Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

Муканова: “Жаяндар” кармалышын күтөбүз


Нурипа Муканова
Нурипа Муканова

'"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун уулунун кармалышы жана коррупцияга каршы күрөштүн бүгүнкү өнүгүшү тууралуу Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова ой бөлүштү.

- Депутат Турат Мадылбековдун уулу коррупция жана көз боёмочулукка шектелип кармалды. Депутаттын уулунун кармалышы эмнеден кабар берет жана мунун артынан кандай жүрүш, жылыштар болушу мүмкүн?

- Биринчиден, бийлик башында отурган, ошол депутаттардын өзү эле эмес, алардын бала-бакыралары таза болушу керек. Ошондо бийликтегилердин коррупцияга каршы күрөшкөнгө моралдык укугу болот. Бул соңку жагдай коррупцияга каршы күрөштүн сандыгы дале ачылып жатканын, жемкорлор тууралуу маалымат элге жетип жатканын көрсөтүүдө. Бул бир аз болсо да, элге коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат деген үмүт берип жатат.

Бирок азыр коррупция менен кармалып жатканы менен бирөөсүнүн да соттон чечим чыгып, толугу менен күнөөсү далилдене элек. Бул аракет ишке ашса, элде чоң үмүт пайда болот. Эл муну күтүп жатат. Бийликтегилерде элдин ишенимин актоо үчүн таза болушум керек экен деген ой пайда болушу кажет.

- Азыр жемкорлордун "чабактары" кармалып жатат дешет. "Жаяндары" качан кармалат?

- Биз да качан кармалат деп күтүп жатабыз. Эрнест Хэмингуэйдин “Коңгуроо ким үчүн кагылууда?” деген чыгармасы бар го. Чынын айтканда ошол убакыт келе элек. Коррупцияга каршы күрөштүн чыныгы агымы акырындап келе жатат деп айтканга үмүт бар. Азыр баарын кармап, алардын күнөсүн далилдегенге аябай кыйын болуп жатат.

Негизи коррупцияны далилдеп чыгуу аябай кыйын иш. Көбүнчө бул багыттагы кылмыш иштери бөлөк беренелер менен аралашып кетет. Ошондуктан быйыл мыйзамдарга жаңы беренелер кошулду. Ошентип мыйзамдык негизди даярдоо боюнча алгачкы кадам жасалды. Эми анын жыйынтыгын күтөбүз. Бирок бул жылдын акырына чейин элде коррупцияга каршы күрөшкө ишеним пайда болбосо, акыбал жаман болуп калат.

- Азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөштү аягына чейин чыгарууга кудурети жетеби?

- Биринчиден, азыркы бийлик дегенде үч бутакты карашыбыз керек: президент, өкмөт жана парламент. Азыр президенттин саясий эрки бар. Учурда коррупцияга каршы күрөш президенттин саясий эрки менен жүрүп жатат. Парламенттин өзүн-өзү тазалаганга кудурети жок. Жогорку Кеңештин саясий эрки жок деп да айтсак болот. Көрүп жатабыз, өкмөт өзүн-өзү тазалай албайт.

- Демек, бийликтин үч бутагында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү позиция жок болсо, өлкөдөгү жемкордукту жок кылуу аракетинен майнап чыгат деп кантип айтууга болот?

- Ишеним бар. Эгер сот системасы жакшы иштеп кетсе, бул ишеним бекемделет. Коррупциянын басымдуу бөлүгү аткаруу бийлигинде кездешет. Мындан тышкары мыйзам чыгаруу бийлигинде да кайсы бир мыйзамды алдыга сүрөп, коррупциялык схемалар аралашып кеткен учурлар бар. Ошондуктан сот тармагын көзөмөлдөөнү аябай жакшы колго алуу керек.

- Ошол эле депутаттарды арасында, бүгүнкү "коррупция менен күрөштү", "кампанейшина" же "саясий куугунтук" деп гана баа берүүгө туура келет деп билдиргендери бар. Буга кошуласызбы?

- Жок кошулбайм. Менимче, депутаттардын өздөрүнүн ушинтип айтышы уят нерсе. Эмнеге дегенде аларга эл бийлик берди. Бийликти алгандан кийин, кайра “кампанейшина” деп атаган туура эмес.
XS
SM
MD
LG