Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Текебаев: Коалициядагы фракциялар ичинде байлык талаш жүрүүдө


Күйүүчү май аткезчилиги боюнча суроолорго “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жооп берди.

Жогорку Кеңештин кечээги сессиясында "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү майды контрабандалык жол менен ташуу уланып жатканын айтып, муну токтото албай жатканы үчүн бийликти айыптаган. Бирок ушул эле күнү кечинде ИИМдин уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Калыбек Сатыбалдиев күйүүчү май контрабандасы менен алектенген компаниялардын биринин негиздөөчүсү "Ата-Журт" фракциясынан депутат Азамат Арапбаев деген маалымат тараткан. Бул маселенин тегерегиндеги кырдаал боюнча “күйүүчү майды сыртка экспорттоого тыюу салуу тууралуу” мыйзамдын автору Өмүрбек Текебаевди сөзгө тарттык.

- Өмүрбек мырза, “Ата-Журт” лидерлеринин билдирүүсү менен ИИМдин маалыматы эмнени каңкуулайт, бул коалициялык өкмөттөгү партиялар ынтымагынын ыдырай баштаганы эмеспи?

- Кыргызстандагы мунай жана газ боюнча мыйзамда өлкөдөн мунайзаттарын сыртка ташуу тыюу салууга мүмкүнчүлүк жок эле. Бул боюнча мыйзам долбоорун мен төрт ай мурун киргизип, бирок бийлик партияларынын каршылыгы менен ал мыйзам өтпөй келген. Муну менен бийликте турган фракциялар жана депутаттар Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү майды экспорттоого кызыкдар экендигин ошондо эле көрсөтүп койгон. Негизинен булар күйүүчү май менен соода кылган депутаттар болчу. Ошого карабастан мыйзам кабыл алынып, Алмаз Атамбаевдин өкмөтү сыртка күйүүчү май чыгарууга тыюу салды. Бирок ошого карабастан күнүнө 800 тоннага чейин күйүүчү майлар Тажикстанга чыгып жатат. Баткен жана Лейлек райондорунун жашоочуларынын айтуусунда, бул контрабанданын үстүндө бийлик органдары жана бир нече фракциянын чоң кызматтагы адамдары турушат.

-Майдын Тажикстанга контрабандалык жол менен ташылып жатканы ачык айтылып жатканына төрт-беш айдын жүзү болуп калды. Акыркы ирет бул маселе биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов 16-августта өткөргөн жыйында каралганы, тийиштүү кызматтарга катуу тапшырма берилгени айтылган. Эгер контрабанда токтобой жатканын эске алсак, ага калканч кылгандар чоң позициядагы адамдарбы? Алсак Баткендин губернатору да атайын өз кишиден коюлган деген пикирлер бар…

-Аткезчилик уюштуруу ишинде бардык деңгээлдеги кызмат адамдары, өзгөчө күч органдарынын өкүлдөрү аралашкан. Антпесе өкмөттүн тыюу салган токтомун аткаруу жеңил эле болмок. Эң негизгиси – бул жерде күйүүчү майды сыртка ким ташыйт? Мына ушунун айланасында күрөш болуп жатат. Союздаштардын, коалициялардын ортосунда дагы жеке кызыкчылык болуп, алар бир келишимге келе албай жатышат. Ошондуктан, бир фракциянын өкүлү өз ишин улантып жатса, экинчи фракциянын өкүлүнө тоскоолдуктар жасалып жатат. Мен ИИМ өкүлүнүн билдирүүсүн коалициянын ичиндеги фракциялардын ортосундагы байлык талашуу катары баалайт элем.

- Демек, сиздин пикириңизче күйүүчү майды Тажикстанга “Ата-Журт” фракциясынан депутат ташыбаган күндө да “Республика” же Социал-демократиялык партиялардан кимдир-бирөөлөр баары бир ташымак турбайбы? Өкмөттүн токтому баары бир аткарылбайт экен да...

- Менде Социал-демократтар фракциясына шегим жок, ал эми берки эки фракция, партия тынымсыз ташып атышат. Майда-барат ишкерлерди кармап, алардын жолун тосуп, эң чоң партияларды чыгарган ишкерлерге шарт түзүп берип атышат. Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чакырымдап тизилген күйүүчү май ташыган унаалар үзгүлтүксүз майларды чыгарып жатат. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, мындан бир нече ай мурун 1-вице-премьер-министр, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун компаниясы Тажикстанга ташып бараткан 200 тонна күйүүчү май кармалды деген маалыматты “Ар-Намыс” партиясынын депутаты Камила Талиева парламентке алып чыккан эле. Бирок бир нече күн ичинде бул чатак басылган, документтер өзгөртүлүп, башкача маалымат келген.

- Андай болсо күйүүчү май аткезчилигин токтотуу тууралуу тапшырманы өзү берип жаткан 1-вице-премьер-министрдин аракетин кандай баалайбыз?

- Билбейм... Өкмөт өзүн-өзү кантип токтотот билбейм. Анткени мына ошолор күйүүчү май аткезчилигин негизги уюштуруучулары болуп эсептелишет.

- Өткөн жылдарда Орусия Кыргызстанга Бажы төлөмүсүз берилген май Ооганстанга реэкспорттолуп жатат деген негиз менен кошумча төлөм киргизген эле. Тажикстан майды Орусиядан пошлина менен алат, ал эми Кыргызстан анысы жок алууда. Контрабанда токтобосо, бул факт Орусияга бааны дагы көтөрүүгө шылтоо болбойбу?

-Андай шылтоо болуп бериши мүмкүн. Ошондуктан, өкмөт көз жаздым кылыш үчүн күйүүчү майды сыртка ташууга тыюу салган токтомду кабыл алып койду. Бирок бул кагаз жүзүндө гана. Бул Орусия жана башкаларга өкмөт колдон келгенди жасап атат деп айтуу үчүн гана. А иш жүзүндө Кыргызстан үчүн келген майлар жеке кызыкчылык үчүн башка мамлекеттерге чыгып кетип жатат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG