Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:26

Эгемендик күнүнө арналган сынактын жеңүүчүлөрү


31-августта эгемендүү Кыргызстан 23кө толот. Буга байланыштуу “Азаттык” радиосу эки ай мурдараак "Эгемендик күнү элге кайрылыңыз" аттуу сынак жарыялаган.

Сынак катышуучуларына Кыргыз Республикасынын президентинин атынан мамлекеттин эгемендиги, келечеги тууралуу көкүрөгүндө баккан сунуш, кыялдарын чакан текст, аудио, видео түрүндө жөнөтүү сунушталган.

Талап боюнча текст 1200 символдон, аудио, видео материалдар 3 мүнөттөн ашпай, 25-августка чейин редакциянын электрондук дарегине келип түшүүсү шарт эле.

Сынак жүрүшүндө “Азаттыкка” 70ке чукул текст, видео, аудио түрүндөгү кайрылуу келип түштү. Редакция жамааты алардын ар бирин окуп, көрүп жана угуп чыгып жеңүүчүлөрдү аныктады.

Баш байге Samsung Galaxy планшетин утуп алгандар:

Баатыр Алымкулов, “Кагаздагы эгемендүүлүк”;

Нуралы Арзыматов, “Бейиштей жерде жашап, абийир саткан уят”;

Кызыктыруучу сыйлыктын жеңүүчүлөрү:

Нурлес Маматов, “Кыялымдагы ажонун кайрылуусу”;

Марат Эдигеев, "Кыргыздын элети өстү, элитасы өсө элек";

Өндүрүш Токтонасыров, “Баба дыйкандай мээнет кылалы”, видео-кайрылуу;

Максатбек Гапыров, "Обидно, что наша молодежь работает на благо России и Казахстана".

Сыйлыктар 2-сентябрда “Азаттыктын” кеңсесинде тапшырылат. Сынакка катышкан бардык авторлорго ыраазычылык билдирип, 31-август Эгемендик майрамы менен куттуктайбыз!

XS
SM
MD
LG