Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Аткаминер Мамкаттоону жер каратты


Иллюстрация
Иллюстрация

Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Шерипов башка кызматкер менен чогуу бир жарандын баасы 7 миң долларлык эки унаасын тартып алып, 550 миң сом акча талап кылганын УКМК кабарлоодо. Мамкаттоо кызматы бул Шериповдун жумушуна эмес, жеке иштерине байланыштуу экенин билдирди. Бирок адистер коррупцияга күрөш ырааттуу болбой жатканын сынга алууда.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына Мамкаттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шериповдун үстүнөн бир жарандан арыз түшүп, анын негизинде ал пара алып жаткан жеринен, шериги менен кошо колго түшкөн. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов буларды билдирди:

- Каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов өзүнүн кызматкери менен көмүскө бүтүм түзүп, карыз-милдеттенмесин шылтоолоп, арызданган жарандын “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү эки унаасын жана паспортун тартып алган. Ошондой эле алар жарандан 550 миң сом акча каражатын талап кылган. Алар ошонун 100 миң сомун пара катары алып жаткан учурда кармалышты.

Бул деген ошол чиновниктердин арааны ачылып, “жесек, алсак” деген нерсе менен жашап калганын көрсөтөт да. Бул ошо ар бир мамлекеттик мекеме коррупция менен күрөшпөй атканынын далили.
Нурипа Муканова

Окуя боюнча Шериповго жана мекеменин дагы бир кызматкерине карата кылмыш иши козголуп, экөө тең Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Кылмышка шектүү Нурлан Шерипов Мамкаттоо кызматынын статс-катчылыгына былтыр июль айында дайындалган. Ал мекемеде кадрдык, каржылык жана уюштуруу маселелерин тейлечү.

Мамлекеттик каттоо кызматы болсо Шериповдун коррупциялык иши анын жумушуна тиешеси жоктугун билдирүүдө. Алар ошондой эле бул мекемеде коррупция дээрлик кыскарганын айтышууда. Мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Эржигитов мындай деди:

- Мамлекеттик каттоо кызматы коррупцияны азайтуунун үстүнөн иштеп жатабыз. Биринчиден, кызмат көрсөтүүнү, тейлөөнү жеңилдетүү, жөнөкөйлөтүү аркылуу паракорчулукту кыскартып жатабыз. Экинчиден, кызматкерлердин өзүнүн ичинде профилактикалык аракеттерибиз арбын. Мына ошол иштердин жыйынтыгы жемишин берип жатат. Шериповдун кармалышы деле ошонун чети, коррупцияга каршы күрөштүн жемиши деп айта алабыз. Бирок Шериповдун пара алып жаткан окуясы анын кызматтык ишмердүүлүгүнө, кызмат орунуна эч тиешеси жок. Ал ошол жеке жумуштарына байланыштуу иш экен.

Деген менен жыл башында эле ушул эле Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине карата жасалма күбөлүк жаздыруу боюнча кылмыш иши козголгон эле.

УКМК алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мындан сырткары жыл башынан бери Кыргыз улуттук университетинин проректору Нурзак Асанбековду кармаган. Медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровду пара алды деп кармаганы жаткан учурда ал каза болуп калган.

Жогорку Кеңештеги “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев буларга токтолду:

- Коррупцияга каршы күрөш аябай жемиштүү жүрүп жатат. Президент айткандай, “эч бир адамга кол тийбестик берилген жок”. Кайсы кызматта экенине карабай баарына бирдей пара алса кылмыш иши козголуп жатат. Азыр мурдагыдай башаламан заман эмес. Акаевдин, Бакиевдин убагында министрликтер, башка кызмат орундары ачык эле айтылып мамлекеттик система коррупцияга батып калган. Бүгүн кудайга шүгүр андай нерсе жок.

Ошол эле учурда бийликтин коррупцияга каршы аракети ырааттуу жүрбөй жатканын айткандар да четтен чыгат. “Коррупцияга каршы күрөшүү ишкер кеңешинин" төрайымы Нурипа Муканова мындай деди:

- Статс-катчы деген бул эми ошол Мамлекеттик каттоо кызматында паранын алдын алуу, коррупцияны көзөмөлгө ала турган киши да. Анан ал өзү пара менен кармалып атса бул эмнени көрсөтөт? Бул деген ошол чиновниктердин арааны ачылып, “жесек, алсак” деген нерсе менен жашап калганын көрсөтөт. Бул ошо ар бир мамлекеттик мекеме коррупция менен күрөшпөй жатканынын далили. Алар өзүнүн ичинен тазаланбай жатышат.

Муканованын айтымында, былтыркы жылы Башкы прокуратура коррупцияга байланыштуу 900дөй кылмыш ишин козгосо, Ички иштер министрлиги 600дөй жана Финполиция да ушунча иш ачкан. Бирок бул иштердин канчасы сотко жетип, канча айыпкер жоопко тартылганы белгисиз дейт ал.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG