Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

“Кыргызтелеком” жетекчисин иштен алуу сунушталды


Интернетти кымбаттаттуу чырын иликтеген депутаттар жыйынтыгын чыгарды.

Комиссия тарифтердин көтөрүлүшү негизсиз болгон деп чечип, бул ишке Башкы прокуратура укуктук баа берүүгө тийиштигин айтууда. Ошондой эле комиссиянын тыянагында “Кыргызтелекомдун” жетекчиси интернет трафигин сатууну монополияга айлантууну көздөгөн деп да айтылган. Комиссиянын бүтүмүн парламент кийинки жумада карамай болду.

“Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчиси Эмил Эшеналиев интернеттин 1 ГБ 30$ сатып алуу боюнча казак тарап менен бир жылдык келишимге кол койгонун бир ай мурун Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте айтып чыккан. Көп өтпөй бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Рыскелди Момбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Эшеналиев келишимге кол койгондон кийин, 16-августта Маалымат технологиялары жана байланыш комитетине “Кыргызтелекомду” жападан-жалгыз интернет таратуучу катары таануу сунушу менен кайрылганы иликтөө учурунда анык болгон:

- “Кыргызтелекомду” Кыргызстанда жападан-жалгыз интернет таркатуучу болсун” деген токтом долбоорун алып чыгууну Маалымат технологиялары жана байланыш комитетине сунуштап, демилге көтөрүп чыккан. Бирок кийинчерээк, акционердик коом өкмөткө мындай басым жасай албасына көзү жеткенден кийин сунушун кайра чакыртып алган. Бирок ошол сунуш катынын бир көчүрмөсү менде турат. Бул убагында маалымат каражаттарына да чыккан. Комиссия сураган мезгилде да Эшеналиев мындай демилге көтөргөнүн мойнуна алды.

Момбековдун айтуусунда, мына ушундан кийин Казакстандагы башка провайдерлер да интернеттин баасы көтөрүлөрүн Кыргызстандагы сатып алуучуларына билдирип, түрдүү бааларды сунуштай башташкан.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Казак тарап интернеттин баасын кымбаттатуу тууралуу кыргызстандык провайдерлерге август айында кабарлашкан. Алар сунуштаган тарифтер боюнча, бир гигабайт интернеттин баасы 10-15 доллардан 29-30 долларга чейин көтөрүлмөк. Казак тарап муну Орусия тараптан баалар көтөрүлгөнү менен негиздешкен. Бирок кийинчерээк ЕАЭБнин антимонополиялык кызматы Орусия бааны көтөрбөгөнүн, казактарга мурункудай эле бир доллардан сатылып жатканын билдирип чыккан.

Келишим иштеп жатабы?

“Кыргызтелеком” ишканасы 1 ГБ интернетти 30 доллардан сатып алуу тууралуу келишимди KazTransCom жана Global Kvant Service ишканалары менен түзгөн. Мекеме буга аргасыздан барганын билдирген. Компаниянын башкармалык кеңешинин төрагасы Эмил Эшеналиев казактар эгер кыргыз тарап интернетти жаңы баа менен сатып албаса, өчүрүп салабыз деп шарт коюшканын айтып чыккан болчу. Ишкана жетекчилиги депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча азырынча эч кандай пикир билдире элек.

“Кыргызтелекомдун” маалымат катчысы Назира Турдалиева ишкананын башкармалык кеңешинин төрагасы Эмил Эшеналиев иш сапарда экенин маалымдап, бардык суроолорго ал өзү гана жооп берерин айтты. Турдалиеванын кошумчалоосу боюнча, учурда “Кыргызтелеком” арзан баада интернет сатып алуу үчүн казакстандык башка провайдерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө:

- Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок кандай чечимге келишти, ал белгисиз.

Назира Турдалиева учурда “Кыргызтелеком” ишканасы Казакстандан интернетти кандай баага сатып алып, кардарларына кандай баада сатып жатканы тууралуу маалыматты бере албастыгын да кошумчалады.

Бааларда өзгөрүү жок

Учурда Кыргызстан Казакстандан 1 ГБ интернетти 15 доллардын айланасында сатып алууда. Бул бир нече жолку сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилгенин Кыргызстандагы байланыш операторлору ассоциациясынын президенти Нурбек Абасканов “Азаттыкка” билдирди:

- Болжолдуу түрдө 15 доллардын айланасында алынып жатат. Мурда деле провайдерлердин бири арзан, бири кымбатыраак алып жүргөн. Азыр эми дээрлик баары эле ушул баада сатып алып жатышат. Ошентсе да биз, провайдерлер кардарларыбызга бааны көтөргөн жокпуз. Казактар 30 долларга чейин көтөрүүнү каалаган, андай болгон жок.

Ушул тапта кыргызстандык кардарлар үчүн интернеттин баасы жарым жыл мурунку баасынан өзгөргөн жок. Провайдерлер Казакстандан бир аз жогорулоо болгону менен, жергиликтүү керектөөчүлөр үчүн баалар көтөрүлбөгөнүн белгилеп жатышат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG