Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Ош: өзбек коомчулугу сепке чектөө киргизди


Ноокен районундагы айылдардын биринде кызга берилген сеп.
Ноокен районундагы айылдардын биринде кызга берилген сеп.

Ош шаарындагы негизинен өзбек тектүү эл жашаган Туран аймактык кеңеши той чыгымдарын жана кыздын себин азайтуу боюнча чечим чыгарды.

Тойдон кийин кырк күн бою келиндин үйүнөн күйөө баланыкына тамак ташууга да тыюу салынды. Аны аткарбагандар 10 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт.

Аталган аймактык кеңештин өкүлү Рустам Садыков ушул темада "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди:

"Азаттык": Рустам мырза, той чыгымдарын азайтуу боюнча чечимге ылайык, эмнелерге тыюу салынды?

Садыков: Азыркы күндө, өзүңүз билесиз, мекендештерибиздин көбү жумушсуз. Демек, акча табуу кыйын. Ушуга карабай, мурдатан келе жаткан “мен сенден кыйынмын, сенден ашып түшөм” деген текеберлик бар. Акчаны ысырап кылып, керексиз нерселерге чачып, той кылуу токтобой жатат.

Биз Туран аймактык кеңеши жыйын өткөрүп, чыгымдарды азайтуу боюнча макулдаштык. Андан соң, элдик курултай уюштурдук. Жашоочулар биз көтөргөн демилгеге макул болушту. Ошентип, чыгымдарды жана зыяпаттарды кыскартуу боюнча чечим кабыл алдык. Ал 9-августтан тарта күчүнө кирди.

"Азаттык": Ал чечим кайсыл адаттарга чектөө киргизет?

Садыков: Өзбек коомчулугунда тойдон мурда кудалар топтолуп, “Бата той” жыйынын өткөрөт болчу. Ага да эл чакырып, кой сойулат. Андан соң, келин тарап күйөө баланын достору үчүн “Манзар жеди” деген зыяпат уюштурат. Тагыраак айтканда, казанга куурулган самсаны бир себетке толтуруп, ага ичимдик, кийим-кече кошуп күйөөнүн үйүнө жиберет. Ал жакта күйөө жолдоштор зыяпат кылат. Ушул эки жыйынды жойдук. Тойдун эртеси “Жүз ачты” деген зыяпат болот. “Келин жүзүн ачты” дешип, аялдар күйөө баланын үйүнө чогулат. Ага да тыюу салдык. Ошондой эле сеп берүүдөгү ашыкча чыгымдарды кыскарттык. Бизде - өзбектерде кызга аябай көп сеп беришет. Эки-үч килем, эмерек, парда, кийим-кече, айтор күйөө баланын үйүнүн эки бөлмөсүн толтурат. Ага да тыюу салдык.

Өзбектердин дагы бир салты боюнча, кыз жаңы күйөөгө кеткенде ата-энеси 40 күн бою күйөө баланын үйүнө тамак ташыйт. Бул кызым бирөөнүн үйүнө, тамагына көнгүчө кыйналбасын деген максатта жасалат. Ага да тыюу салып, тамак ташууну үч күн менен чектедик. Ошондой эле, үлпөт тойду коштоп чыга турган унааларды бештен ашырбоо боюнча чечим кабыл алдык.

"Азаттык": Демек, кызга сеп берүүгө да чектөө киргизилген турбайбы. Ата-энелер буга кандай карайт?

Садыков: Биротоло тыюу салган жокпуз. Кызга керектүү гана буюмдарды беришет. Бизде кызга калың берилбейт. Ата-энеси ондон ашуун жууркан, ошончо жер төшөк, эмерек, толгон-токой сеп кылат. Ошонун өзүнө эле 300-400 миң сом кетет. Биздин чечимге ылайык, үйдү толтуруу күйөө тарапка жүктөлөт. Келиндин эсебинен жашабай, өздөрү да кылып көрсүн дедик.

"Азаттык": Бул демилгени колдоп жатышканы менен, аны аткаруу жагы кандай болот? Ишке ашуусуна ишенесиңерби?

Садыков: Демилге элге жакты. Себеби, буга чейин адамдар бир биринен кем калбайын деп, айрымдары уялганынан банктан насыя алып же бирөөдөн карыз сурап сеп жасачу. Ошондуктан, сунушубузду жашоочулар дароо колдоп берди. Чечим кабыл алынгандан кийин 7-8 той болду. Азырынча баары жакшы.

"Азаттык": Бирок ушундай эле демилге буга чейин Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Араван, Ноокен, Базар-Коргон райондорундагы өзбек коомчулугу тарабынан да көтөрүлүп, бирок ишке ашпай калды эле...

Садыков: Биздин курултайдын чечимин аткарбагандар 10 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт. Бул деле оңой акча эмес.

"Азаттык": Айып пул кимге төлөнөт?

Садыков: Аймактык кеңештин атайын эсеби бар. Ошол жерге төлөйт. Ал үчүн эсеп-дүмүрчөк берилет. Андан түшкөн акчаны аймактык кеңеш жетим-жесирлерге жумшайт. Чечимге баш ийбей, ысырапкорчулукту уланта бергендер элдик жыйынга салынат. Ошентип маселени чечебиз.

XS
SM
MD
LG