдан тарта жөлөкпулдар боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, өткөн жылдын 1-июлунан баштап «чоң ата, чоң энеси пенсия алса үй-бүлөдөгү балдарга жөлөкпул берилбейт» деген жобо жоюлган.

Ошондой эле «сыналгы, муздаткыч сыңары тиричилик техникасы бар үй-бүлөлөргө жөлөкпул берилбейт» деген эреже да жокко чыгарылган. Ошол эле учурда колдонууга берилгенине 20 жылдан аша элек автоунаасы бар кожолуктун балдарына жөлөкпул чегерилбейт.

Жалпылап айтканда жөлөкпул муктаж үй-бүлөлөргө гана берилет. Алар жакыр же бардар турмушта жашай турганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери аныктайт. Министр Улукбек Кочкоров алар кантип аныкталарын айтып берди:

- «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кантип аныктайбыз?» деген суроо пайда болушу мүмкүн. Үй-бүлөнүн жалпы же башкача айтканда жыйынды кирешеси үй-бүлө мүчөлөрүнүн киши башына бөлө келгенде 900 сомдон ашпаса ал жакыр үй-бүлө болуп эсептелет. Андан сырткары анын мүлкүнөн малы эсепке алынат. Эгерде киши башына төрттөн кой туура келе турган болсо, анда мындай үй-бүлө да аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарына кирбейт. Маселен, үйдө алты бала, ата-энеси менен бир үй-бүлөдө сегиз киши болуп алардын ар бирине төрттөн жандык болгондо жалпы 32 койдон ашып кетсе ал жакыр үй-бүлө болуп эсептелбейт. Азыр ушундай чектөөлөр бар. Бул чектөөлөрдү биздин министрлик киргизген эмес. Аны өкмөт бекиткен.

Расмий маалыматка караганда, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 277 миңге жакын балага жөлөкпул берилет. Жөлөкпулдун орточо суммасы 875 сомду түзөт. Кыргызстанда 2 млн. 300 миң бала бар. Мамлекет анын 277 миңине же башкача 10 пайызга жетпегенин бөлүгүнө жөлөкпул берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG