Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:25

Керней азайып, салттар көбөйдү


Өзбек тектүү кыргызстандык жарандар жаманчылыктарга болушунча азыраак чыгым сарптаганы менен тойдон эч аянышпайт.

Соңку жылдарда өзбек жамаатынын тойлоруна жаңыча үрп-адаттардын кириши маараке өткөргөн тарапты ашыкча чыгымга дуушар кылууда. “Азаттыктын” кабарчысы өзбек туугандар бир тойго канча чыгым коротооруна кызыгып көрдү.

Карасуулук Ахмаджон Замонов бир жума мурун уулун үйлөндүрдү. Ал тойго каражатты колдон келишинче сарамжал коротконго аракет кылганына карабай, 150 миң сомдон ашуун чыгым сарптаган экен:

- Жакында уулумду үйлөндүрдүм. Биринчи жолу той өткөрүп жаткандыктан чыгымы тууралуу мурда билчү эмесмин. Мен керектүү нерселер үчүн гана акча короттум, башкалардай болуп, эл көзүнө деп акчамды чачпасам да 4 миң долларга жакын акча кетти. Той өткөрүп жатып, айрым салттарыбыз өтө эле ашыкча экенине көзүм жетти. Мисалы, өзбектерде эки жашка бакыт тилеп, ортого чыгып бийлеген кишиге той ээлери сөзсүз акча бериш керек. Ойлоп көрсөм, мунун кереги деле жок экен. Ошондуктан мен бул салтты жасаган жокмун. Анын айынан туугандарымдан бир топ сөз уктум. Менин ордума аялым акча кыстарып жүрдү. Анан эсептесек, кыстар-кыстардын өзүнө эле 2 миң сом кетиптир. Эгер мен да кошо кыстарсам 4 миң сомду жөн эле бирөөлөргө карматып коймок экенбиз.

Чөнтөктү каккан себет

Өзбектердин той-ашы керней-сурнайсыз өтпөйт. Аны чалгандарды "атарчылар" деп коюшат. Алар болбосо тойдун шааниси жок. Салт боюнча келин алгандар же баласына сүннөт той кылгандардын үйүндө тойдон бир күн мурун кернейдин үнү жаңырышы керек. Бул үчүн той ээси атарчыларга 3 миңден 6 миң сомго чейин акча берет. Акыркы кездери муну да ашыкча чыгым деп эсептешип, карасуулук өзбектер атарчыларды той күнү эки же үч саатка гана чакырууну адатка айлантышууда.

Өзбектердин тойлорунда чоң бодо мал чанда гана союлат. Бир же эки кой союп, чакырылган коноктордун санына жараша аш үчүн 20 килограммдан 80 килограммга чейин күрүч колдонулат. Бул жагынан алганда өзбектердин тойдогу тамак-ашка анча көп акча сарпташпаганы байкалат. Чыгымдар негизинен кызга сеп берүүдө жана аялдардын себетине байланыштуу экенин Ахмаджон аке баса белгиледи:

- Келиндин үйүн толугу менен жасалгалап берүү кыз тараптын түйшүгү. Азыр арзан мебелдерди эч ким сатып албай калды. Той үчүн сөзсүз чет өлкөнүн эмеректерин алып жатышат. Акчасы жетпесе да, башкалардан кем эмесмин деген ой менен ушуну жасашууда. Ошондой эле себет көтөрүү көйгөйү бар. Той күнү биздикине келген аялдардын дээрлик баары себет көтөрүп келди. Ошонун баарын кайра толтуруп, артына жөнөтүш керек экен. Бул майда көрүнгөнү менен аябай чоң чыгым.

Өзбек жамаатындагы ашыкча чыгымдардын дагы бири - күйөө баланы жоктомой. Мында негизги түйшүк келин тарапта. Жакында гана кызын узаткан Ош шаарынын тургуну Махлиё Давронова бул адат тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Өзбекче тойлордогу керексиз салт катары Манзар жеди деген адатты айтсак болот. Мында тойдон бир күн мурда келиндин апасы күйөө баланын үйүнө ар түрдүү шириндиктерди жөнөтөт. Алар аз эле дегенде 10 себет болуш керек. Андан сырткары бир себетте койдун өпкөсү, дагы биринде самса, айтор жемиштин түрү жөнөтүлөт. Мен кызымдын тоюнан бир күн мурда күйөө балага 39 себет жибердим. Эсептесем бир күндүк себетке 5 миң сомдой акча кетиптир.

Кызын ойлогон эне тамак жиберет

Махлия эженин айтымында, жыл сайын тойлорду өткөрүүдө жаңыча салттар кошулуп баратат. Өзбектердин адаты боюнча тойдон кийин келиндин апасы күйөө баланын үйүнө 40 күнгө чейин күн сайын ысык тамак жөнөтүшү керек. Акыркы жылдары адамдар бир эмес, 3-4 түрдүү тамак жөнөтүүнү адат кылып алышкан. Акыркы кездери тамакка кошо кофе, чай жана ар түрдүү сокторду жөнөтүү салт боло баштаптыр:

- Бул адат негизи кызым башка үйдүн тамак-ашына үйрөнгүчө кыйналбасын деген максатта колдонулат. Бирок муну көпчүлүк күйөө балага көрсөтүлгөн сый катары кабылдайт. Ошондуктанбы, кыздын апасы сараңдык кылса, кайненелер кабак-тумшук асып, келинге пейилин көрсөтө баштайт. Кызым жакшы жашасын, кайненеси менен ортосуна суукчулук түшпөсүн деген максатта энеси колдон келгенче ар түрдүү тамак жибергенге аракет кылат. Муну кудаларга жагынуу деп түшүнсө да болот.

Бирок муну менен күйөө тарап той үчүн акчаны аз коротот дегенге болбойт. Жигитке дос болуп чыккандардын ар биринин белине белбоо байлатмай, тойго келген аксакалдардын ар биринин колуна нан, жер-жемиш салынган баштык карматмай, келиндин той көйнөгүнө, ырчы-чоорчуларга акча төлөмөй күйөө тараптын милдети.

Той өткөргөндөрдүн жоопторуна таяна турган болсок, бир салтанатка 150 миңден 300 миң сомго чейин коротулушу мүмкүн.

Сузак айылдык кеңешинин депутаты Абдуллажон Исмаиловдун айтымында, керексиз чыгымдарды азайтуу жөнүндө түшүндүрүү иштери дайыма жүргөнү менен натыйжасын бербей жатат:

- Той-топурга барган кезде жана түрдүү жыйындарда тойлордогу чыгымдарды азайтуу керектигин дайыма айтабыз. Бирок майнап чыкпай жатат. "Эшматтан Ташмат кем бекен" дегендей ыкма жайылып кетти. Муну токтотуу үчүн атайын мыйзам керек болуп жатат. Ашыкча ысырапкорчулукту азайтуу үчүн атайын мыйзам болсо, ушул маселе аз да болсо чечимин тапмак.

Бирок өзбектер суук мааракелерде ашыкча каражат коротушпайт. Өлүм болгон үйдө кан чыгарылбайт, тамак бышырылбайт. Кыркы жана жылдыгын өткөрүүдө гана кой союлат. Туугандары, куда сөөктөрү жатар конок болуп, жүгүн артпайт, алар да, коңшулары да азыгын өз жанынан чыгарышат. Ошондон улам жамандыкка эмес, жакшылыккка чабылалы деген ниет басымдуулук кылат тура деген таасир калат.

XS
SM
MD
LG