Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Бала бакча менен мектепке бала киргизүү канча турат?


Кыргыз бийликтери көптөн бери коррупцияга каршы күрөш жарыялап келатат. Анын натыйжасы жалпы коомду өзгөрткөнү байкалбайт. "Азаттык" жалпы журтчулукту бул күрөшкө салым кошууга чакырып, "Коррупциометр" деп аталган жаңы долбоор ачты.

"Коррупциометр" - кыргыз коомундагы кайсы бир проблемага арналып, коомчулукка утур-утур бир собол таштап турат. Бул жолку соболубуз бала бакча менен мектеп маселесине арналат.

Жаңы окуу жылы жакындаган сайын бул суроо көпчүлүктүн көңүл чордонуна чыгат. Ар бир мектеп менен бала бакчанын бала кабыл алууда өздөрү коюп алган "чен-өлчөмү" бар экени белгилүү. Мындай учурга сиз же жакындарыңыз да кабылса керек. Эгер быйыл балаңызды бала бакчага же мектепке бергени жатсаңыз сизден канча акча сурашты?

Өзүңүз же кимдир бирөө баласын бала бакчага жайгаштырууда же мектепке киргизүүдө пара бергенине күбө болсоңуз, "Азаттыкка" кабарлаңыз. Бизге сүрөт/видео жиберип, кат-кабар жазыңыз. Бул маселе боюнча ой-пикириңизди да жазып туруңуз. "Азаттыктын" Бишкек кеңсесиндеги (312) 316165 автожооп телефонго чалып, үнүңүздү жаздырып койсоңуз болот.

Бизге жөнөтүлчү файлды ушул жерден жүктөңүз

Жалпы эрежебиз менен таанышып алыңыз

XS
SM
MD
LG