Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Баткендиктер: Кара майга карк болмокпуз...


Кадамжайдагы бензин баасы, 3-сентябрь.
Кадамжайдагы бензин баасы, 3-сентябрь.

Жергиликтүү калк Баткенди көздөй агыла бензин ташыган унаалардын баары аймакта калганда эмгиче кара май көл болуп калкып калмактыгын айтууда.

Баткен облусунда күйүүчү майдын баасы Бишкекке, а түгүл Ошко салыштырганда кыйла жогору. Бул көрүнүш аталган аймак керектей турган карамайдын аткезчилик жол аркылуу күйүүчү май кымбатыраак болуп жаткан Тажикстанга сатылып кетишинен улам болууда.

Мындай пикир өткөн жумада Жогорку Кеңеш трибунасынан да айтылды. Кадамжайлык айрым тургундар да ушундай пикирде.

Кадамжай районундагы Мукадас Мамадалиева иштеген май куюучу бекет Ош-Баткен жолунун боюнда. Мукадастын айтымында, Баткен облусун көздөй агылган бензовоздор бир нече. Ошентсе да аймакта күйүүчү майдын баасы Ош, Бишкекке караганда бир топ жогору.

Баткен-Ош жолунун Кадамжайдын Халмион айылынын тушундагы бөлүгү.
- Кадамжайда Аи-93 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 42 сом 50 тыйын, дизель 40 сом 90 тыйын. Үч-төрт айдан бери ушундай, баа бирде төмөн, бирде өйдө болуп келатат.

- Бул бензиндин Тажикстанга ташылып атканынан улам деп айтып атышат го?

- Мен түнкү нөөмөткө калганда көрөм. Бензовоздор өйдөгө (Баткен району жакка) карай тынбай өтүшөт. Бир түндө 7-8 бензовоз өтөт го кеминде.

Күйүүчү май аткезчилиги тууралуу маселе тээ жаз айларында эле көтөрүлгөн. Анда да Баткен аркылуу Тажикстанга күйүүчү майлар агылып кетип бараткандыгы айтылган. Буга улай эле бийликтегилер мыйзамсыз реэкспортту токтотууга убада беришкен болчу.

Ошого карабастан карамай аткезчилиги токтогон жок дешет кадамжайлык таксисттер. Алар мындай оюн Кадамжай аркылуу Баткенге күн сайын өтүп жаткан бензовоздордун санына негиздешет.

Баткенди көздөй жөнөгөн унаалар.

- Бул көрүнүш бир жылдан бери болуп атат. Ана, көрүп атасыз дагы бири кетти. (Ошол учурда жолдон бир бензовоз өтүп кетти). “Камаз” маркасындагы мына ушундай 15 тонналыктар, кытайлык “Хова” маркасындагы кырк тонналык бензовоздор өтөт. Сен ушул жерден эсептеп отур бир сутка, көрөсүң канча өтөрүн. Мынча күйүүчү май менен Баткен тургай Кыргызстан көл болуп кетет.

Эсептеп көрмөккө Кадамжайдан 50 чакырым ыраактагы Кызыл-Кыя шаарына жөнөдүк. Бир саат жол жүрүп боорунда “огнеопасно” деген жазуусу бар бензин ташыган тогуз унааны көрдүк.

Кадамжайдын босогосунда бажыкана бар. Ал жердеги салык кызматкери Жаркынбек Миталипов мындай маалымат берди:

- Азыр (саат 15ке карата) 10 машине өттү. Мурунку кезекте турганымда бир суткада 36 бензовоз өткөн. Ар кандай сыйымдуулукта 4 тонналыгы, 21, 38 тонналыктары бар. Көбүнчөсү 21 тонналык безовоздор өтүшкөн. Бензин, солярка жүктөлгөн аларга.

Минтип бензин ташыган унаалар Баткенди көздөй күндөп-түндөп агылганы менен аймакта күйүүчү май кымбат, а түгүл тартыш болгон жерлер да бар. Күйүүчү майдын кымбаттыгы башка товарларга, жол киреге да таасирин тийгизүүдө.

Кадамжайлык Чолпон Нуралиеваны угалы:

- Жол кире кымбаттап калды. Эки ай мурда Кызыл-Кыя-Кадамжай таксиси 80 сом болсо, азыр 100 сом болуп калды. Бензин кымбат деп азык-түлүктөрдүн баасын көтөрүп ийишти. 5 литрлик суу май 480 эле азыр 530 сом болду. Кийим кеченин баасы жогорулады.

Бул арада Кадамжай аркылуу өткөн Ош-Баткен жолунан кара май ташыган унаалар тынбай өтүүдө...

XS
SM
MD
LG