Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

“Кокон гилас” окуясынын видеосу интернетке тарады


Араван районунда 300 гектардай гилас багы бар.
Араван районунда 300 гектардай гилас багы бар.

​Аравандык багбан Шавкат Байбабаев менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда болгон окуянын видеосу интернетте жайылды.

Анда өздөрүн тааныштырбаган бир нече күч органдын кызматкерлери Байбабаевдин багын тинтип, андагы жумушчулардын паспортун текшерип жатканы тартылган. Автоматчан милиция кызматкерлеринен коркуп иштеп жаткандар жумушун таштап салганы, бирөөсү болсо таптакыр эле эси ооп калганы да чагылдырылган. Аз күн мурдараак өкмөт да билдирүү таратып, окуяда коркутуу болбогонун билдирген эле.

Мындан эки ай мурда Ютубга жарыяланып, бирок ортодо ачылбай калган видео кайрадан жайылды. Анда аравандык багбан Шавкат Байбабаевдин үйүнө “күч органдарынанбыз” деген бир нече адамдар келип, анын жумушчуларын текшерип жатканы тартылган. Алар өздөрүнүн аты-жөнүн, кызматын айтышкан эмес.

Видедогу чек арачынын формасын кийген адам тасма тартып аткан кишиге карап мындай деп жатат:

- Эгер бизге кандайдыр бир маалымат келген болсо, кайсы жакты болбосун текшерүүгө укугубуз бар. Сиздин үйүңүзгөбү, багыңызгабы эч кандай уруксат кагазы жок эле келип, текшеребиз. Мен жөн эле жаран эмесмин, мен күч бийлигинин өкүлүмүн. Мен чек ара кызматынан келдим. Ошон үчүн бул жерде текшерүү жүргүзүп атабыз.

Тасмадагы окуя ушул жылдын 8-июнь күнү болгон эле. Араван районунун Лангар айылындагы Байбабаевдин кокон гилас багын текшерүүгө алып жаткандардын арасында УКМК өкүлдөрүн райондук чек ара кызматынын, милициянын бир нече кызматкерлери коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.

УКМК өкүлдөрү бул жерге “өзбекстандык” делген жумушчуларды текшерүү үчүн келишкенин тасмада белгилешкен. Бирок мында коңшу өлкөдөн келген бир адам жоктугу аныкталган. Видеодо куралчан адамдар көрүнбөгөн менен бактан качып чыгып аткан аялдардын бири буларды айтып жатат:

- Жарандык форма кийген адамдар тиги жерде автомат көтөрүп жүрүшөт. Бактан чыккыла дешти эле, чыктык. Биз эч кандай башка өлкөдөн келген эмеспиз, Кыргызстандын эле жараныбыз.

Багбан Шавкат Байбабаев бул видеону күч органдарынын себепсиз текшерүүсүн көрсөтүү үчүн эле эмес, УКМК кызматкерлери анын кокон гилас багынан үлүш алуу үчүн келгенин тастыктоо үчүн тарткан. Видеодон сырткаркы убакта күч органдары андан, бактан бир жыл үчүн олчойгон сумма сураганын айтат Байбабаев:

Шавкат Байбабаев.
Шавкат Байбабаев.

- Бул видеодогу нерселер окуянын чети эле. 8-июнь күнү алар бизди коркутуп, жумушчуларды иштетпей убара кылышы керек эле. Биз коркуткандан кийин, алар келген максатын айтмакчы экен. Куду эле ошондой болду. УКМК кызматкерлери “кокон гиластан 20 миң доллар бересиң” дешти. Ал акчаны “үлүш” катары жетекчилери алат экен. “Болбосо гиласың сатылбайт, Араванда биз кожоюнбуз” дешти. Биз акча бербей койсок, ошондон бери коркутканы коркуткан. Негизи мурдагы жылы аларга 100 миң сом “үлүш” бергем, быйыл өтө көп сумма айтышканы үчүн айласыз бере албай калдык. Утуру текшере бергени үчүн жумушчу барбай, гиластын көбү күйүп кетти. Өзүмдү болсо керээлден кечке аңдып жүрүшөт. Үйгө күн алыс барып, текшеришет. Бакты кайра-кайра ченеп чыгышат. Эптеп бир шылтоолорду айтып коркутуп атышат. Окуянын баары кенен тартылып калбаса да, ушул видео менин айткандарыма толук далил болуп турат.

Ушул жылдын апрель айында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Араванга иш-сапары менен барып, Байбабаевдин кокон гилас багына баш баккан. Багбан ошол жерде бир нече адамдардын көзүнчө кирешеси 7-8 млн. сом экенин ачык айткан эле. Ошондон бери Байбабаев андан “үлүш” суроолор, коркутуулар болуп жатканын айтып келет.

Окуя боюнча “Азаттыктын” буга чейинки иликтөөсүнө өкмөт реакция жасап, багбанды коркутуу тастыкталбаганын билдирген эле:

- Өкмөттүн Ош облусундагы аппаратынын өкүлүнүн катында 2014-жылдын 8-июнунда Ош шаарынын жана Ош облусу боюнча УКМКнын бөлүмүнүн жетекчисинин макулдугу менен аталган кызматтын жана башка ведомствонун: Араван районундагы милиция бөлүмүнүн жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү ушул райондун Нурабат айылында жайгашкан Байбабаевдин гилас багына барышкан. Алар бакта мыйзамсыз иштеп жаткан Өзбекстандын жарандарын текшерүүгө алган. Бул учурда курал колдонулган эмес. Мындан сырткары күч түзүмүнүн кызматкерлери тарабынан Байбабаевдин үй-бүлөсүнө карата мыйзамсыз кыймыл-аракет болгону тууралуу да факт тастыкталган жок. Тескерисинче, Байбабаевдер текшерүү учурунда каршылык көрсөтүп, мыйзамдуу иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Мындан улам Ош облусунун Араван районунун жашоочусу Шавкат Байбабаевдин айткандары чындыкка кошпойт, - деп жазылган өкмөттүн “Азаттыкка” жолдогон катында.

Бирок Байбабаев өкмөткө туура эмес маалымат жеткенин, окуяны жеринен кайрадан иликтөөнү талап кылууда. Ал ошондой эле учурда жашоосунан кооптонуп жатканын айтууда. Ошол себептүү да президентке, өкмөткө, прокуратурага жана ошол эле УКМКнын жетекчилигине жалпы 50дөй арыз менен кайрылган. Күч органдары болсо “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты.

Маалыматтарга ылайык, УКМКнын Араван райондук бөлүм жетекчисине, анын орун басарына, оперативдик өкүлүнө жана “Араван” чек ара кызматынын зардалына, жалпы 4 кишиге 4 берене боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда бакта иштеген 150дөй кишинин 60ы сурак берген.

“Бирок иш атайылап кечеңдетилип жатат” дейт Байбабаевдин адвокаты Валерьян Вахитов:

- Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу болгон учурда тергөөнү узартпаш керек. Же айып тагуу керек, же четке кагуусу зарыл. Антпесе арыз жазган адамга ар кайсы жактан таасир этүү болот. Бул жерде ар кандай инструменти бар УКМКнын кызматкерлери жөнүндө сөз болуп атат. Алар азыр эле жерди кайра-кайра ченеп, коркутуп, арызыңды кайра ал деп жатышат. Биз башында бул 4 кызматкерди кызматтан четтетип тургула деп өтүнүч жөнөткөнбүз, бирок андай болгон жок. УКМК “Байбабаев жерди мыйзамсыз алган” деп атат, анан аны ушул ишке каршы коюп атышат. Биринчиден, бул жердин документтеринде мыйзамсыз нерсе жок. Экинчиден, эгер ал жерди мыйзамсыз алган болсо, ага жооп берет. Бул жерде УКМК өкүлдөрүнүн жөнөкөй бир дыйканды коркутуусу, “доля” сурап атышы жөнүндө болуп жатат. Буга өкмөт эптемей кылып жооп берип койбой, ачык билдирүү менен чыгуусу керек. Анын үстүнө ишке Оторбаевдин аты байланышып атса, ал бул ишти жеке көзөмөлүнө алышы шарт.

Шавкат Байбабаевдин кокон гилас багы 5 гектардан ашык. Атасынан калган жерди 7 бир тууган бөлүштүрүп алышкан. 2000-жылдары мында бак тигип, эми түшүм берип келаткан. Бул жерден жалпы жылына 50 тоннадан ашык гилас алышчу экен.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ушул жылдын апрель айында Араван районуна иш сапары менен барып, жашылча-жемиш, бак-дарактарды өстүрүп жаткан дыйкандар менен таанышып кеткен. Өкмөт башчы анда гилас багуу айыл чарбанын кирешелүү тармагы экенин айтып, багбандарды муну көбөйтүүгө үндөгөн эле.

Маалым болгондой, Араван районунда 300 гектардай гилас багы бар. Анын бир гектарынан кээде 1 млн. сомго чейин киреше табууга болот. Кокон гиластын бир килограммы учурда 80 сомдон 150 сомго чейин бааланат. Багбандар гиласты негизинен Орусияга экспорттошот.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG