Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Бектурсунов: Ашта сарамжалдык көпчүлүккө жакты


Ысык-Көлдүн Түп районунда аш өткөрүүгө чектөөлөр кирип жатат. Аймактагы мындай демилге, жергиликтүү тургундардын буга карата мамилеси тууралуу Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жайлоо Бектурсунов "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Түптө жергиликтүү бийлик аш өткөрүүгө 10 миң сомдон ашык акча коротулбасын, эгер коротсо 50 миң сом айып пул төлөсүн деген чечим кабыл алыптыр. Мындай демилгени эл өзү көтөрдүбү, же бийликтин чечимиби?

Жайлоо Бектурсунов: Бул сунуш элдин жалпы чогулуштарында, айылдардын мыйзамдарын талкуулап, бекитип жатканда көтөрүлгөн.

Айрыкча кара ашта, адамды узатып кайгылуу окуялар болгондо, аза күтүп жаткан үй-бүлөнүн бюджетине терс таасир тийгизүү, өлгөндүн үстүнөн көмгөн кылып үстөккө-босток каражат жактан чыгым тарттыруу болбосун дедик. Куру намыска мал союу керек дегенди тыйып жатабыз.

Азыр бирден гана бодо мал союлсун деген чек коюлган. Себеби тыштан келген коноктор, кыз-кыркын, куда-сөөк деген болот. Ошолорго узатуу маанисинде эле тамак-аш берилет.

Ал эми айылдын эли бейитте жаназага туруп топурак салып, тамак-ашка үмүт этип азалуу үйгө барбай эле тарап кетип атышат. Ушундай жакшы көрүнүш бар. Себеби шариятка да тууралаганда ушундай экен.

Каржы жактан үй-бүлөлүк бюджетке оорчулук келтирбеш үчүн ашкере ысырапкорчулуктан алысыраак бололу деген ниетте биздин райондук кеңеште, администрацияда токтом кабыл алууну чечтик.

Бизге чейин мындай демилгелер Ак-Суу районунда да көтөрүлүп, токтомдор да кабыл алыныптыр. Бул биздин айылдарда да жакшы кабыл алынып, эл туура эле көрүп жатат.

“Азаттык”: Элдин баары эле көнүп жатабы? Анткени өзүнүн малы, өзүнүн оокаты, өз билет дегендей.

Жайлоо Бетурсунов: Көнгөндөр көнүп эле жатат. Азыр эң негизги маселе каза болгон кишини көп кармабаганга тууралоо керек болуп жатат.

Мурда шартка жараша унаа тартыш болгондуктан үч күн кармап, алыстан куда-сөөк, кыз-кыркынын, туугандарын күтчү. Азыр заманыбыз кудайга шүгүр өзгөрдү. Чөнтөк телефон байланышы бар, тез арада кабар берилет. Ар биринин астында машина бар. Ошондуктан эл адамды жайына тез арада коюуга да көнүп атышат. Мында да көптөгөн чыгымдар да азаят.

“Азаттык”: Кыргызстанда тойлор, алардын шаан-шөкөттөрү да көп болот деп айтышат. Тойлорго да чектөө киргизүү тууралуу ойлор айтылып жаткан жокпу?

Жайлоо Бектурсунов: Жакшылык, тойлорду эл колунан келишинче эле өткөрүп жатат. Ага кандайдыр бир бөгөт коюуну ойлонгон жокпуз.

Той деген негизи кыргыздагы ырайымдуулук, колунан келген жардамын көрсөтүү, кайрымдуулукка эле тууралап койсок болот. Бул абдан жакшы каада-салт. Тойдо болгонун чачуу кыргызда илгертен бери адат-салт катары калган. Муну чектөө тууралуу сөз боло элек.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG